Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:07

Тажикстанда 15 дарыгер көзү өткөндөн кийин ички органдарын донор катары башка муктаждарга берүүнү чечишти.

Дарыгерлер боорун, бөйрөгүн же башка ички органдарын муктаждарга берүүгө макул экенин тастыктаган керээз кат жазышты. Коңшу өлкөдө биринчи жолу көтөрүлүп жаткан мындай демилге коомчулукта кайчы пикирлер менен коштолууда.

Тажикстандагы адам органдарын жана ткандарын трансплантациялоо боюнча улуттук илимий борбордун 15 дарыгери өз органдарын донор катары берүүсүн расмий бекиткен өлкөдөгү биринчи жарандар болуп калышты. Трансплантолог-дарыгерлер бул чечими менен органын алмаштырууга донор издеген оорулууларга жардам берүүгө башка жарандарды да үндөө максатын көздөп атышат.

Душанбедеги Трансплантология борборунун жетекчиси Саймахмуд Исмаилов өз жүйөлөрүн мындайча келтирет:

- Ооба, биз ушундай чечимге келдик жана өзүбүздүн жакындарыбызды маалымдар кылдык. Ушул борборду биз түптөп чыккандан кийин өзүбүз башкаларга үлгү бололу деп, органдарыбызды донор болуп калтырууга макул болдук. Адам өлсө анын жаны учуп кетет, ал эми денеси жерге көмүлөт. Жердин астында үч айдан кийин адамдын денеси чирип, жок болот. Анда өз органдарыбызды башка бирөөлөргө курмандыкка чалууга болбосун?

Бөйрөк алмаштыруу операциясы маалында, Тажикстан

Бөйрөк алмаштыруу операциясы маалында, Тажикстан

Исмаиловдун пикиринде, өлкө боюнча каза болгондордун ичинен бир айда жок дегенде беш адамдын “мээси гана өлүп”, калган органдары таза бойдон жерге берилет.

- Органдарын алмаштырууга муктаж болуп турган оорулуулардын жүздөрүн карагылачы. Алар араң дем алып атышат. Ал эми жакындары болсо “кимдир бирөө донор болуп калар бекен, орган табылабы” деп Кудайга жалбарып отурушат. Ошол эле учурда каза болгон канча адам органдары таза боюнча жерге берилип жатат! Алардын бөйрөк, боор же башка мүчөлөрүн донор кылууга уруксат берсек, канча адамдын өмүрүн сактап калмакпыз? Донордун органдары болсо көз алдыбызда ичээр суусу түгөнүп бараткан канча адамдын өмүрүн узартмак.

Мыйзам бар, каалоочулар жок

“Адам органдарын жана ткандарын трансплантациялоо жөнүндө” мыйзамды Тажикстан 2007-жылы кабыл алган. Ага ылайык киши көз жумгандан кийин анын жакындарынын уруксаты болсо маркумдун органдарын алып, муктаж оорулууга көчүрсө болот. Бирок мыйзам ишке киргенден бери сегиз жыл өтсө да коңшу өлкөдө бир да жаран башкаларга органдарын берүүгө көнгөн эмес.

Тажикстандагы илимий борборго боорун же бөйрөгүн алмаштыруу үчүн кайрылган 200дөй адамдын бири да ушуга дейре донор таба алган жок.

Бул борбордо дарыланып жаткандардын бири, 40 жаштагы коженттик тургун Гаухар Турсунова өзүнө донор издеп, ушул тапта ажал менен кармашып жаткандардын бири:

- Мен сегиз жылдан бери боор оорусу менен алышып жүрөм. Жыл сайын дарылоодон өтчүм, бирок эми ал да жардам бербей калды. Жакында эсимди жоготуп, Коженттин реанимациясына түшкөм. Ал жерде диализ өткөрүштү, анан акыры “боорду алмаштырыш керек, ансыз жашай албайсың” дешти. Трансплантология борборуна келдим, башка жактан издедим, бирок бир айдан бери донор таба албай жатам. Жада калса туугандардан да таба алган жокмун. Боор табылбаса, аз күндө өлүп деле калышым мүмкүн...

Бөйрөгүн алмаштырууга муктаж тажик бала

Бөйрөгүн алмаштырууга муктаж тажик бала

Ошол эле кезде Тажикстанда айрым оорулуулардын жакындары өз органын берип, жакынын сактап калган учурлар бар. Согди облусунун тургуну Зарина Мамаджанова “Азаттыктын” тажик кызматына буларды айтып берген:

- Менин 21 жаштагы жээним Нигора Халимованын бөйрөгү жараксыз болуп калыптыр. Дарыгерлер бөйрөктү алмаштырбаса адам болбой турганын айтышты. Ойлонуп отуруп, өзүмдүн бөйрөгүмдүн бирин жээниме берүүнү чечтим. Өзүм тирүү туруп, бирок аны өлүмгө кантип берип салам?

Демилге колдоого алынар бекен?

Кантсе да тажик коомунда адам өлгөндөн кийин анын денесин кесүүгө болбойт деген түшүнүк калыптанып калган. Мунун көбү диндеги эрежелер менен да байланыштуу. Ал тургай кээ бирлер маркумдун өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн сөөктү медициналык экспертизадан өткөрүүгө уруксат бербей, жерге берип салган учурлар арбын.

“Жасалма бөйрөк” аппараты

“Жасалма бөйрөк” аппараты

Адам органдарын жана ткандарын трансплантациялоо боюнча борбордун башка бир дарыгери Гулрухсар Зиева органдарды донор катары берүү ислам мамлекеттеринде көнүмүш адат экенин айтат:

- Мен Иранда атайын тажрыйбадан өтүп жатып, бул процесстин баарын өз көзүм менен көрдүм. Ислам өлкөсү деп аталган Иранда да адамдар өлгөндөн кийин органдарын муктаждарга “мураска” калтырып кетишет экен. “Көргө органдарыбызды ала кеткенден көрө, башка бир мусулмандын өмүрүн сактап калалы” деп алар ачык эле айтышат экен. Мен да ушул чечимди колдоп, өлгөндөн кийин органдарымды башка бир оорулуу адамга берүүнү эп көрдүм.

Тажикстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлагандай, өлкөдө ушул тапта бир жарым миңдей адам органдарын алмаштырууга муктаж. Бирок алардын азы гана донор табышкан.

Боорду же бөйрөктү алмаштырууда донор табуу кыйын болсо, экинчиден, операцияны жасоого оңой эмес каражат керек. Донор табылган күндө деле донорго кеминде 8 миң, эң көбү 50 миң доллар төлөп берүү зарыл.

Ага карабай Душанбедеги илимий борбордун дарыгер-илимпоздору өздөрүнүн мындай кадамы менен башка тажик жарандарын да көзү өткөндөн кийин донор болуп, органдарын муктаждарга берүүгө үйрөтөбүз деп турган чагы.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG