Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:03

"Жамаат Ансаруллонун" он мүчөсү кесилди


"Жамаат Ансорулла" тобунун мүчөсү, Тажикстан, 2011-жыл.
"Жамаат Ансорулла" тобунун мүчөсү, Тажикстан, 2011-жыл.

Тажикстандын түндүгүндө жайгашкан Согди облустук соту жергиликтүү 10 тургунду он жылга чейин эркинен ажыратты. Аларга коңшу өлкөдө тыюу салынган “Жамаат Ансарулло” уюмунун мүчөсү деген айып тагылган.

Согди облусунун Исфара районунун 30-38 жаштагы тургундары "Жамаат Ансарулло" уюмуна Орусияда мигрант болуп жүрүп кошулган деген шек менен быйыл январда өз өлкөсүндө камалган.

Февраль айында Истравшан шаардык соту бул топтун мүчөсү деп айтылган 13 адамды эркинен ажыраткан. Мартта дагы бир адам ушундай эле айып менен тогуз жылга абакка кесилген.

Тажик бийликтери “Жамаат Ансаруллого” мурдагы талаа командири, 1992 - 1997-жылкы жарандык согуш аяктагандан кийин Ооганстанга, андан ары Пакистанга ооп кеткен Амриддин Таббаров жетекчилик кылат деп айтып келишет.

Бул топту 2006-жылы Пакистандын аймагында "Өзбекстан ислам кыймылынын" мурдагы мүчөлөрү негиздеген деген да кеп бар.

Биринчи жолу “Жамаат Ансарулло” кыймылынын аты 2010-жылдын күзүндө билинген, Коженттеги милициянын уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн имаратындагы теракт үчүн жоопкерчиликти дал ушул топ моюнуна алган. Ал кол салууда үч адам набыт кетип, 30дайы жарадар болгон эле.

Расмий Дүйшөмбү учурда “Өзбекстан ислам кыймылынын” бир канаты катары саналган бул топтун 2011-жылы Рашт өрөөнүндө жок кылынган согушкерлерге дагы тиешеси бардыгын билдирген.

Соңку кездерде Ооганстанда жана Пакистанда жандана баштаган “Өзбекстан ислам кыймылын” АКШнын Мамдепартаменти террордук уюмдардын тизмесине киргизген жана дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө тыюу салынган. Бир кезде өзөгү Борбор Азиядан чыккан бул кыймылдын “ал-Каида” жана “Талибан” менен байланышы бар деп айтылып келет.

Ал арада 4-майда Тажикстанда башкаларды Сирияга "жихадга" үндөп жүргөн деген шек менен Түркиянын 50 жаштагы жараны кармалды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына ылайык, Мехди Якуш Рудаки районунун тургундарын Түркияга жумушка чакырып жүргөн.

Ал Тажикстанга 16-мартта туристтик виза менен кирип, тажик жарандарын Түркиянын Сирия менен чектешкен аймактарында ишке орноштурууну убада кылган.

Жыл башында президент Эмомали Рахмон интеллигенция өкүлдөрү менен жолугуп жатып, өлкөнүн секулярдык, так айтканда, мамлекет менен дин ажыратылган нукта өнүгүшү зарыл экенин айткан.

Соңку кезде өлкөдөгү диний кырдаалга жана ар кай жердеги согуштук топтордо тажикстандыктардын саны көбөйгөнүнө байланыштуу расмий Дүйшөмбү кыздарга мектепте хижаб кийүүгө тыюу салып, четтеги диний окуу жайларда билим алып жаткан миңдеген студенттерди өз үйүнө мажбурлап кайтарды.

Расмий маалыматтар боюнча Сирия менен Ирактагы экстремисттердин катарына 300дөй тажик жараны согушуп жүрcө, бейрасмий маалыматтарда алардын саны миңден ашат.

XS
SM
MD
LG