Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:39

Тажикстандын Эл акыны, СССРдин акыркы Жогорку Кеңешинин депутаты болгон Гүлрухсор Сафиева Кыргызстанда таанымал инсан. Ал 1990-жылдары өзү күбө болгон окуялар, Бишкек менен байланышы тууралуу Прагадагы студияда маек курду.

"Азаттык": Сиз жанараак “мен Кыргызстандын эжеси болом” деп тамашалап калдыңыз, мен да сизге Гүлрухсор эже деп кайрылайын.

Гүлрухсор Сафиева: Мен тамашасы жок эле чындыкты айттым (күлөт).

"Азаттык": Биз сизди Кыргызстанда бат-баттан көрүп турчу элек, сиз өлкөдөгү чоң окуяларга катышып, теледен чыгып калчусуз. Ошол 1990-жылдары Бишкекте жашап калдыңызбы?

Гүлрухсор Сафиева: ​Жок, такай жашаган жокмун, бирок тез-тез барып турчумун. Мен жаш кезимен эле Кыргызстанды, кыргыз элин жакшы көрөм. Чыңгыз Айтматов чыгармачыл устатым болуп калды. Ал да Тажикстанды, Душанбени жакшы көрчү, бири-бирибизге барып келип турчубуз. Тажикстанда жарандык согуш башталганда, тагдыр ушундай экен, бир тууган кыргыз эли боорукердик, мээрмандык касиетин көргөзүп, башпаанек сурап, жапа чеккендердин баарын кабыл алды. Биздин улуттук трагедияга чын дилинен күйүп-бышып туугандык мамиле кылды. Менин уулум ошол кезде Бишкекте жашап калды. Мен да бат-баттан барып, бир нече айлап туруп калчумун. Анткени Бишкекте өзүмдү үйдө жүргөндөй сезчүмүн. Ал күндөрдү биз эч убакта эсибизден чыгарбайбыз. Ар кандай конференция, чыгармачыл кечелерге такай чакырып, калыстарга кошуп турушчу. Ошол жылдары эки эл ортосунда бир бекем көпүрө куруп баштаганбыз. (Г. Сафиевага ошол кездеги кыргыз бийликтери башпаанек сунуштап, согуш оту тутанган өлкөдөн чыгып кетүүгө жардам бергени маалымат каражаттарында көп эле жазылган).

Жерге-Тал бизди бириктирип турат. Биз эч качан бири-бирибизден алыстай албайбыз. Кимдир бирөө бизди уруштургусу келип от жакса да эчтеме чыкпайт.

"Азаттык": Жакында эле Тажикстандагы ошол жарандык согуш жылдары Кыргызстан 50 миңдей тажик жаранын кабыл алганын, алардын арасында 40тан ашуун өкмөт, парламентте иштеген адамдар болгонун окуп таң калдым. Жакында эле болгон ушул окуялар элдин эсинен чыгып, эки эл ортосу бир аз алыстап бараткандай. Сиз да мурдагыдай бат-баттан келбей калдыңыз.

Гүлрухсор Сафиева: ​Антип деле айта албайм. Эки-үч жыл мурдараак эле менин чыгармаларымдын бир томдугу кыргыз тилинде китеп болуп жарыяланды. Сүйүнбай Эралиев аксакал, дагы башка акын-жазуучулар ошол китепте мен тууралуу жылуу пикирин жазышыптыр. Бизде Жерге-Тал бар эмеспи. Ал жерде кандай бир керемет, сулуу кыргыз, тажиктер жашайт. Аралашып, уул берип, кыз алышып, бир эл болуп калышкан. Жерге-Тал бизди бириктирип турат. Биз эч качан бири-бирибизден алыстай албайбыз. Кимдир бирөө бизди уруштургусу келип от жакса да эчтеме чыкпайт. Эки эл эгиздей эле болуп калышкан. Биздин жашыбыз өйдөлөп, мурункудай көп каттай албай калдык, силер катташкыла эми. Мен кыргыздарга таеже болом деп кайталап айтып жүрөм дайыма, Манастын байбичеси Каныкей тажиктин кызы болгон эмеспи...

"Азаттык": Сиз Аскар Акаев, Чыңгыз Айтматов менен бирге СССРди кайра курууну максат кылган реформачыл Жогорку Кеңештин депутаты болгонсуз. Ошол сиздер катышкан тарыхый окуялардын шарапаты менен биздин өлкөлөр эгемендикке жетишкен. Быйыл Кыргызстан, Тажикстан жана башка коңшулар эгемендиктин 25 жылдыгын майрамдашат. Артка көз чаптырсак, 25 жыл мурдараак биздин өлкөлөр, коомубуз азыркыдай болуп өзгөрөт деп элестеттиңиз беле?

Гүлрухсор Сафиева: ​Убакыт ордунда турбайт экен, чыныдагы суу деле бузулат турбайбы. Биз ал кезде Советтер Союзу деген килейген өлкө бир күндө кулап каларын элестете албайт элек. Мен Жогорку Кеңештин депутаты катары Лондондо жүргөм. Ошондо Советтер Союзунун желегин ылдый түшүрүшүп, мындан ары андай өлкө жок деп жарыялашканда, аябай ыйлаганым эсимде. Өткөндү кайтаруу мүмкүн эмес экенин аңдап турдук, бирок эртең эмне болорун билбейт элек, элестетүү кыйын болчу. 25 жыл деген тарых үчүн кыска эле убакыт. Биздин мамлекеттер жаңыдан бутуна туруп там-туң басып келаткан наристедей эле. Элибиз эми жаңыдан өзүлөрүнүн ким экенин таанып үйрөнүп келатат, баарылап жаңы мамлекеттерди куруп атабыз. Мунун баары татаал жараян, бир күндө баары курулуп калбайт.

Азыркы саясатчылардын көбү илим-билимден алыс адамдар. Маданий байланыштарды тереңдетишибиз керек. Эмне үчүн тажик адабиятынын күндөрү Кыргызстанда, кыргыз адабиятынын күндөрүн Тажикстанда өткөрө албайбыз?

"Азаттык": Советтер Союзу кулаганда чыгармачыл интеллигенция мурунку баалуулуктардын ордун эмнелер басат, баскан-тургандын баары коммерциялашып, жеке адамдын кызыкчылыгы биринчи планга чыкканына чочулоо менен карап, кайда баратабыз дегендей күмөн санашкан. Эми 25 жылдан кийин жаңы принциптер, жаңы максаттар менен жашаган коом акырындап калыптанып баратканы байкалат. Өнүгүү жолуна түштүкпү?

Гүлрухсор Сафиева: Ошол өнүгүү жолунда баратабыз деп ишенем. Мен кайда, качан болбосун өзүмдүн поэзия дүйнөмдө жашап, ыр жазып, иштеп өзүмдү алаксытам. Өзгөрүүлөрдөн корккон эмесмин. Бизде жарандык согуш башталганда да коркуп отуруп калбай тынчтыкка канткенде жетишебиз, бирдеме кылалы деп жүгүрүп жүрдүм. Касташкан тараптардын эң алгачкы элдешүү келишимине Кыргызстанда кол коюлганын эч качан унутпайбыз. Тажикстандын бийлиги менен оппозициясы Бишкекте жолугуп, эң биринчи тынчтык сүйлөшүүсүн өткөрүшкөн, бул окуялар тарыхка чоң тамга менен жазылып калды.

"Азаттык": Ошентсе да, улам барган сайын байыркы коңшулар – кыргыздар менен тажиктер, кыргыздар менен өзбектер ортосунда ар кандай майда чыр-чатак, чек арадагы жаатташуу көбөйүп баратканын көрүп турабыз. Эмне үчүн Борбор Азия деген бир чөлкөмдүн башкаруучулары бири-бирин угуп түшүнүү ниетин, жалпы аймактын өнүгүүсүнө шарт түзө турган тилектештигин көргөзө алышпайт?

Гүлрухсор Сафиева: Ал үчүн биз маданият, адабият аркылуу саясатты өзгөртүшүбүз керек. Саясат деген чоң илим, өкүнүчкө карай азыркы саясатчылардын көбү илим-билимден алыс адамдар. Маданий байланыштарды тереңдетишибиз керек. Быйыл биз канчадан берки менин кыялымды ишке ашырып, улуу акын Рудакинин кечесин өткөрдүк. Акбар Рыскулов абдан сонун сөз сүйлөдү ал жыйында. Эмне үчүн тажик адабиятынын күндөрүн Кыргызстанда, кыргыз адабиятынын күндөрүн Тажикстанда өткөрө албайбыз? Акыр аягында дүйнөнү адабият, поэзия, искусство, сулуулук сактап калат, ушуну унутпасак.

"Азаттык": Рахмат маегиңизге. Кыргызстанга келип туруңуз, жакында көрүп калабыз деп үмүттөнө туралы.

Маектин орус тилиндеги толук мазмунун бул жерден көрө аласыздар:

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG