Линктер

Тажикстандын укук коргоо органдары Дүйшөмбүдө бала уурдоого адистешкен кылмыштуу топту кармашты. Алар азыркыга чейин дайыны чыкпай келаткан бир нече баланын жоголушуна да шектелүүдө. Бул уюшкан топтун курамында дарыгерлер да бар.

20-июлда балдарды уурдоого адистешкен уюшкан кылмыштуу топтун үч мүчөсү кармалганын Тажикстандын Ички иштер министрлигиндеги булак ырастады. Алар Ф.Б. аттуу жети жашар секелекти уурдоого аракеттенген учурда колго түшкөн. Анын маалымдашынча, окуя Дүйшөмбүдөгү "Садбарг" соода борборунун жанында болгон. Дал ошол жерден 2013-жылы беш жаштагы эгиздер Сабина менен Малика Араловалар жана беш жаштагы Осия Дилорова дайынсыз жоголушкан. Акыркы уурдалган 7 жаштагы Ф.Б. 20 мүнөттөн кийин куткарылган.

Эми 7 жаштагы баланы уурдоону уюштурган делип Дүйшөмбү шаарынын 48 жаштагы тургуну Матлюба Ахмедова кармалды.

"Азаттыктын" тажик кызматынын кабарчысы бала уурдаган топко мүчө деп кармалгандардын экинчиси медицина кызматкери Рахманали Гиёсов экенин аныктаган. Гиесовдун кесиптештери да бул маалыматты ырасташты. Андан сырткары Дүйшөмбүдө такси айдаган дагы бир киши колго түшкөн.

Матлюба Ахмедова

Матлюба Ахмедова

Тергөөнүн маалыматтарына караганда, бул топ Дүйшөмбүнүн Зарафшон шаарчасынан ижарага батир алышкан. Алар уурдалган Ф.Б.ны дал ошол батирге алып келүүнү пландашкан. Тинтүү учурунда ал батирден медициналык шаймандар, ийнелер, ооруну басуучу жана уктатуучу дарылар табылган. Уурдалган секелекти үйгө алып келүүгө камдалган машинеден адамды алсыздандыруучу суюктугу бар ийне алынган.

Ф.Б.нын апасы балдарды уурдоого адистешкен топ түзүүгө айыпталып жаткан Матлюба Ахмедова менен мурда тааныш болгонун билдирди. Ал кызы табылгандагы абалын мындайча баяндап берди.

- Биз милицияга келген учурда кызым эмне болуп жатканын билбей өзүн жоготуп коюптур. Бир сөз да айталбай койду. Эмне болуп жатканын деле түшүнө албай калган абалда экен. Милицияга рахмат, өздөрүнүн дарыгеринин жардамы менен бир нече мүнөттөн кийин кызымды тилге келтиришти. Үйдүн терезесинин алдында турганда аны бир киши атынан чакырып бир сомони бергенин айтып берди.

Учурда тергөө органдары 2013-жылдан бери дайыны чыкпаган эже-сиңди Араловалар жана сөөгү талаадан табылган Осия Диларова боюнча иштердин бети ачылганы калганын айтышууда. Алардын пикиринде, Дүйшөмбүдө секелектердин жоголушуна дал ушул топтун катышы болушу мүмкүн.

Бул арада Араловалардын туугандары Малика менен Сабина изделип жаткан учурда дал ушул Матлюба Ахмедова бала бакчага келип, секелектерди издөө иштери тууралуу сурап кеткенин эстегенин айтып чыгышты.

Азыр Ахмедова жана анын эки шеригине карата адам уурдоо беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун кабарлашты. Уурдалган төрт наристенин тең ата-энелери Матлюба Ахмедова менен мурда тааныш болушканын ырасташууда. Азырынча ал аял эмне үчүн өз тааныштарынын балдарын уурдаган деген суроого жооп табыла элек.

Өспүрүмдөр жоголгон убакта аларды ички органдарын алуу үчүн уурдашты деген имиштер күчөп кеткен. Бала уурдоого шектелип кармалгандардын арасында дарыгердин болушу жана батирден медициналык шаймандардын табылышы ал имиштерди андан бетер күчөттү. Бирок балдардын ички органдары сатылды деген маалымат расмий тактала элек.

  • 16x9 Image

    Ыдырыс Исаков

    «Азаттыктын» Оштогу кабарчысы. 2008-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG