Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Тажик оппозициясы талапкерин тандады


Ойнихол Бобоназарова.
Ойнихол Бобоназарова.

Тажикстанда оппозиция алдыдагы президенттик шайлоого бирдиктүү талапкери катары укук коргоочу жана коомдук ишмер Ойнихол Бобоназарованы көрсөттү. Ал каттоодон өтсө, Тажикстандын тарыхында мамлекет башчылыгы үчүн ат салыша турган алгачкы аял талапкер болот.

65 жаштагы Ойнихол Бобоназарованы президенттикке талапкер кылып, Тажикстандын реформачыл күчтөрүнүн бирикмеси көрсөттү. Ага Тажикстандын оппозициячыл деп саналган Ислам кайра жаралуу жана Социал-демократиялык партиялары жетекчилик кылат. Бирикмедегилердин айтымында, Бобоназарованын талапкерлиги сегиз адамдын арасынан тандалды. Ал өзү кабарчылар менен маегинде орток пикир табууга жол ачкан талапкер болгондугун моюнга алып:

- Мен кыйла эле прагматикмин. Абдан кыйын болорун жакшы билем. Бирок эгер өзүмө ишенбесем, бул татаал жолго түшпөйт болчумун. Эгер шайлоо ачык-айкын өтсө, менин да жеңип чыгууга мүмкүнчүлүгүм бар.

Бобоназарова эгер шайлоодо жеңип чыкса, өлкөнү өткөөл мезгилде, реформалар ишке ашырылганга чейин гана башкарарын айтууда.

Оппозиция талапкеринин болочок программасы өлкөдө конституциялык реформа жүргүзүүнү, президенттин бийлик мөөнөтүн азыркы жети жылдан төрт жылга түшүрүүнү жана эки шайлоо менен гана чектөөнү, ыйгарым укуктарынын бир бөлүгүн парламентке жана аткаруу бийлигине өткөрүп берүүнү карайт.

Тажик оппозициясынын талапкер көрсөткөн жыйыны. Дүйшөмбү, 10-сентябрь, 2013-жыл.
Тажик оппозициясынын талапкер көрсөткөн жыйыны. Дүйшөмбү, 10-сентябрь, 2013-жыл.
Кесиби боюнча окумуштуу юрист Ойнихол Бобоназарова азыр “Перспектива+” деген коомдук уюмдун жетекчиси жана 1980-жылдардын аягында Демократиялык партия түзүүчүлөрдүн башатында турган. 1993-жылы бийликти азыркы президент Эмомали Рахмондун өкмөтү алган кезде “мамлекеттик төңкөрүш даярдаган” деген айып менен бир нече ай абакта да отуруп чыккан. Бобоназарова эми каттоодон өтсө, Тажикстандын тарыхында мамлекет башчылыгы үчүн ат салышкан алгачкы аял талапкер болот.

Ислам Кайра жаралуу партиясынын лидери Мухиддин Кабири аял талапкерге колдоо көрсөтүшкөнүн чечмелеп, бул демократия жана эски стереотиптерди сындыруу үчүн керектигин айтты. Ошондой эле түрдүү саясий күчтөр мунаса таба аларынын күбөсү экендигин кошумчалады.

Социал-демократтар партиясынын лидери Рахматулло Зоировдун көз карашында, бул ирет оппозиция шайлоого катышып гана тим болбостон, атаандаштык жаратуу чечимине келе алды.

Стратегиялык изилдөөлөр боюнча президент алдындагы борбордун директордун орун басары Сайфулло Сафаровдун пикиринде, президенттикке аял талапкердин чыгышы менен Тажикстан “саясий идеологиянын жаңы баскычына көтөрүлүүдө”:

- Тажикстандын реформачыл күчтөрүнүн бирикмеси Ойнихол Бобоназаровадан татыктуу талапкерди таба алган жок. Биринчиден, ал башкаларга салыштырмалуу чын эле жигердүү, сабаттуу жана билимдүү. Экинчиден, алар тажик коому аялдарга көбүрөөк ишенерин, аларды биринчи катардан көргүлөрү келерин түшүнүшөт.

Анткен менен айрымдар тажик коому аял жетекчини кабыл алууга али даяр эместигин айтууда. Бийликтеги Элдик-демократиялык партиянын парламенттеги депутаты Галия Рабиева “Азаттыктын” тажик кызматы менен маегинде буларды айтты:

- Аял жетекчилердин саны өсүп жатат. Райондун, жамааттын төрайымы катары өзүн жакшы көрсөткөн аялдар бар. Бирок кандай болгон күндө да, менимче, ой жүгүртүүдө эволюция зарыл. Бизде али патриархалдык салттар күчтүү.

Тажикстандын президенттик шайлоосу 6-ноябрга белгиленген. Азырынча талапкер болуу ниетин башка саясатчылар расмий билдире элек. Президент болгусу келгендер 7-октябрга чейин 210 миң шайлоочунун колун топтоосу зарыл.

Президент Рахмондун Элдик-демократиялык партиясы талапкер көрсөтүүчү курултайын шайлоодон бир ай гана мурда 4-октябрда өткөрүүнү чечти. Партия өкүлү Усмон Солех “Азаттыктын” тажик кызматы менен маегинде муну алар шайлоодогу жеңишине ишенип турганы жана ашыкча үгүткө муктаж эместиги менен түшүндүрдү.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG