Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:29

Бул күндөрү Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик чек арасын демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча жумушчу коммиссиялардын кезектеги сүйлөшүүлөрү өтүп жатат. Комиссиянын тажик тараптан мүчөсү, Согди облусунун төрагасынын биринчи орун басары Жумабой Сангинов “Азаттыктын” тажик кызматы менен маегинде чек арадагы талаштар боюнча өз өлкөсүнүн турумун чечмеледи.

Кыргыз өкмөтүнүн вице-премьер-министри Токон Мамытовдун айтымында, эки тараптын жумушчу комиссияларынын ушул шаршембиде башталган сүйлөшүүлөрүнүн күн тартибине бул ирет Кыргызстандын өз аймагындагы жайлоону Тажикстанга ижарага берүүсү, Лейлек районунда Кулунду-Максат көпүрөсүн, Ворух анклавынын жанында Аксай-Тамдык айланма жолун куруу өңдүү маселелер да киргизилген экен.

Тажикстандык расмий өкүл Жумабой Сангинов “Азаттык” менен маегинде оболу азыркы сүйлөшүүлөрдүн максатына токтолду:

Сангинов: Эки өлкөнүн премьер-министрлеринин соңку кездешүүсүндө талаш жерлердеги чек араны аныктоо эле эмес, эки өлкөгө тең таандык, бирок коңшу мамлекеттин аймагында жайгашып калган объектилердин укуктук макамын аныктоо маселесин талкуулоо жөнүндө чечим кабыл алынган.

Мындан сырткары чек ара бекеттерине байланышкан маселени да талкуулоо менен алардын милдеттерин аныктап, эффективдүү пайдалануу жагын да кароо зарыл. Ошондой эле экономикалык, социалдык-маданий кызматташтык маселелери бар. Биз ошолорду талкуулоого кириштик.

“Азаттык”: Объекттер дегенде сиз мунай скважиналарын эске алып жатасызбы?

Сангинов: Жалгыз эле ал эмес. Совет заманынан бери коңшу өлкөлөргө караштуу, бирок тескери жакта жайгашып калган бир катар объекттер бар. Азыр алардын укуктук макамын жана колдонулушун аныктоо муктаждыгы жаралып жатат. Скважиналар жөнүндө айтсак, аларды бургулоо 1974-87-жылдардын аралыгында Канибадам районунун Ниёзбек кыштагынын айланасында ишке ашырылган.

1989-жылы ошол скважиналардын Кыргызстан аймагында жайгашкан бирөө бул өлкөнүн колдонуусуна берилген. Калган 11 скважинанын баары Тажикстан тарапта, чек ара белгиси жок аймакта жайгашкан жана такай тажик тараптын колдонуусунда болуп келген.

Бул маселени азыр кыргыз тарап көтөрүүдө. Биздин көз карашыбызда, бул талаш жөнсүз. Анткени бизге тиешелүү талаш объекттер боюнча маселени биз азырынча козгой элекпиз. Биз чын-чынына келгенде бул талаштардын негизи жок деп санайбыз.

“Азаттык”: Исфара районунун Чоркух айылында Халлоковдордун үй-бүлөсүнүн өлтүрүлүшү жергиликтүүлөрдү камтамага салгандай болду. Көптөр муну чагым деп ойлошот экен. Мындай көрүнүштөр кайталанбоосу үчүн эмне кылалы деп жатасыздар?

Сангинов: Биринчиден, кандай кылмыш болбосун, өзгөчө адам өлтүрүү олуттуу тынчсыздануу жаратат. Ал эми Халлоковдордун өлтүрүлүшүн баарыбыз трагедиялык окуя иретинде карап жатабыз. Азыр чек ара кызматы, прокуратура, милиция чогуу иштеп жатат.

Экинчиден, сот кылмышты ким жасаганын аныктамайынча, кылмыш үчүн башка тарапты айыптоо акылсыздык болмок. Бул мамлекет аралык алака-катыштын кызыкчылыгына жооп бербейт. Жумуш азыр координацияланган нукта жүрүп жатат. Ага кыргыз тарап да тартылган. Биз кылмыштын бетин ачуу баскычында турабыз, бирок тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу анын чоо-жайын азырынча жарыялай албайбыз.

Мен эң жакынкы убакта тергөө кандай жыйнтыкка келгенин айта алабыз, кылмышкер жазага тартылат деп ишенем. Баса белгилеп кетким келет, коңшу кыштактардын мамилесинде конфликттик маанай байкалбайт. Биз түшүндүрүү иштерин жүргүздүк, адамдар түшүнүүчүлүк менен мамиле кылууда, тергөөнүн жыйынтыгын чыдамсыздык менен күтүп жатышат.

“Азаттык”: Чек ара такталышын тездетүүгө аракеттенген кыргыздардан айырмаланып, тажиктер түрдүү шылтоолорго таянуу менен муну создуктурууга, артка жылдырууга кызыкдар пикирлер бар. Сиз буга эмне дейсиз? Чек ара демаркация, делимитация болгондон кийин коңшулар ортосундагы чатактар тыйылат деп ишенесизби?

Сангинов: Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиянын мүчөсү, Тажикстан менен Кыргызстан ортосундагы экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссияга кирген адам катары расмий Дүйшөмбү бул багытта колдон келгендин баарын жасап жатканын айткым келет.
Тажикстан чек ара сызыктарын аныктоо боюнча ишти тездетүүгө, коңшу кыштактар ортосунда күнүмдүк турмушта чыккан конфликттердин алдын алууга такай умтулат. Тажикстан чек ара маселелерин чечүүнү создуктурууга эч качан ниеттенбейт.

Проблема - комиссиянын Кыргызстан тараптан айрым мүчөлөрү белгилүү бир көз карашты айтып салуудан кармана албай жатканында. Бул өз кезегинде пресса жана кызмат адамдар деңгээлиндеги түшүнбөстүктөргө себеп болууда.

Буга чейин бизде чечилбей калган бир да маселе боло элек. Мен чек арадагы карым-катнаш бир калыпта эмес жана чыңалган деп айта албайм. Бүгүн дүйнөдө чек ара жаңжалдары байкалган 52 жер бар экен. Албетте жер, суу боюнча жарандык чатактар болууда. Бирок бул чатактар биздин достук мамилени солкулдата албайт. Биздин пикирибизде, Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасында чыга калып жаткан чатактарды толугу менен башкарууга болот.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG