Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:19

Жерге-Талдын Жайылган айылы жакында ардагер агартуучу, тарыхчы, Хамид Боронов Тажикстанда согуш башталган коогалуу мезгилде аймактын тарыхын сактап калыш үчүн мектептин бир бөлмөсүндө музей ачкан.

76 жаштагы Боронов аксакал элдик оозеки чыгармаларды да жыйнап келет. Ал түзгөн сүрөттүү альбомдор Жерге-Талдын, бул жактык таанымал адамдардын башка эч жерде жок антологиясы болуп саналат. Бийликтердин чечими менен музейди көчүрүү үчүн жаңы имараттын пайдубалы салына баштады. Тажикстандагы бул уникалдуу музейге Жаңыл Жусупжан баш бакты.


Хамит Боронов: 1990-жылы Тажикстанда кырдаал оорлоп кетти. 1992-жылы жарандык согуш башталганда, биздин жергиликтүү кыргыздар Кыргызстанга көчө баштады. Ал убакта мен улгайып калдым. Ушундай мезгилде элдин тарыхы жөнүндө кичине болсо да маалымат калтырсам, кыргыз-тажик тарыхтары аз-маз жазылаар бекен деген максатта 1993-жылы музей уюштурдум. Ошол мезгилде район өкмөтү Нусратулла Хасанов абдан колдоп, “Жакшы иш жасадыңыз аксакал” деп мага баа берип, келип ачып берген. Андан бери 20
жыл өттү. Музейге тарыхый, маданий, этнографиялык экспонаттарды чогултам. Райондо жакшы иштеп, эл үчүн кызмат кылган адамдарды изилдеп, фактылар менен жазып, сүрөттөрүн альбомго жайгаштырдым. Андан тышкары, элдик оозеки чыгармаларды чогулттум, көп кишилерди, тарыхый инсандарды магнитофондун кассетасына жаздырып, ырдатып, сүйлөтүп койдум. Азыр ошолордун үзүрүн көрүп жатам. Мамлекет, өкмөт, эл колдоо көрсөтүүдө. Азыр 3000ден ашык маданий, тарыхый, этнографиялык экспонаттарым бар. Алдыңкы адамдардын портреттерин алып келип коем, гезитке жарыялайм, ошолордун жакшы иштегендери жөнүндө пропаганда кылып, кыскасы элдин жакшы жактарын ачып, карыганда эл үчүн кызмат кылайын деген оюм бар. Элдин бардыгы, ар жерден келген адамдар мени колдоп жатышат.
Музейдин көрүнүшү

Музейдин көрүнүшү



Жаңыл Жусупжан: Мамлекет колдойт деп жатасыз. Кайсы түрдө колдойт? Акча береби?

Хамит Боронов: Акча бир, эки штат берген, ошол деле жакшы. Себеби, мурунураак кыргыздарды эч ким колдоп акча берген эмес, анткени мамлекет өзү жарды болчу.

​Жаңыл Жусупжан: Азыр ошол берилген штаттар барбы? Айлык төлөп береби?

Хамит Боронов: Бар, айлыгы аз, бирок китеп жана башкаларды сатып алганга жетет. Азыр өзүмдүн күчүм, мамлекеттин жардамы менен, жаңы музейдин фундаментин түптөп, дубалын көтөрүп койдум. Район башчысы музейди ошол жакка чыгаралы деп, азыр ошонун аракетиндебиз. Музей азыр мектептин бир классында жайгашкан, узуну 10, туурасы 4 метр. Жаңы салып жаткан имарат бүтүп, ал жакка музейди көчүрсөк, ушул өрөөндө райондун музейинен кийинки экинчи музей болуп калат.

Жаңыл Жусупжан: Райондук музейден айырмасы эмнеде?

Хамит Боронов: Биринчиден, экспонаты көп, экинчиден идеясы жакшы, жакшы адамдар жөнүндө маалыматтар чогултулуп, газетага берилип, элдик оозеки чыгармалар топтолуп, эл жапа тырмак колдоп, кызыгуу пайда болуп жатат.

Жаңыл Жусупжан: Музейге эл көп келеби?

Хамит Боронов: Кыштактагылар кабар алганы тез-тез келип турушат. Биздин район тоолуу жер болгондуктан, кышында маданий эч нерсе жок. Эл келип китеп, гезиттерди окуйт, экспонаттар менен таанышат. Акылдуу кишилер кимдер, ким бар, дагы кандай адамдарды жазыш керек, ушунун ушундай жакшы иштери калган деп билип калышат. Эл келип көрүп, ким туура жазылган, ким туура эмес жазылган, өзү анализ жүргүзүп турат.

Жаңыл Жусупжан: Кайсы гезитерге жазасыз?

Хамит Боронов: Райондук гезитке жазып келем. Гезиттин аталышы мурун түрдүүчө аталып келди. Бир кезде “Каратегин” болду, азыр “Паеми Жерге-Тол” (кыргызча “Жерге-Тал жаңырыгы”) деп которулат.

Жаңыл Жусупжан: Жерге-Тал районунда кыргыз тилинде радио, телевидение барбы, же мурун болгонбу?

Хамит Боронов: Мурун радио бар болчу. Бардык жерде кыргыз тилинде жакшы берүүлөр болуп келген. Советтер Союзу мезгилинде Кыргызстанда чыккан басылмаларды, Өзбекстандан жакшы гезит-журналдарды, орустардан "Огонек" журналын алып окуп турчубуз.

Жаңыл Жусупжан: Бүгүнкү күндө кыргыз тилинде радио же телевидение барбы?

Хамит Боронов: Азыр жок.

Жаңыл Жусупжан: Качантан бери жок?

Хамит Боронов: Союз тарагандан бери.
Музейдеги уникалдуу альбомдун бир барагы.

Музейдеги уникалдуу альбомдун бир барагы.



Жаңыл Жусупжан: Туристтер, ошол эле Кыргызстандан кыргыздар Жерге-Талды көрөлү деп келсе, көрө турган кандай кызыктуу жерлер барбы?

Хамит Боронов: Биздин жер тоолуу. Көрө турган жакшы жерлер арбын, бирок ал жакка жетиш кыйын. Туристтер, альпинисттер келишчү мурун. Азыр деле вертолет менен келишет. Бизде туристтик база бар. "Пик Коммунизма" деп аталчу эле, азыр “Сомони” болуп өзгөргөн.

Жаңыл Жусупжан: Туристтер, альпинисттер азыр келбей калыштыбы?

Хамит Боронов: Мүмкүн, азыр деле келип жатышса керек. Биз чет жагындабыз, алар аралап жүрүшпөйт, ошондуктан биз көрбөйбүз. Бирок сөзсүз келиши керек, Сомони дүйнөдөгү эң бийик чокулардын бири, СССРдеги эң бийик чоку болгон.

Жаңыл Жусупжан: Коммунизм чокусун мурда Муз-Тоо дешкен экен,
Жашыл-Көл, Туюк-Көл деген жерлер бар экен. Аталыштары сонун экен, бул кандай жерлер?

Хамит Боронов: Биздин ары жагыбызда жайгашкан, так кыргызча Тоо-Чак деп коебуз. Ошол жакта майда көлдөр бар. Жашыл-Көл, Туюк-Көл деп Тоо-Чактын өзүн айтат. Чоң-Көл. Дагы Ачык-Алма деген жерде үңкүр бар. Үңкүргө кирип карасаңыз кийиктин, башка айбанаттардын сүрөттөрү тартылган. Азыр көпчүлүгү бузулуп калыптыр.

Жаңыл Жусупжан: Ал сүрөттөр кайсы кылымдардан калган?

Хамит Боронов: Эң байыркы доордон калган.

Жаңыл Жусупжан: Кытайлардын доорунанбы же Буддизмдин доорунанбы?
Боронов иш учурунда.

Боронов иш учурунда.



Хамит Боронов: Андан да мурунку убактардан калган болсо керек, адам баласы жаралган замандарда. Кыргызстандагы Саймалуу - Ташка окшош, жаныбарлардын сүрөттөрү тартылган. Азыр балдар бойлору жеткен жерлерин бүт бузушуптур. Эч ким так билбейт, Таш доордогу, адамдар жаңы пайда болгондогу сүрөттөр болсо керек.

Жаңыл Жусупжан: Кытайлардын күмбөздөрү Памирдин төмөн жактарында бар деп уктук. Бул жакта кандай күмбөздөр бар? Кыргыздын күмбөздөрү барбы?

Хамит Боронов: Күмбөздөрдөн Бурулчак деген жайлоодо узундугу 16 метрдей, туурасы 6 метр болгон “Манастын көрү” (Манастын кабыры, мүрзөсү) деген бар. Кыргызстан бул күмбөз тууралуу кабардар. Биздин кыштактын ак сакалдары күмбөзгө барганга уруксат бербей келишкен.

Жаңыл Жусупжан: Эч кимди киргизбей келишкенби?

Хамит Боронов: Өкмөттүк деңгээлде археолог, антрополог келсе ачтырабыз деп эч кимди жакындатышкан эмес. Мамлекеттен уруксат алып келген адам болсо, ошондо ачтырабыз дешкен. Манастын көрү дегенинин себеби, күмбөздө чоң таш бар, ал ташта кыргыздын көчү, кыргыздын турмушу чегилип түшүрүлгөн сүрөттөр бар дешет. Жайлоого чыккандардын көпчүлүгү, алардын жаш балдары ушуларды бузушкан. Өткөн жылы (бирөөлөр) келип, үстүнө палатка жаап, сүрөткө тартып кеткен экен.

Жаңыл Жусупжан: Тажикстандын башка жагында да кыргыздар бар дешет. Мургабды баарыбыз эле билебиз. Ал эми Тажиктандын түштүк тарабында кайсы кыргыздар бар? Алар качан, кайсы замандарда барып калышкан?

Хамит Боронов: Баары эле биздикилер менен бир доордо келген болсо керек. Кыргыз дагы Гисарда бар, Коргон-Төбөдө бар. Азыр кыргыздар көп эле жерде болуп калыптыр.

Жаңыл Жусупжан: Тажикстан жергесинде канча кыргыз бар?

Хамит Боронов: Мурун 80 миң деп айтышчу, азыр канча кыргыз бар экенин билбейм. Так айтуу кыйын, себеби, адамдар бүтүндөй көчүп жатышат, аралашып жатышат, тажиктешип кеткени бар.

Жаңыл Жусупжан: Сиз тарых музейин ачып, ал жакка кыргыздын маданиятына байланыштуу экспонаттарды чогулттум, маданий адамдар, ишмерлердин сүрөттөрүн койдурдум деп айттыңыз. Кандай маданий ишмерлер же ыр-күүлөрдү билген адамдар бар?

Хамит Боронов: Маданият боюнча бир убактарда тубаса ырчылар, бийчилер, комузчулар, элдик аспаптарды ойной билген жөндөмдүү адамдар болгон. Алардан Гүланда Шакирова деген болгон, китептери бар. Баян Шарипова деген кызыбыз бар эле, жакында Токмокко көчүп кетти. Гүлхан Орунбаева деген бар, өзү 10 - классты эле бүткөн, бирок эң жакшы жазат. Кайсы темада болбосун ыр жаза алат. Жигиттерден жакшы жазгандар бар. Шахиболо Шарипов деген бар эң жакшы жазат. Маможан Карабаев деген бар.

Жаңыл Жусупжан: Алардын чыгармалары кайсы жакка жарык көрөт?

Хамит Боронов: Алар чыгармаларын гезитке чыгарышат, мен канча болсо ошолордун баарын архив катарында музейге чогултуп коем.

Жаңыл Жусупжан: Жерге-Талдан жазуучулар чыкканбы?

Хамит Боронов: Мирзахалим Каримов деген жазуучу атасы тажик, энеси кыргыз, өзү Кыргызстанда жашайт. Азыр музейде китептери бар.

Жаңыл Жусупжан: Кыргызстандан окумуштуулар келип, силер менен, Жерге-Талдын тарыхы, маданияты менен таанышып, ошол жөнүндө көп-көп китептерди чыгарышсын, көп-көп кинолорду тартышсын.

Хамит Боронов: Кыргызстандан жакында “Кызыл-Туу” гезитинин редактору келип кетти. Мурунураак Совет деген киши урууларды изилдеп кетти. Кыргызстанга кандайдыр бир таасир кыла турган күч болсо, Кыргызстандан тышкары кыргыздарга жардамы тие турган болсо. Кыргыз болгондон кийин кыргызга ичиң ачышат экен. Улуттук сезим күчтүү болот экен.

Жаңыл Жусупжан: Бул жакта илгерки убактарда Кыргызстандан көп мугалимдер келип турушчу экен, азыр кандай?

