Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:10

Баласын жоготкон келин чындык издейт


Адилеттик издеген үй-бүлө
Адилеттик издеген үй-бүлө

Сокулуктун Васильевка айылында "Кайрылман" күбөлүгү бар тажикстандык кыргыз келин кошунасы менен болгон чатактан кийин боюнан түшкөнүн айтууда.

27 жаштагы Зулкада Умарова айтып жаткан окуя мындан үч ай мурун болгон. Тажикстандан келген кош бойлуу келинди коңшулары аёосуз сабап кетишкен. Каарманыбыздын айтуусунда, ал күнү үйүндө балдары менен жалгыз болгон. Эки күндөн кийин, ооруканада курсактагы баланын жүрөгү токтогону билинип, дары-дармектин жардамы менен келиндин боюнан түшкөн.

Каргашалуу бул окуяга Зулкаданын айтуусунда, коңшусу менен турмуштук чыр-чатак себеп болгон:

- Түштө менин кызым менен анын кызы урушуп жатканын көрүп, кызыма болушуп койгом. Бирок урган эмесмин. Анын апасы да жанында болчу. Муну кошуналар да көргөн. Ошол күнү кечинде саат тогуздарда машина менен ал аялдын баласы, инилери келди. Баласы моюнумдан кармап, дубалга такап туруп, ичке бир тепти. Апасы чачымдан жула баштады. Аялдын инилери да бар болчу, бирөө аябай толук киши экен, башка бир чапканда, калтырап отуруп калдым. Үйдө балдарым менен жалгыз болчумун. Кийин кошуналар келип жардам берди. Өзүбүздүн айылдагы аймактык тескөөчүбүз келбей, башка айылдыкын чакырттык. Тез жардам чакырсак да келген жок. Мени кошуналарым шаардагы ооруканага алып барышты. Ушу күнгө чейин эки жолу ооруканада дарыланып чыктым, балдарым да катуу коркуп, ооруп калышты.

Катуу кыйкырык, уруштардан улам жардамга келиндин коңшулары келген. Алардын бири Анипа көргөнүн минтип баяндады:

- Кызым короодо ойноп жаткан, ал урушту көрүп эле мени чакырыптыр. Үйүнө кирип барганда бир киши Зулкаданы башка чапканын көрдүм. Чынын айтсам, анын ичиндеги баладан дагы өзү өлүп калабы деп корктум. Келип эле тиги аялга:“кызыңыз менен тең келинди кантип сабатып коюп карап турасыз?” деп кыйкыра баштадым.

Зулкаданын үч кыз бар. Дарыгерлерден төртүнчүсү уул болот деген божомолду билип, кубанып атышкан. Баласынан айрылганына кейиген келиндин күйөөсү Камбарали Киямидинов акыйкаттык издеп, тартип коргоо органдарына арыз менен кайрылып, бирок көңүл жылытарлык жооп алган эмес:

- Бири келип сурап коюшпады. Күбөлөрдү да суракка алган жок. Мен баламдын өлүгүн көтөрүп барып, тергөөчүгө көрсөттүм. Бирок иш козгошподк. Эми азыр тергөөчү боюнча прокуратурага арыз менен кайрылдым. Тигил тарап “биз уй бердик, акча берип эле баарын жаптырып салдык” деп жатыптыр.

Окуя боюнча экинчи тараптын пикирин угуу үчүн алардын үйүнө барганыбызда, күбөлөр айтып жаткан балдардын бири, 20 жаштагы Бакытбек уруш-талаш болгонун моюнуна алып, бирок келинге кол көтөргөнүн так кесе четке какса, анын жанында болгон агалары жабырлануучу окуяны акча алуу үчүн атайын көбүртүп жатат деп болжошту:

- Келсем карындашым ыйлап атыптыр, ага болушуп апам экөөбүз барганбыз. Атам жок, үйдө эркек ордуна менмин. Сөгүнүп-сагынып урушуп жаттык, бирок кол көтөргөн эмесмин. Экспертиза деле аныктады го. Болбосо, мыйзамдык негизде мени милиция органдары камакка алмак. Байкелерим машина менен барганы чын. Бирок алар уруш-талаш чыккандан кийин бизди алып кетели дешкен. Менимче, акча алуунун айласын ойлоп, атайын жасашты. Күбөлөрү да калп айтып жатат.

Бакытбек айтып жаткан экспертиза Аламүдүн райондук ИИБге арыз түшкөндөн кийин өткөрүлүп, чындыгында дарыгерлер келин ур-токмокко алынган эмес, баланын өлүк төрөлүшүнө анын ден соолугу таасир эткен деген тыянак чыгарышат.

Бирок Зулкада боюнда бар учурунда каттоодо турган Васильевка айылынын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Базаркул Дүйшеналиев келиндин абалы туруктуу, боюнан жөн эле түшмөк эмес деген пикирин айтты:

- Келин биздин дарыгердин көзөмөлүндө болгон. Абалы туруктуу болчу. Гемоглобиндин көрсөткүчү 110. Анын боюнан түшүп калышы биз үчүн да түшүнүксүз. Ден соолугу бекем бала төрөй турган жөнү бар эле.

Тартип коргоо органдарынан түңүлгөн үй-бүлө “Адилет” укук клиникасына жардам сурап кайрылган. Аталган клиниканын юристи Эркин Ирискулбеков мындай эки ача пикир, тыянактардан кийин комиссиялык текшерүү жасоону өтүнгөн. Анын айтуусунда, экспертизанын жыйынтыгын эске албаганда деле байбаштык беренеси менен иш козголушу керек болчу:

- Тергөөчүнүн иш козгобой койгондугу мага түшүнүксүз. Экспертиза түйүлдүктөгү баланын жүрөгү табигый жол менен токтоду деген тыянак чыгарган кезде деле бейбаштык беренеси боюнча иш козголушу керек болчу. Себеби, башка бирөөнүн менчигине кирип, ур - токмокко алып жатышат. Экспертиза тууралуу айтсам, тажрыйба жүзүндө кай бир тараптын кызыкчылыгы үчүн жасалган жыйынтыктар болуп эле келген.

Аламүдүн райондук ИИБ иш кароодо экендигин айтып, комиссиялык текшерүүдөн кийин гана ага укуктук баа берилерин кошумчалады. Жабыр тарткан үй-бүлө да анын жыйынтыгы менен акыйкаттык орнойт деген үмүттө.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG