Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:49

Тажикстанда ташкындаган дарыялар жана сел алып келген кырсыктардан алты адам өлүп, беш адам дайынсыз болууда.

Суу ташкындары айыл-кыштактардагы социалдык-экономикалык имараттарды да кыйратып кетти. Ага байланыштуу Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Душанбедеги дипломатиялык өкүлчүлүктөргө, эл аралык уюмдарга жардам сурап кайрылды.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, Пянж, Вахш, Зеравшан, Каферниган, Исфара жана Исфана дарыяларынын деңгээли жылдагыдан бийик көтөрүлүп, сел жана суу ташкындары жүргөнү айтылат. Буга быйылкы адаттан тыш ысык аба ырайы, мөңгүлөрдүн көп эриши себеп болгон.

Алдын ала маалыматтарга караганда, суу ташкыны Тоолуу-Бадахшан автоном облусунун Шунган районуна өзгөчө зыян алып келген. Селдин айынан деңиз деңгээлинен 2,5 миң метр бийик жайгашкан Гунд дарыясы таш жана ылай сууларга толуп, көлгө айланган жана бир маалда төмөн карай агып жөнөгөн. Анын айынан жолдор, электр тогун өткөргөн зымдар, дыйканчылык талаалары, үйлөр жана башка социалдык-экономикалык объекттер кыйроого учураган.

Тоолуу-Бадахшан автоном облусунун Шунган районуна караштуу Бердикобод айылынын Муким аттуу тургуну абалды мындайча сүрөттөдү:

- Азыр кырдаал дурус. Бирок кырсыкта күтүүсүздөн эле суу өтө көп келип, айылды каптап кетти. Элдин баары эң зарыл нерселерди гана алып, тоону көздөй качып жөнөдү.

Тоолуу-Бадахшан автоном облусундагы Хорог-Мургаб жолунун төрт чакырым жери толук бузулуп, республикалык деңгээлдеги Душанбе-Кулма жолу жабылып калган. Бир мектеп, алты дүкөн, эки адамдар өтчү, дагы эки машина өтчү көпүрө керектен чыккан. Ошондой эле бир май куюучу жай, алты автомобиль, 300 миң дарак зыян тарткан.

Табият кырсыгынан үч айылы жабыркаган Шугнан районунун акими Азиз Гийеев “Азаттыктын” тажик кызматына буларды айтты:

- Айрым үйлөр толугу менен бузулуп калды. 8 үйгө жарым-жартылай, ал эми калган үйлөргө толугу менен суу толуп кеткен. Жалпысынан 72 үй жабыркап, тургундар там-жайсыз калды.

Тажикстандагы суу ташкыны жана жер көчкүдөн алты адам каза тапты, дагы беш адам изделүүдө. Табигат кырсыгы болуу коркунучу кошуна өлкөнүн Кыргызстан менен чектешкен Согди облусунда да жогору бойдон калууда.

Тажик эли жардам чогултуп жатат

Тажик эли жардам чогултуп жатат

Ал эми Тышкы иштер министрлиги табигат кырсыктарынан келген зыянды калыбына келтирүү үчүн эл аралык уюмдардан жана чет мамлекеттерден 100 миллион доллар жардам сурады. Ал арада өлкөнүн ичинде кырсыктан жабыр тарткандарга жардам жөнөтүү иштери башталды. Душанбенин тургуну Фируз Шогунбеков:

- Мен табият кырсыктарынан зыян тарткан Бадахшандагы элге жардам чогултулуп жатканын интернеттен уктум. Биз үй-бүлөбүз менен акылдашып, балдардын кийимдерин жана башка керектүү буюм-тайымдарды алып келдик.

Суу ташкындоо жана сел жүрүү коркунучу Кыргызстанда да сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Кадамжай районунун аймагындагы Сох дарыясынын нугу оң тарапка бурулуп, суу тосмолоруна жана күрүч талаасына зыян алып келген. Баткен жана Кара-Суу райондорунда суунун деңгээли көтөрүлүп жана сел жүрүп, тосмолорго жана эгин талааларына зыянын тийгизген.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG