Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:24

Ак үй Трамптын жаңы жардыгын кийинки аптада жарыялайт


Трамптын иммиграция жардыгына каршы чыккандардын демонстрациясы.
Трамптын иммиграция жардыгына каршы чыккандардын демонстрациясы.

АКШ президенти Дональд Трамптын мигранттардын жана качкындардын өлкөгө кирүүсүн чектөө тууралуу жардыгы ушул апта жарыяланмак. Бирок Ак үй документ кармалып жатканын маалымдады.

Иммиграцияны чектөө боюнча жардыктын биринчи вариантында бардык качкындарга жана жети мусулман өлкөсүнүн жарандарына АКШга кирүүгө убактылуу тыюу салынган болчу. Бирок бул жардык америкалык соттор тарабынан токтотулган.

Ак үй федералдык апелляциялык сотто айтылган эскертүүлөрдү эске алуу менен, жардык кайрадан жазыларын билдирген. Сот жардыкты адамдарды диний көз карашына жараша басынтат деп чечкен.

XS
SM
MD
LG