Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:43

Өзбекстанда тажик поезди кырсыкка учурады


Кечээ Өзбекстандын Жиззах облусунда Тажикстандын поезди кырсыкка учурап, анда бараткан аскерлердин ичинен ондогон киши жаракат алды. Алдын ала маалыматтар боюнча, окуядан эч ким набыт болгон жок. Кырсыкка эмне себеп болгону белгисиз.

Кырсык 10-октябрда эртең мененки саат 10дон кийин болгон делет.

Тажикстандын баш калаасы Дүйшөмбүдөн өлкөнүн түндүгүндөгү Согди облусунун Канибадам шаарына жетиш үчүн поезд Өзбекстандын аймагы аркылуу өтүшү керек. Ал Өзбекстандагы Жиззахтын Галлаарал районуна жеткенде бир нече вагону рельстен чыгып кеткени айтылды.

Бирок поезддин орто жагындагы вагондордун каттамдан чыгып кетишине эмне себеп болушу мүмкүндүгү тууралуу азырынча өзбек тарап да, тажик тарап да эч кандай маалымат берише элек.

Бул поездде жакында эле тажик армиясына кызматка алынган кеминде 200 аскер болгон. Жиззахтын борбордук ооруканасы “Азаттыкка” 65 адам түрдүү жараат алганын, алардын ичинде оор жаракат алган сегиз аскер бар экенин билдиришти.

Тажикстандын Аскерий комиссариатынын Согди облусу боюнча бөлүмү кийинчерээк бизге аскерлерди ушул эле күнү кечинде Тажикстандын Кыргызстан менен чектеш Хожент шаарына башка поезд менен жеткиришерин айткан. Бирок оор жараат менен жаткандар азырынча Жиззахтагы ооруканада болушаарын маалымдашты.

Түнкү саат 11ге чукул жаракат алган аскерлерди ташыган поезд Хожент шаарына жеткирилгенин бизге окуяга күбө болгон кабарчыбыз Масум Имомов телефон аркылуу билдирди.

"Алар келишти. Көп аскерлер жаракат алышкандыктан өздөрү баса албайт экен. Аларды замбилдер менен азыр “тез жардам” кызматынын машинелерине салып жатышат, - деди ал. - Мен поездден алысыраакта турам, журналисттерди ал жакка киргизишкен жок. Жаракат алгандар көп экен".

Тажикстандын Ички иштер министрлиги болсо андан бир аз мурдараак 33 адам түрдүү жарааттар менен Жиззахтын ооруканаларына жеткирилишкенин билдирди. Министрликтин маалымат катчысы Фаридун Махмадалиев “Азаттыктын” тажик редакциясына сүйлөп, алардан Өзбекстанга “Тажик темир жолдору” ишканасы, Транспорт министрлиги жана Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнөн куралган атайын комиссия жөнөтүлгөнүн айтты.

Хожентте аскерлерди тосуп алууга кеминде алты “тез жардам” машинелери, ондогон аскер күчтөрү чогулушканын биздин кабарчыбыз кошумчалады.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG