Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:35

Тажикстанда Ислам партиясын "ичтен иритиштиби?"


"Ислам кайра жаралуу" партиясынын жыйыны
"Ислам кайра жаралуу" партиясынын жыйыны

Тажикстанда "Ислам кайра жаралуу" партиясынын ондогон мүчөлөрү анын катарынан чыкканын коомчулукка жарыялап жатышат. Интернетте партиянын жер-жерлердеги бөлүмдөрүнүн башчылары жана мүчөлөрүнүн мындай билдирүүлөрү байма-бай жайгаштырылууда. Партия жетекчилиги муну бийликтин кысымы менен жасалып жаткан иш катары баалайт.

Тажикстанда соңку кезде "Ислам кайра жаралуу" партиясынын катарынан мүчөлөрү күтүүсүздөн жапырт чыга баштады. Партиянын жер-жерлердеги ондогон мүчөлөрүнүн жана аймактык бөлүмдөрүнүн башчыларынын партиядан чыкканы тууралуу билдирүүлөрү видеого тартылып, интернетке жайгаштырылды. Алардын айрымдары партия быйыл марттагы парламенттик шайлоодо жеңилип калгандан кийин кадыр-баркы түшүп кетти деп эсептесе, дагы бирлери партиянын алдыңкы сабында тургандарга байланышкан интимдик видео тасмаларды көргөндө көңүлү кайт болгонун айтат. Башкалары болсо партиядан чыгышын жөн гана мындан ары анын катарында турууну зарыл көрбөгөнү менен байланыштырат.

Бирок мындай видео кайрылуулардын көпчүлүгү президент Эмомали Рахмондун саясатын колдогон жана ага ыраазылык айткан сөздөр менен аяктайт.

“Мен "Ислам кайра жаралуу" партиясынын Канибадам шаарында калган жалгыз мүчөсүмүн”, - дейт 18-июнда интернетке жайгаштырылган бул тасмада сүйлөп жаткан Дилавруз Шарофиддинова аттуу аял. Ал быйыл жыл башында партиянын Тажикстандын түндүгүндөгү Канибадам шаардык бөлүмүнө жетекчиликке дайындалган экен.

Шарофиддинова андан ары партия ислам үчүн оозго аларлык эч иш кылбаганын айтып, жаңы мечит, медреселерди ачып жатканы жана “гүлдөгөн экономика” үчүн өкмөттү алкайт. Төрт мүнөттөй созулган тасма “Мен бул партиядан чыгып, эртеңден тарта башкаруучу Элдик-демократиялык партияга кирем”, - деген сөздөр менен соңуна чыгат.

Дагы бир тасмада партиянын өлкө түштүгүндө жайгашкан Куляб шаарындагы мүчөсү Рахматулло Файзуллаев ал мүчө болгон он жыл аралыгында партия Тажикстандын өнүгүүсү үчүн эч нерсе кылбаганын көргөндүктөн андан чыгып жатканын айтат да, партияга мүчөлүк билетин көрсөтөт.

“Партиянын башка мүчөлөрүн да ушундай билеттерин таштоого чакырам, анткени бул партияда болуунун эч кандай кажети жок”, - дейт ал андан ары.

Башка бир тасмада партиянын Ашт районундагы ишмердиги расмий түрдө токтогону, партия бул райондо 1567 мүчөсү бар экенин айтып келсе, азыр болгону 30 чакты гана өкүлү калганы айтылат.

Ушуга эле окшош тасма өлкө батышындагы Айни районунан да тартылып, партиянын шайлоодогу начар көрсөткүчүнө жана партия лидерлерине байланыштуу былтыр интернетке жайылган чуулуу тасмалардан улам анын бул райондогу иши да токтотулганы, мүчөлөрүнүн баары андан жүз буруп кеткени тууралуу сөз болот. Ушундай эле маанидеги тасмалар партиянын өлкө чыгышындагы таянычтарынын бири болгон Рашт өрөөнүнөн, Тажик-Абад жана Тавил-Дара райондорунан да тартылган.

Жогоруда сөз болгон себептерден тышкары өздөрүн ислам динине байланыштырган террорчул топтордун айрым өлкөлөрдөгү аракеттери да бул партияга көлөкө түшүргөндөй. Мындан улам партияга каршы өнөктүккө таасирдүү диний ишмерлер да кошулду. Маселен, чыгыштагы Нур-Абад районунун имамы Изомиддин Абдулхоев "Ислам кайра жаралуу" партиясы сырттан каржыланып, ошолор үчүн иштейт деп эсептейт. “Бул партия чыр-чатактарды каалап тургандай, бизге мындай партия керек эмес”, - дейт имам.

Бул видеолордун көпчүлүгү Youtube сайтына 18-июнда жайгаштырылган.

Аталган партиянын жетекчилиги мындай “ичтен ирүүнү” бийликтин кысымынан көрөт. Маселен партиянын өкүлү Мухаммедали Хаит “Азаттыктын” тажик кызматына буларды айтты:

- Бул видеотасмалар бийликтин басым-кысымы менен тартылган. Андыктан партиянан катарынан чыгуу тууралуу билдирүүлөрдү кабыл албайбыз жана ал билдирүүлөр юридикалык жактан жараксыз деп эсептейбиз. Бул боюнча президент Рахмонго кайрылып, басым-кысымдар токтотулушун өтүнөбүз. Эгер жооп болбосо сотторго кайрылабыз.

Хаит "Ислам кайра жаралуу" партиясы менен бийликтин мамилеси партия 2010-жылкы парламенттик шайлоодо 8 пайыздан ашык добуш менен жеңишке жеткенден тарта бузула баштаганын, сын уккусу келбеген бийлик партиянын кадыр-баркы өсүп кетишинен чочулаганын да кошумчалады.

Ислам кайра жаралуу партиясы бир кезде кадыр-баркы боюнча Тажикстандагы экинчи партия болуп эсептелген. Быйыл марттагы шайлоодо беш пайыздык босогону багындыра албай, парламентке өтпөй калды. Эмомали Рахмондун Элдик-демократиялык партиясы алдыга чыккан бул шайлоо эл аралык байкоочулардын "добуш берүү оппозицияны четке сүргөн мыйзам бузуулар менен коштолду" деген өңдүү сын-пикирлерине кабылган.

Өлкөдө кадыр-баркы бар оппозициялык саясий кыймылдардын бири деп эсептелип, 45 миңдей мүчөсү бар экени айтылып келген "Ислам кайра жаралуу" партиясы парламенттин буга чейинки үч чакырылышында ылдыйкы палатадан орун алып келген эле. Борбор Азияда расмий катталган жападан-жалгыз исламчыл саясий уюм саналган бул партиянын лидери Мухиддин Кабири быйыл марттагы шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG