Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:51

Тажикстанда он аткаминер камакка алынды


Давлатбек Хайрзода
Давлатбек Хайрзода

Акыркы күндөрү Тажикстанда антикоррупциялык агенттиктин кеминде он таасирдүү кызматкери кармалды. Бул өлкөнүн эгемен тарыхында мурда-кийин болуп көрбөгөн көрүнүш катары сыпатталууда.

Апрель айында Тажикстанда Каржылык көзөмөл жана коррупция менен күрөш агенттигинин белдүү кызматкерлери камакка алынды.

25-апрелде антикоррупциялык мекеменин жетекчисинин мурдагы орун басары Давлатбек Хайрзода кармалганын “Азаттык” күч түзүмүндөгү булагынан гана биле алды. Ал Хоженттин аэропортунан Орусияга учарда атайын кызмат тарабынан колго түшүрүлгөн. Ага алдамчылык боюнча айып тагылып жатканы айтылууда.

Өлкө президентинин уулу Рустам Эмомали агенттикти жетектеп жүргөндө анын орун басары болгон Хайрзода 23-январда пенсияга чыккан экен. Ал бул кызматына чейин антикоррупциялык мекеменин Душанбедеги башкармалыгын жетектеген.

Жамолиддин Мухаммадзода
Жамолиддин Мухаммадзода

“Азия-плюс” маалымат агенттигинин кабарлашынча, кармалгандардын арасында уюштуруу-инспектордук бөлүмдүн башчысы Жамолиддин Мухаммадзода, жана ага тергөөчүлөр Фирдавс Ниёзбадалов менен Фируз Холмуродзода бар экени белгилүү болду.

Бул үчөө мурдагы өндүрүш министри Зайд Саидовдун кылмыш ишин тергешкен болчу. Саидов 2013-жылы мамлекет каржысын уурдоо, документ жасоо, көп аялдуулук жана башка айыптар менен 29 жылга кесилген.

Жогорудагылардын бири Мухаммадзода жетекчилик ордуна өткөн жылдын аягында эле келген экен. Андан мурда ал агенттиктин Хатлон облусундагы башкармалыгын жетектечү. Ал эмне себептен кармалганы расмий айтылбады.

Фируз Холмуродзода
Фируз Холмуродзода

Болгону “Азаттыктын” тажик кызматынын күч түзүмүндөгү жашыруун калгысы келген булагы Холмуродзода эки жума мурда атайын кызмат жана Ички иштер министрлиги тарабынан кармалганын айтат. Ал алдамчылык, кызмат абалын кыянат пайдалануу боюнча айыпталып жатыптыр.

Расмий так маалыматтын жоктугунан антикоррупциялык агенттиктин кармалган азыркы жана мурдагы кызматкерлери кеминде он, болбосо жыйырмага чамалайт дешүүдө.

Эл аралык Transparency International уюмунун 2016-жылкы коррупция деңгээли боюнча иликтөөсүндө Тажикстан 176 өлкөнүн ичинен 151-орунга коюлган. Андан мурдагы жылга караганда 15 орун артка кеткен.

Коррупция темасын иликтеген көз карандысыз адистер Тажикстан бул көйгөйдөн арылыш үчүн алгылыктуу жылышка жетпей келет дешет.

- Бул кармоолор чет элдик эксперттердин тажик мамлекеттик кызматкерлери коррупциялашкан деген анализдерин дагы бир ирет тастыктоодо. Тилекке каршы, Тажикстанда аткаминерлер такай пара алышат деген фактыны моюнга алышыбыз керек, дейт саясат талдоочу Шахдовлат Шохмусаев.

Ошол эле учурда бул көрүнүштү жакында кайра эле президенттин уулу Рустамиге кызмат ордун бошоткон Душанбенин мурдагы мэри Махмадсаид Убайдуллаевдин ишин иликтөөнүн уландысы катары карагандар бар. Узак жылдар бою башкалааны башкарган ал кишинин чарбалык иштери азыр кылдат текшерилүүдө.

Бул жаңылыктарды экономист Хочимухаммад Умаров оңунан баалайт:

- Муну уккан жарандарыбыз жеңилдей түштү окшойт. Эми аларда мамлекет, атайын кызмат бул маселеге көңүл буруп, чечүүгө олуттуу киришти деген кандайдыр бир үмүт жанды деп ойлойм. Бул иштердин баары аягына чыгарылып, башка мамлекеттик мекемелер да коррупцияга тыкыр текшерилерине мен да үмүт артып турам.

Эмомали Рахмон уулу Рустам менен
Эмомали Рахмон уулу Рустам менен

Президенттин уулу Рустам Эмомали Антикоррупциялык агенттикти эки жылдай жетектеген. Жогоруда кармалгандар анын кол алдында иштеген.

Жапырт кармоолордун шарданында президенттин уулуна да суроолор болобу деген маселе журналисттердин жообун алалбаган башкы суроосу бойдон калууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG