Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:30

Элимдин көрөңгөсү: Нусратулло Хасанов


Нусратулло Хасанов аксакал байбичеси Шарапаткан Аббасова менен Дүйшөмбүдөгү батиринде, 2015-ж.

Нусратулло Хасанов аксакал байбичеси Шарапаткан Аббасова менен Дүйшөмбүдөгү батиринде, 2015-ж.

Тажикстандын Жерге-Тал районунун жарандык согуш мезгилиндеги раиси Нусратулло Хасанов үйү өрттөнүп, аялы, балдары менен Кыргызстанга качкан. Кийин тажик парламентинин депутаты болуп, азыр Дүйшөмбү калаасында ардагердин жарыбаган пенсиясына кыйналган шартта жашап жатат.

Жаңыл Жусупжан Нусратулло аксакалдын өтө жупуну батирине баш бакканда аксакал байбичеси менен отуруп, сары майдай сактаган ыр дептерин барактап, накыл кебин ортого салды. Анда аксакалдын накыл кептерин чогуу окуйлу.

“Китеп - чоң казына”

Тажиктин бир жазуучусу тил эненин сүтү аркылуу келет деп айткан экен. Демек тил адамдын асыл жаны, анын жүрөгү.

Кыргыздын жазуучу бир акындары “Улутчул дешет билбеген, улутун кимдер сүйбөгөн, кыргыз болуп дүйнөгө жаралгам, кыргыз болуп өтөм дүйнөдөн” деп айткан экен. (ред.: Байдылда Сарногоев)

Нусратулло аксакал беш жашында (ортодо ак шарфчан) мектепке барган. Солдон экинчи отурган Кыргызстандан келген биринчи мугалими Алымкан. Солдон төртүнчү Алымкандын уулу, кийин Кыргызстандын генералы болгон Тилек Асаналиев. Оңдон экинчи болуп отурган таенеси Базаргүл, оңдон экинчи турган энеси Данагүл. Жерге-Тал, Тажикстан

Нусратулло аксакал беш жашында (ортодо ак шарфчан) мектепке барган. Солдон экинчи отурган Кыргызстандан келген биринчи мугалими Алымкан. Солдон төртүнчү Алымкандын уулу, кийин Кыргызстандын генералы болгон Тилек Асаналиев. Оңдон экинчи болуп отурган таенеси Базаргүл, оңдон экинчи турган энеси Данагүл. Жерге-Тал, Тажикстан

Менин оюмча, дүйнөдө өзүнүн улутун, эне тилин сүйбөгөн адамдар жок болуш керек. Ошон үчүн китеп - чоң казына. Адам акылды да, билимди да, тажрыйбаны да, адамкерчиликти да китептен үйрөнөт. Ата-энесинен үйрөнөт. Андан калганын жакшы адамдардан алат.

“Чай кайнам болсо да жакшынын жанында бол”

Мен бир жолу бир улук лейтенант менен чай ичишип калдым. Анын “Жаман менен өмүр бою жүргөнчө, жакшынын жанында бол бир чай кайнамча” деп айтканы эсимде.

Ошон үчүн ар дайым жакшы адамдардын жанында болгум келет. Жакшыга жанашкым келет.

Ал эми мына бул китептерден (ред.: колундагы китептерди көрсөтүп), “Күлүктү минип күлкүлдөп сен да өтөөрсүң дүйнөдөн, эшекти минип кыткылыктап мен да өтөөрмүн дүйнөдөн” дегенди окудум.

Күлүктү минип, кабат үйлөрү болуп, машинелери менен маарканган (манчыркаган) адамды айтышкан. Кыргыз эл акыны Эсенгул Ибраев “Кайрымдуу бол карыга, жагымдуу бол баарыга, өз, өзгө деп жектебей, бирдей кара баарыга” деген экен.

Негизи пенсияга чыкканда, кызматтан алыстап калганда кимдин ким экени даана билинет экен. Ким менен бирге кызмат кылгансыз, канчалык жылуу жакшы сөздөрдү айткансыз, муну сиз деле жакшы билесиз. Мисалы, бир жылуу сөз укпай калгандан кийин ар нерсе оюңузга келет экен.

Илгертен эле бир жазуучу бул нерсени “Көп эле жөлөп-таягам, жаман иш экен ал аябай. Жакшылык кылган адамың, тузуңа кара санаган” деп эбак эле жазып коюптур.

“Зыяны жоктун баары адал”

Кандай шартта, кандай абалда болбо, эң биринчи адам керек адамга. Андай болсо ардакташып өтөлүк, ушул олку-солку заманда; мейли пас, мейли бийик зоболобуз, баары бир бул турмушка аз конобуз, түшүнсөк тирүү жандар түбү келип, бир чымчым топуракка ээ болобуз” деген экен акын.

Нусратулло Хасанов Красноярскидеги аскердик окуу жайдагы кесиптеши Кулешов менен, 1986-87-жылдар.

Нусратулло Хасанов Красноярскидеги аскердик окуу жайдагы кесиптеши Кулешов менен, 1986-87-жылдар.

Ал эми биз, менби, башкабы, баарыбыз бул дүйнөдө өмүр бою жашап жүрө берем деп ойлойбуз. Бирөөлөрдү капа кылып, аларга орой-олтоң мамиле кылабыз.

Ошон үчүн ушул жагынан Исламда жакшы сөздөр жазылган. Исламда арам жана адал деген бар. Адал деген сөз бардык жакшы нерселер, адам баласына кайсы нерселердин пайдасы бар, зыяны жок болсо, ошол нерселердин бардыгы адал.

Турмушта жеке кызыкчылык, анан коомдук кызыкчылык деген бар. Коррупция ушундан келип чыгат.

Бардыгы өзүнүн жеке кызыкчылыгын ойлоп, ыплас иштерге барып, мен өмүр бою эле ушул бойдон жүрө берем деп ойлоп, кээ бирлер өлөөрүн унутуп коюшат.

Тажиктердин акыны: "Бирөө ичти, бирөө жеди, бирөө жыйды казына кылып, бирөө чөнтөгүнө толтурду, ал өлгөндө акчасына аялы чардаптыр" деп жазыптыр.

Ошондуктан акча үчүн бирөөлөрдү капа кылып, эки элди уруштуруп, жакшылыктан алыс кетип, жамандыкка жакындап калыш, менин оюмча, акмакчылык.

“Келинди сыйласаң, келин сени сыйлайт”

Кээ бир учурларда аялдардын арасында болуп, аялдардын жыйналыштарында сүйлөп калам. Ошондо баамдасам, акылдуу кайын энелер “коңшу-колоңдорго барып, келиниңерди мактай берсеңер, келиниңер силерге кызмат кыла берет. Келиниңердин акылы жок болсо, тамактын тузун өткөрүп жиберсе да, жакшыраак жип ийрий албаса да "пешенеңен айланайын, бир жакшы келин келиптир" деп койсоң ошол сөздү уккан келин уялганынан жип ийригенди, тамак жасаганды, нан жабышты жана сизге урмат кылышты үйрөнөт. Ал эми коңшу-колоңго барып, келиниңди жамандасаң келиниңди тажаал кылып аласың” деп айтышат.

Нусратулло Хасанов ал кездеги парламент төрагасы Эмомали Рахмон менен Кара-Мык айылындагы кар көчкүдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү мезгилинде, 1991-жыл, Жерге-Тал

Нусратулло Хасанов ал кездеги парламент төрагасы Эмомали Рахмон менен Кара-Мык айылындагы кар көчкүдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү мезгилинде, 1991-жыл, Жерге-Тал

Чынында да келиниң ар дайым сенин жаныңда болот, ал эми бир туугандарыңдын ар киминин өзүнүн турмушу бар. Ошондуктан бир тууганга бир тууган жөлөк болот турбайбы, ар киминин турмушу бөлөк болот турбайбы деп коюшат.

“Өйдөлөп жашың барганда, карылыкка тартып калганда, көбөйөт экен өтүнүч, көбөйөт экен арман да” демекчи, кааласаң да, каалабасаң да келиндердин ой-пикири бир чыкпай калат, неберелердин ой-пикири бир чыкпай калат. Барган сайын буттан, колдон кубат кетет экен:

Ооматың өткөн көрүнөт

Ойлосоң сөөгүң сөгүлөт.

Этегим толгон сонундар

Эңкейтпей өзү төгүлөт.

“Жаман уул уялбайт”

Кээ бир жигиттер “мен банкрот болуп калдым, уулдарымдын арасынан бирөө жаман чыгып калды” деп кейип калат. Муну акындар утурлап: "адегенде эмди эле апасынын эмчегин, кагып жүрөт азыр да атасынын чөнтөгүн” деп жазып кеткен экен.

Андай балдар уялбайт, тартынбайт, билбейт. Карыган атасын, апасын оор кырдаалдарга калтырат. Жаман атка жал бүтсө, жанына торчук байлатпайт.

Ал эми асылзаада, уругу таза адамга сен жамандык кылсаң да, ал кайра сага жамандык кылбайт.

Жаман адамга жүз жакшылык кылсаң да билбейт, ичи тарлык кылат.

Пифагор “Делай великое, не обещай великого” деп айтыптыр. Ошон үчүн биз көп нерсени убада кылбастан жасашыбыз керек.

“Касымбеков мен жөнүндө жазам деген”

Сүйүнбай Эралиев, Казат Акматов, Төлөгөн Касымбековдун китептерин сары майдай сактап жүрөм.

Бир ирет Бишкекте ушул кишилер менен бардыгыбыз топтошуп барып, Сүймөнкул Чокморовдун ишканасында сүрөткө түшкөнбүз. Ошондо Төлөгөн Касымбеков менен көп сүйлөшүп, ал мага “иним, сен жөнүндө бир нерсе жазат окшойм” деген эле. Кийин ал киши да каза тапкан экен.

Жаткан жери жанаттан болсун, топурагы торко болсун. Ошол айткан сөзү менин жүрөгүмдө калды. Четте жүрсөң четтеги кыргыздай болуп кала берет экенсиң. Кыргыздын кээ бир салттарын да унутуп калат экенсиң.

Маекти бул жерден уга аласыз:

“Балдарым Кырызстанда, биз Тажикстанда”

Беш кыз, эки уулум бар. Ошолордун ичинен бирөө гана жогорку билимге ээ болбой калды. Менин балдарымдын апасынын бир эле эжеси бар. Эки агасы бар эле, алар да кайтыш болду.

Кызым үчүнчү курста окуп жатканда ал эжеси 100гө чыгып калган, “мен алдан-күчтөн тайдым, кыздарыңдын бирөөсүн бер” деди. Анан 3-курста окуп жаткан кызымды ага бердик. Кызымдын окуусу ошол бойдон калып кетти.

Калгандарынын бардыгын окуттук, азыр кенже кызым Түркияда окуп атат. Калгандары бүт Кыргызстанда. Чоң уулум экономфакты жакшы окуп бүтүрдү. Бир кызым мугалим. Мен балдарыма “Каалаган партияга кирип катыша бергиле” деп айткан элем. Азыр бир студент кызым Текебаевдин партиясында иштейт.

Биздин балдар Кыргызстандын жарандары, биз Тажикстандын жарандарыбыз. Биз эки өлкөнүн ортосунда кала бербейли деп учурунда президент Акаевге жаздык эле. Тажикстан менен Кыргызстандын ортосунда (кош) жарандык маселе чечилсин дедик эле. Акаевден "Конституцияда мындай жарандык алуу каралган эмес" деген жооп келген.

“Атты бербесе да байгесин беришсин”

1992-жылы мен кыргыздардын Бүткүл дүйнөлүк биринчи курултайына баргам. Намазалиев Апсамат деген Ысык-Ата районун акими, Албачаев Эмил деген бир колхоздун төрагасы, анын колуктусу, (маркум төкмө акын) Эстебес Турсуналиевдин карындашы болуп, “аксакал, сизди 2500 кишинин арасынан тандап, сизге ат миндирдик” деп айтты.

Мен аны жөн эле сөз деп ойлоптурмун. Көрсө ал чындык экен. Андан кийин Манастын 1000 жылдыгы өтүп, ошол колхоздун аты биринчи орунга ээ болуп, 25 миң доллар акча алып келген.

Ал кезде Дүйшөмбү калаасында Кыргызстандын элчиси Эрик Асаналиев эле. Аябай жакшы жигит эле, мага көп келчү, жаңы жылда мени көп куттуктачу. Анан бир жолу бирге отуруп чай ичип калып, ага арыздандым. “Мага бир ат мингизишкен эле, ошол атым Манастын 1000 жылдыгында биринчи орунду алып, 25 миң доллар утуп алды. Атты бербесеңер да, ошол байгесин берсеңер" деп айттым.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG