Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:09

Тажик парламентинин жогорку палатасы бир катар район-шаарлардын атын өзгөртүү сунушун жактырды. Алардын катарында байыртан кыргыздар байырлап келген Жерге-Тал району да бар.

Эми бул аймактын кыргызча аты өчүп, тажикче Лахш деп атала турган болду.

Кыргыз тараптын кош көңүлдүгү

Бир канча район-шаарлардын атын алмаштыруу сунушу парламентке бир ай мурда президент Рахмондун администрациясынан түшкөн. Бул сунуш өлкөдөгү жер-суу аттарын тажиктештирүү максатын көздөп, аты алмашчу аймактарга түркий тилдеги, негизинен кыргыз жана өзбек тилдеринде аталган район-шаарлар кирген. Ал сунушта жаңы аталыштардын баары тажик тили кирген перс тилинде жана патриоттук мүнөздө болууга тийиштиги белгиленген. Кыргыз жана өзбек тилиндеги географиялык аталыштар бул талапка шай келбейт экен.

Муну байыртан ошол аймакты байырлаган элдин тарыхын атайлап жокко чыгаруу деп түшүнсөк болот...

Тажик президентинин маалымат кызматы алардын кээ бирлерине персче эски аты кайтарыларын, андай аты болбогондорго тарыхтагы тажик баатырларынын наамы берилерин, же тажикче жаңы ат коюларын кабарлаган.

Ошентип аз күн мурда тажик парламентинин жогорку палатасы бул сунушту бекитип бергени белгилүү болду. Ага ылайык эми байыртан кыргыздар байырлаган Жерге-Тал району Лахш деп аталат. Бул район жайгашкан Кара-Тегин өрөөнүндөгү жер-суу аттары таптаза кыргызча аталып келген эле. Бирок соңку жылдары Жерге-Талдын бир канча айыл-кыштактарынын кыргызча аттары тажикчеге алмаштырылган. Эми кезек жалпы райондун атын өзгөртүүгө жетти.

Тарых илимдеринин кандидаты, көп жылдар бою Тажикстандын Илимдер академиясынын Тарых жана археология институтунда иштеп келген түбү жергеталдык окумуштуу Хайрулла Абжапаров мындай ат алмаштырууну XI - XII кылымдан бери ошол аймакты байырлаган элдин тарыхын жокко чыгаруу аракети катары баалайт:

- Башка элдердин тарыхы шаарлар, эстеликтер аркылуу сакталып калган болсо, көчмөн элдердин тарыхы жер-суу, тоолордун аты менен байланышта. Ошондуктан тажик бийлигинин башка тилдеги аталыштарды өзгөртүп жатышы туура эмес. Муну ошол аймакта жашаган башка улуттун тарыхын атайлап жокко чыгаруу деп түшүнсөк болот.

Тышкы саясат ички саясаттын уландысы. Кыргыз тарап керек болсо бул маселени БУУнун, ЮНЕСКОнун деңгээлинде козгошу керек....

Аймактагы айылдардын аты тажикчеге алмаша баштаганда Бишкекте жашаган жергеталдыктардын бир тобу кыргызча аталыштарды калтыруу өтүнүчү менен тажик жана кыргыз бийликтерине бир канча жолу кайрылуу жолдогон. Бирок андан эч кандай натыйжа болгон эмес. Публицист Жолдош Турдубаев кыргыз президентине, Жогорку Кеңешке жана өкмөткө жолдогон мындай кайрылууларга кайдыгер мамиле жасалып, “бул Тажикстандын ички иши, ага биз кийлигише албайбыз” деген окшош жооптор болгонун эске салат:

- Тышкы саясат ички саясаттын уландысы. Тажикстандын ички иши болсо деле кыргыз бийликтери тажик тарапка бир ооз кайрылып койсо болмок. Не дегенде кошуна өлкөбүз, көп окшоштуктарыбыз бар. Бизде деле тажик тилиндеги бир канча жер-суу аталыштары азырга чейин сакталып турат. Тажикстанда 60 миңдей кыргыз болсо, Кыргызстанда 50 миңдей этникалык тажик бар. Кыргыз бийлиги ушул нерселерди эске алуу менен "бизде ушунча тажик улутундагы жараныбыз бар, мынча айыл-кыштактын аты тажик тилинде, биз ал аталыштарды өзгөрткөн жокпуз, силер да кошуналыкты, жакын мамилени эске алып кыргызча аталыштарга тийбей эле койсоңор дурус болмок" дегендей кайрылып, койсо болот эле. Керек болсо бул маселени БУУнун, ЮНЕСКОнун деңгээлинде да койсо болмок. Эми азыр деле кеч эмес, баары бир кайрылып көрүш керек.

Түбү жергеталдык, азыр Бишкекте жашаган тажик тектүү жазуучу Мирзохалим Каримов да бул маселеде Кыргызстан кошуна өлкөнүн ички ишине кийлигише албаса да бирок кыргызча аталыштарды сактап калуу боюнча мамлекеттик деңгээлде тажик тарапка кайрылуу жасап койсо, абал балким башкача болмоктугун буга чейин “Азаттыкка” билдирген эле.

Тажикстанда байыртадан негизинен кыргыздар байырлап келген эки район бар. Алар Жерге-Тал жана Мургаб райондору. Мындан сырткары Баткенге чектеш өлкө түндүгүндөгү Согду облусунда да кыргыздар көп жашаган бир канча айыл-кыштактар бар.

Питовдашт Рахмон-Абадга айланды

Тажикстанда ат алмаштыруунун алгачкы толкуну совет бийлиги кулагандан кийин эле башталган. Соңку 20 жыл ичинде орус тилиндеги же советтик аталыштардын баары дээрлик өзгөрүп бүткөн. Андан араб тилиндеги аталыштар да четте калган эмес. Президент Рахмон эми ошол толкундан аман калган Чкалов шаарын Бустон (Гүлдүү Бак) деп атоону сунуштаган.

Парламент жактырган жаңы жобого ылайык, эми Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы Питовдашт айылы Рахмон-Абад деп аталат. Облус бийлигинин маалымат катчысы Нилуфар Асламшоеванын “Азаттыктын” тажик кызматына айтышынча, мындай демилгени жергиликтүү тургундар өздөрү көтөргөн. Алар президент Эмомали Рахмон былтыркы суу ташкындан жабыркаган айылга көрсөткөн көмөгүнө ыраазылык иретинде айылдын атын расмий түрдө Рахмон-Абад деп атоону суранган экен. Президент Рахмон убадасын аткарып, эки айда 82 үй тургузуу менен суу ташкындан үй-жайсыз калган бүлөлөрдү жаңы үй менен камсыздап бергенинин урматына эл өз айылына президенттин фамилиясын ыйгарууну туура көрүптүр.

Мындан тышкары эми Жалалиддин Руми району Жалалиддин Балхи, Тавил-Дара району Сангвор, Жили-Көл району Дусти, Кумсангир району Жайхун, Шурабад району Шамсиддин Шохин деп атала турган болду.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG