Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:45

Украинада Тажикстандын экс-премьери кармалды


Мурдагы премьер-министр Абдумалик Абдуллажанов
Мурдагы премьер-министр Абдумалик Абдуллажанов

Тажикстандын мурдагы премьер-министри Абдуллажанов 5-февралда Киевдин Борисполь аэропортунда камакка алынды.

Бул маалыматты” Эл аралык кылмыш полициясы - Интерполдун Украинадагы өкүлү “Азаттыкка ырастады. Украинанын ички иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Ирина Лемешева “Азаттыктын” тажик кызматынын: “Абдумалик Абдуллажанов эмне себептен кармалды?” деген суроосуна, экс-премьер-министр бир катар оор кылмыштарды жасаганы үчүн камакка алынганын жана чукул арада соту болорун билдирди. Интерполдун билдиришинче, Абдуллажанов эл аралык кылмыш топторун түзгөнгө жана терроризмге катыштыгы бар деп, эчактан бери издөөдө жүргөн.

ИНТЕР ФАКС агенттиги Тажикстандын күч органдарына шилтеп, ырасмий Душанбе Абдуллажановду өткөрүп берүүнү Украинадан сурарын кабарлады.

Тажик бийликтери Абдуллажановду 1997-жылы 30-апрелде Хужанд шаарында президент Эмомали Рахмонго жасалган кол салууга, 1998-жылы Согди облусундагы согушчандардын чабуулуна тиешеси бар жана экономикалык кылмыш жасаган деп күнөөлөп келет.
Президент Эмомали Рахмон Мургабда. 25-июнь 2010
Президент Эмомали Рахмон Мургабда. 25-июнь 2010
64 жаштагы Абдумалик Абдуллажанов тыш өлкөлөрдүн маалымат булактарында Эмомали Рахмонду президенттиктен оодара алчу олуттуу саясатчы катары сыпатталып жүрөт.

Күчтүү чарбагер, теги хужанддык Абдуллажанов 1992-93-жылдары 12 ай ашык өкмөттү жетектеп, кийин Тажикстандын Орусиядагы элчиси болуп дайындалган. Ал эми 1994-жылкы президенттик шайлоодо Рахмондун атаандашы болгон.

Абдуллажанов “Азаттыкка” берген акыркы интервьюсунда президенттик шайлоодо ал жеңгенин айтып, Рахмонду добуштарды уурдап алды деп айыптаган. Эмомали Рахмондун жеңиши жарыялангандан кийин Абдуллажанов бийлик куугунтукка алат деген жүйөө менен Орусияга чыгып кеткен. А 1998-жылдан бери Америка Кошмо Штаттарында жашачу.

Экс-премьер-министр Абдуллажановдун Киевде камакка алынуусу быйыл ноябрда Тажикстанда болчу кезектеги президенттик шайлоого даярдык жүрүп жаткан кезге дал келди. 61 жаштагы азыры президент Рахмондун бул шайлоого катышары айтылууда. Бирок Рахмон менен тайманбай бийлик талаша алчу атаандаштардын көрүнүктүүлөрү же абакта отурат же бозгун болуп жүрөт.

Тажикстан демократиялык партиясынын мурдакы лидери Махмадрузи Искандаров жети жылдан бери абакта. Ал террорчулук кылган, экономикалык кылмыш жасаган деп айыпталып, 23 жылга кесилген. Өлкөнүн мурдакы ички иштер министри Якуб Салимов өкмөттү кулатуу үчүн кутум уюштурган деп айыпталып, 2005-жылы 15 жылга соттолгон. Искандаров менен Салимов Орусиядан кармалып, анан Душанбеге өткөрүп берилген.

Былтыр 24-декабрда Дубайда анча белгисиз оппозициячыл “Группа 24” уюмунун башчысы Умарали Куватов кармалган. Тажик бийликтери бизнесменди 1, 2 млн. долларды уурдаган деп күнөөлөөдө жана Бириккен Араб Эмирлигинен өткөрүп алганга аракет кылууда. Куватов кээ бир маалыматтарга караганда, президент Рахмондун үй-бүлөсүнө жакындыгынан пайдаланып, бизнесте чоң ийгиликке жетишкен.

Тажик өкмөтү бийликти басып алганга аракет кылган деп күнөөлөп, Интерпол аркылуу издөө салган саясатчылардын арасында өлкөнүн мурдакы вице-президенти Нарзулло Дустов да бар.

XS
SM
MD
LG