Хамит Боронов: Жерге-Талдын агартуучулары кыргызстандыктар болгон. Кыргызстандыктар келип, сабаттуу кылышкан. Кыргызстандыктардын шарапаты (аркасы) менен ушул жердин адамдары бүтүндөй Кыргызстандан барып окуп келген. Азыр бул жактагы интеллигенциянын көпчүлүгү Кыргызстандан барып окуп келгендер.

Жаңыл Жусупжан: Сизге окшоп.

Хамит Боронов: Ооба.

Жаңыл Жусупжан: Ошол көз караштан алганда, бүгүнкү күндө деле Кыргызстан өкмөтү адистерди жиберели деп Тажикстан өкмөтү менен сүйлөшүп, Кыргызстан айлыгын көбөйтүп берсе, мугалимдер келсе, силерге зарылчылыгы барбы?

Хамит Боронов: Азыр бизде мугалимдер жетиштүү. Себеби, бизге берилген квотанын негизинде Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Бишкекке барып, окуп келип жатышат. Бизге жакшы, жылыга келип алып кетип жатышат. Ал жагынан жакшы ыраазыбыз.
Жайылган айылынан бир көрүнүш.

Жайылган айылынан бир көрүнүш.



Жаңыл Жусупжан: Кыргыздардын ушул жерлерге келип калганы тууралуу ар түрдүү ойлор айтылып келет. Мындан 3-4 кылым мурда келген, кийинчерээк келген, балким андан мурда келгендер бар деп. Сиздин тарыхчы катары бул ойлорго пикириңиз кандай?

Хамит Боронов: Кыргыздардын Жерге-Тал районуна келгени боюнча так маалымат жок. Айрым китептерде XVII кылымда келген деп жазылыптыр, ошону бир тарыхчы экинчи тарыхчыдан көчүрүп алып, цитата катары айтып келе жатат. Бирок чындыгында, биз XVII кылымда келген болсок жер - суунун аттарынын баары кыргыз тилинде жазылбайт эле да. Жерге-Тал районунда канча кыштак болсо, бардыгы кыргыз тилинде аталган. Мурун башка адамдар жашаган болсо ошолордун тилинде жазылган болушу керек эле.

Жаңыл Жусупжан: Ал эми тажиктер качан келе баштаган?

Хамит Боронов: Бул жер мурун кыргыз району болуп турган. Тажиктер мурун аз болушкан. Бул район Тажикстанга карап калгандан кийин, тажик улуттары келе башташкан. Тажиктер көбүнчө кыргыз тилде окуп, кыргыз тилде сүйлөп келишкен. Азыр элдин басымдуу бөлүгү тажиктер болуп, мектептер тажик тилине өтүп жатат. Тажик тили мамлекеттик тил болгондуктан, кыргыздар тажик тилинде сүйлөп, тажик маданиятын жакшы өздөштүрүүдө. Биздин жердеги тажиктер кыргыздын маданиятын, кыргыз тилин жакшы билишет. Азыр эки улут аралаш, көбүнчө аргындашуу, бүт эле чалыш - энеси тажик, атасы кыргыз, же атасы тажик энеси кыргыз, элдин көпчүлүк катмары ушундай болуп калды. Биздин эл эки тилде эркин сүйлөшөт.
Жайылган айылынын дасторкону

Жайылган айылынын дасторкону



Жаңыл Жусупжан: Ал эми жерлердин аталыштары сиз айттыңыз башынан кыргызча болуп келген деп. Биз жолдо бир, эки жерди көрдүк, өзгөргөн жерлер бар экен. Мисалы, Гүзар деген мурун Домбурачы экен, Кош-Тегирмен деген айылдын атын өзгөртүшүптүр. Силердин айылдын аты Жайылган экен, ал Чорсу деп өзгөрүлгөнүн айылдын кире беришинен көрдүк.

Хамит Боронов: Менин билишимче, аталыштардан 4-5 эле жерлер өзгөрдү. Ачык-Алма деген да өзгөрдү. Тажикчесин мен анча жакшы түшүнбөйм. Бул эми мамлекеттик саясат, ага мен киришпейм. Менин ага көз карашым деле жок, мен бир карыган кишимин, мамлекеттик саясатка аралашкым да келбейт, аралашпайм дагы.

Видеодо Хамид Боронов аксакалдын кыргызстандыктарга дубай саламы:

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG