Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:35

Тажикстандын тирүүлөй жетим балдары


Тажикстанда болжол менен бир миллиондой киши көбүнчө Орусияда иштеп жүрүшөт. Мурда акча табуу үчүн чет өлкөгө кеткендердин көбү эркектер эле. Кийинки кездери Тажикстандан аялдар да көп кете баштаганы байкалууда.

10 жаштагы Нигора атасы менен агасын бир жылда бир көрчү. Экөө Орусияда иштеп жүргөнүнө бир топ жыл болуп калды. Бирок бир ай мурда Нигоранын апасы да Орусияга кетти. Ошону менен кыз эжесинин колунда калды:

Атам ал жакта эмне иш кыларын билбейм, бирок апам тикмечи болуп иштейт. Байкем жыгач уста, үстөл, отургуч жасайт. Апам бир ай мурда кетти. Алар мага күндө телефон чалышат, бирок мен баары бир аларды сагынам. Апам ал жакта үй алгандан кийин баарыбыз чогуу болобуз дейт.

Нигоранын ата-энесине окшогон жүз миңдеген мигранттар Тажикстанга жылына 3 миллиард доллар жиберип турушат. Бул өлкөнүн ички дүң өндүрүшүнүн үчтөн бирине туура келет.

Мурда Тажикстандан чет өлкөгө иш издеп кеткендер эркектер болчу. Бирок 2008-2009-жылдардагы кризистен кийин Тажикстандан аялдар да кете баштады. Алар бүгүн сыртка кеткендердин алтыдан бирине туура келет. Көпчүлүгү үй кызматчысы болуп иштейт, Нигоранын апасындай тикмечи болот, бала багат. Алардын саны көбөйгөн сайын Тажикстанда атасынан да, энесинен да тирүүлөй ажыраган балдардын саны өсүүдө.

Нигораны эжеси карап калды, ал эми башкаларын багып чоңойтуу чоң ата, чоң эне, таята, таенелердин мойнуна жүктөлөт.

Алардын бири, 70 жаштагы Мамурби Коргон-Дөбө шаарында жашайт. Баш калаа Дүйшөмбүдөн 100 чакырым аралыктагы шаарда ал төрттөн 14 жашка чейинки жети небересин багат.

Мамурбинин өзүнүн үч баласы бар. Бирок анын эне катары тажрыйбасы жети небере багууга жетишсиз болуп чыкты.

Колдон келишинче тарбиялап жатам. Көбүнчө эркелетем, бирок кээде балдарга колум тиет. Баланы атасыз тарбиялаш кыйын турбайбы, дагы жакшы - таякесин угушат.

Ал эми Дүйшөмбүдөн түндүктөгү Турсунзода шаарында 60 жаштагы Шамсуя Шоймардоновага кызы Орусияга кеткенде төрт баласын таштап кеткен. «Үч неберем азыр өспүрүм жашка кирип калды, кээде тил алышпайт. Эртең менен туруп, тамак берип, балдарды окууга жөнөтөм, түштө келип тамак жасап коюп, кайра ишке кетем, кечинде келип, үйдү тазалап, кир жуумай. Карыганда кыйын эле экен, кыйналдым» дейт Шоймардонова.

Тажикстанда анын кызына окшогон мигранттардын үйгө жөнөткөн акчалай жардамы дарыга, балдарды окутууга, кенен-кесири ичип-жегенге мүмкүнчүлүк берерин эч ким танбайт.

Бирок көп кишилер ата-эне экөө тең кетип калганда, балдарга кыйын экендигин айтышат.

2011-жылы декабрда жарыялаган отчетунда БУУнун ЮНИСЕФ Балдар агенттиги Тажикстанда калган мигранттардын балдары мектепте коркутуп-үркүтүүгө, депрессияга көп туш болуп, жүрүм-турумунда агрессия күч алаарын эскерткен.

Дүйшөмбү калаасындагы социолог Файзали Сукур акчанын артынан түшпөй, ата-эне балдарды тирүүлөй жетим калтырбашы керектигин эскертет:

- Балдарын Тажикстанда калтырып, чет өлкөгө кетип калгандар чоң ката кетиришет. Ата-энеси такай карабаса, бала ар кандай жолго түшөт. Бала жаш чырпыкка окшош, аны каалаган жагына ийе берсе болот. Адатта бул балдар жакшы билим албайт, жаркын келечектен кур калат.

Турсунзода шаарынын тургуну Шоймардонова да ушул пикирде. Ал мугалим катары неберелерин кыйналбай багам деп ойлогон, бирок бүгүн ал ата-энени эч ким алмаштыра албай тургандыгын айтат. «Кээде балдар апасын, атасын эстеп ыйласа, мен да жашып, бөлмөмө барып алып, ыйлайм» дейт тажикстандык таене.

XS
SM
MD
LG