Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:30

Тажик согушунун жарасы


Полковник Махмуд Худайбердиевдин бригадасы Дүйшөмбүнүн Турсунзаде көчөсүндө, 9-январь, 1997-жыл

Полковник Махмуд Худайбердиевдин бригадасы Дүйшөмбүнүн Турсунзаде көчөсүндө, 9-январь, 1997-жыл

Тажикстанда бүгүн Улуттук биримдик күнү белгиленүүдө. 1997-жылы дал ушул июндун соңку күндөрү тынчтык келишимине кол коюлуп, беш жылдык жарандык согуш аяктаган. Ал жарандык согуштун айыккыс жараларынын бири – 20-30 жашында жесир калган 25 миңдей тажик аялдарынын тагдыры.

1992-жылдын кышкы ызгаар күчөп турган ал күнү кандай окуялар болгонун Азиза Саидова азыр да эстеген сайын үнү каргылданып титиреп кетет. “Бүткүл жашоом, өмүрүм быркырап талкалангандай болгон. Шаарыбыз кыйрап, күйөөмдү көчөдө бараткан жеринен атып кетишти. 26 жашымда эки айлык баламды кучактап жесир калдым”, - деп баяндайт Азиза оор үшкүрүнө.

Тажикстандын түштүк жана чыгыш аймактарында Азизага окшоп жапжаш кара кийинип, жесир калган аялдардын саны 25 миңдин тегерегинде. Атасынан айрылган балдардын саны 55 миңге чукулдайт. 30га чыгып-чыкпай жесир калган келиндердин көпчүлүгү коомдук салт-санаага баш ийип, жалгыз бой энелик жашоосун улантты. Дагы миңдеген аялдар күйөөсү дайынсыз жоголгонун айтып, молдолордон кеп-кеңеш сурап кайрылды.

Жарандык согуш аяктаган 1997-жылы Тажикстандын Исламдык борбору атайын жыйын куруп, айрым диний жоболорду өзгөртүп, аялдарга карата бир топ чектөөлөрдү жумшартууга аргасыз болгон. Мисалы, шариат боюнча күйөөсү өлгөн аял бир жыл кара кийип, аза күтүшү талап этилсе, согушту баштан кечирген Тажикстанда ал мөөнөт 4 ай, 10 күн деп өзгөртүлгөн.

Кээ бир исламдык коомдордо күйөөсү дайынсыз жоголгон аял эри 99 жашка чыкканча күтүшү керек болсо, биз аны төрт жыл деп чектедик, - деп айтып берди “Азаттыкка” Хомурад молдо.

- Кырдаалды эске алып, Тажикстандын Исламдык борбору күйөөсү жоголгон аялдар жолдошун төрт жыл күтүп, ага чейин дайыны чыкпаса, башка кишиге турмушка чыга алат деген атайын фатва кабыл алган.

Ал фатвада экинчи күйөөсү мурдагы эринин жакын тууганы болушу шарт эмес деген да тактоо киргизилген. Молдолордон башка толгон-токой бейөкмөт уюмдар, эл аралык уюмдар согуштун айынан жесир калган аялдарга ар түркүн кесипти үйрөтүп, жумуш таап, балдарын багуунун жолдорун сунуштап жатышты.

Ошентсе да, эч жерде жазылбаган катаал эрежелер өкүм сүргөн Тажикстанда миңдеген аялдар туугандарынан, кайындарынан айбыгып, ошол бойдон жесирлик жашоосун улантып, өмүрүн балдарына арнашты.

28 жаштагы журналист күйөөсүн көчөдө атып кетишкен Азиза Саидова ал кайгылуу окуядан алты жыл өткөндөн кийин экинчи жолу турмушка чыгып, дагы эки балалуу болгонуна ыраазы.

- Молдого барып, өзүм жаш болсом мындан аркы жашоом кандай болот деп кеңеш сурадым. Ал "согуштун айынан ушундай тагдырга туш болдуң. Эми аза күтүү мөөнөтү аяктаганда өзүңө ылайыктуу жолдош табууга аракет кылышың керек" деп түшүндүрдү.

Азизага окшоп Тажикстандагы беш жылдык согуштун айынан жетим-жесир калгандар андай кандуу окуялар экинчи кайталанбасын деген тилек менен жашоосун улантып келет.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG