Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:56

Мургаб ыргактары: Кыл көпүрөдөгү өмүр


Мургабдык үй-бүлө дарыядагы "кыл көпүрөдөн" өтүп баратат.

Мургабдык үй-бүлө дарыядагы "кыл көпүрөдөн" өтүп баратат.

Чарчап калган бала чымчык болуп бейишке чыгаары чын болсо, дүйнө чатыры атыккан Памир даана бейиштин төрү белем, aнткени Тажикстандын аймагындагы мургабдык кыргыздар отурукташкан Чыгыш Памирде эне-баланын өмүрү ар дайым бычактын мизинде, дал ошол бейишке баруучу кыл көпүрөнүн кырында.

Гүлнара экөөбүз сууга түшүп жаттык. Эки дайранын ортосунда атылып чыккан булактын үстүнө бассейн жасап коюшуптур. Кире бериште чакан бөлмө, ичкериде дубалы ар кыл түстөгү жамаачы шифер менен тосмолонгон бассейн. Күңүрт-кызыл кирпичтен салынган төрт бурч бассейнде түбү карарган суудан жылдыздай жыбыраган майда көбүкчөлөр улам калкып чыгып, тырс-тырс этип жарылып жатты.


Сыртындагы ачык көлмөдө Гүлнаранын уулу, күйөөсү экөө өздөрүнчө сууга чөмүп жатышты. Доошун акырын чыгарып, күлө сүйлөгөн Гүлнаранын күйөөсү экөөнүн карманганы жалгыз ушул бала. Калган алтоо бүт чарчап калган:

– Бул балама чейин үчтү, анан дагы үчтү төрөдүм. Ушул баламан башкасы жети айлык, сегиз айлык болуп, эрте төрөлдү. Тун уулум жайлоодо жүргөндө көз жарган, тогуз ай болгондо чарчап калды. Атын Адахан деп койгонбуз.

45ке чамалап калган жапалдаш бойлуу Гүлнаранын жоолугунун чекесинен күн көрбөгөн маңдай териси аппак болуп кылтыйат. Үнү булактын доошундай шыңгырап назик чыккан менен, күнгө тотуккан жүзүн кыйла бырыш басып, өз жашынан улуу көрүнөт.

Гүлнара

Гүлнара


Гүлнараны 20 жашында коңшу айылдан бирөө ала качып, аварияга туш болуп, акырек сөөгү сынган. Андан көп өтпөй, азыркы күйөөсү ала качып кетип, жашап калган. Жалгыз уулун Кыргызстанга барып, Айдеркенде сегиз ай сактанып жатып төрөдү.

«Күнүм келип калды, дарыгерге барайын» деп деле ойлобопмун. Бир ай калганда тоодон түшөлү дегенбиз, билбей калыптырбыз. Эгиз (бийик) жайлоодо элек. Андан кийинки балдарым да кырда (тоодо) төрөлдү. Мургабда деле врачтар бар, консультация беришет. Көздөрү жетпесе, Ошко, Хорогго бар дейт. (Тоолуу-Бадахшандын борбору) Хорог 900 чакырым алыс. Ал жактарга деле шишип, жолдо жүрө албай калганда барып калабыз.

Көздөрү жетпесе, врачтар Ошко, Хорогго бар дейт. Хорог 900 чакырым алыс, Оштун жолу начар. Ал жактарга деле шишип, жолдо жүрө албай калганда барып калабыз.
Тоолуу-Бадахшандын борбору Хорог менен Мургабдын ортосунда СССР мезгилинде салынган Памир жолу бар. Чыгыш Памирде төрт жыл жашап, докторлук изилдөөсү жаңы жарык көргөн Тилл Мостовланский өз эмгегин дал ушул жолдун боюнда жашаган элдердин эрте чарчап калган балдарына багыштады:

- Изилдөө жүргүзгөн жылдары Мургабда мен жашаган үйдүн баласы чарчап калды. Ошондо айылдагылар «жаш баланын жаны дароо бейишке чыгат, анткени анда күнөө жок» дешти. Ошондуктан мен эмгегимди ошол бейиштин чымчыктары болуп кеткен жаш балдарга арнадым.

Мургабдыктар чек аранын ар жагындагы ооган кыргыздарынан такай кабар алып турушат. Дөөлөр кармашкан геосаясаттын кесепетинен катташа албай калган оогандык боордоштордо аялдар төрөттөн көп өлгөндүктөн, күйөөгө бергенге кыз жетпей, 50гө чыкканча бойдок жүрүп өтүп кеткен эркектер бар экенин мургабчылар көп айтышат.

Тилл Мостовланскийдин сөзү боюнча, демографиялык кризис Мургабда Ооганстандагыдай терең эмес:

Мургабда саламаттык тармагы абдан начар. Жаш балдардын өлүмү советтик мезгилдегиден алда- канча жогору.
- Ооганстанда кырдаал чынында бөлөк. Ооган кыргыздары жашаган Кичи Памирдеги Вакхан тилкеси эч качан СССРдин курамында болгон эмес, эч кандай жол, оорукана жок. Мургабда советтик доордон калган инфраструктура азыр да бар. Ошондуктан Ооганстандагыдай аялдар аз болуп, күйөөгө бергенге кыз калбай калгандай кырдаал жок.

Ошол эле мезгилде эне жана баланын өлүмүнө келгенде Тажикстан мурдагы советтик жумурияттардын эч кимисине камчы салдырбайт. Муну өзү бийик тоолуу Швейцарияда туулган Мостовланский да бышыктады:

- Хорог менен Ошко караганда Мургабда саламаттык тармагы абдан начар. Бийик тоонун шартында бала көтөрүү ансыз деле кыйын. Жергиликтүүлөр жаш балдардын өлүмү советтик мезгилдегиден алда канча жогору деп айтышат.

Мургабдык жаш энелер

Мургабдык жаш энелер

Бириккен Улуттардын Калк корунун 2010-жылкы эсебинде, Тажикстанда жүз миң энеден 64ү төрөттөн көз жумат. (http://www.unfpa.org/sowmy/resources/docs/country_info/profile/en_Tajikistan_SoWMy_Profile.pdf) Бул аймактагы орточо көрсөткүчкө жакын, бирок чыныгы сандар мындан алда канча жогору болушу мүмкүн. Ооганстанда 100 миң төрөттө 1400 аялдын өмүрү кыйылат. Адистер бийик тоолуу аймактарда статистика өрөөндөгү көрсөткүчтөн кыйла жогору экендигин белгилешет. Мисалы бир изилдөө ооган кыргыздары жашаган Ооганстандын Бадахшан вилаятында бул көрсөткүч өлкөдөгү орток көрсөткүчтөн беш эсе жогору экендигин көрсөткөн. (http://www.plosmedicine.org/article/info%3Adoi%2F10.1371%2Fjournal.pmed.1000005) Демек так статистика болбогон Мургабда да кырдаал кыйла кыйын экенин болжолдоо кыйын эмес.

Мургабдын борбордук ооруканасынан алынган маалыматка караганда, акыркы 12 жылда бир гана ушул ооруканада үч ымыркай чарчап калган, бир эненин өмүрү кыйылган.

Ал арада мургабдык Гүлнара советтик доордогу кабелтең социалдык системанын артыкчылыктарын сөз кылып, азыр аздан болсо да, мургабчылардын жаштары медициналык кызматкерлердин суюлуп кеткен катарын толуктап жатканын куштарлана кеп кылды.

- Союз маалында Фрунзеден, Дүйшөмбүдөн врачтар келип, турушчу. Азыр жаңы жабдык келбейт. Эски врачтар эле калды.
- Союз маалында Фрунзеден, Дүйшөмбүдөн врачтар келип, иштеп кетишчү. Андан бери жаңы жабдык келбейт. Эски врачтар эле жүрүшөт. Дүйшөмбүдө өзүбүздүн балдар терапевт, хирург жагына окуп келишти. Гинекологдон бирөө бар, ал да быйыл келди, жаш кыз.

Жаңы келин болуп келгенде, Гүлнара кайненесинен таалим алып, ага ысык чайын бере алган жок. Ал киши жаш өтүп кетип, кайнатасы чиедей алты баланы жалгыз чоңойткон.

Күкүрттүү ысык сууда нымшып, көңүлү жайдары отурган Гүлнаранын күйөөсү мургабдык кыргыздар арасындагы саналуу мамлекеттик кызматкерлердин бири, турмуштары деле ашып кеткен эмес, бирок жумуш дээрлик жок, ар ким өз арбайын өзү соккон аймакта дасторконунан аш үзүлбөйт.

Гүлнараны айрыкча жаш келиндер арасында өлүмдүн көп экени ойлондурат. Бирок өз башынан өткөргөн далай кыйынчылыкка бышып калганбы, Мургабда жакында эле бир аял жаңы туулган баласы экөө тең өлүп калганын көп окуянын бирин эстегендей, бош айтты:

Кыйынчылык, кымбатчылык... Төрөп балдары чарчап калгандар бар. Кан басымынан өлгөндөр бар. Көбү жаштар. Баш айланат, шишийт, кан басымы эгиздеп берет (көтөрүлүп кетет), тамак жей албайт, бала көтөрө албайсың, анан эрте төрөлүп калат. Врачтар көзү жетпесе аборт кылып салат. Жакында бир аялдын баласы да, өзү да өлүп калды. Жакшы эле келген. Бирок төрөттөн кийин эле кан басымы көтөрүлүп кетип, жардам болбой (экөө тең) өлүп калды.

​Асман тиреген тоонун койнунда оргуп чыккан кайнар булакка түшкөн адам эзели оорубаса керек: абасы таза, суусу даба! Бирок мургабдык энелердин күнүмдүк каатчылыктан кайнар булакка түшүп, өздөрүн бапестен караганга колу бошобойт, балким чыгынбайт деле.

Мургабчы жаш бала менен ат чабыш ойнун карап турат

Мургабчы жаш бала менен ат чабыш ойнун карап турат

Жапалуунун өзүн жекелеген жарабас, бирок билермандар энелер ичкен тамагына көңүл бөлсө, кайгылуу статистика кыйла жакшырмак деп эсептешет.

Алардын бири Мургабдагы «Ат-Чабыш» фестивалынын уюштуруучусу Жаклин Рипар:

- Мен мындан жарым ай мурда Мургабда болгондо, жакырларга, кары-картаң, майыптарга жардам берген уюмдун кишилери менен сүйлөштүм. Абал кыйын эле, аларды караган дарыгер жок. Ооруканага барып, дары алганга акчалары жетпейт. Ооруп калса Хорогго барууга туура келет. Мындайлар көп.

Мургабга ат тезегин кургатпай каттаган франциялык саяпкердин айтымында, бул аймактагы болгон дарыгерлер көп учурда дары сатуу менен чектелишет. Бул жактын жери чөлдүү келгендиктен, эттен башканын баары сырттан ташылат, демек кымбат. Билим берүүнүн да абалы начарлаган сайын, калктын саламаттык жаатындагы маалымдуулугу кендирди кесет:

- Мен бир балага жардам бергем. Боору ооруп жүрчү. Хорогго барып дарылатышты, анализ берди, канча врачка көрсөтүштү (жардам болгон жок). Бир күнү ал Бишкекке келген экен, мен ага тамактануунун режимин айтып бердим. Муну же, муну жебе деп түшүндүрдүм. Эки жыл ооруп жүргөн бала 4-5 айдан кийин эч кандай дарысыз эле, оңолуп кетти. Мурда эч ким ага тамактануу тууралуу эч нерсе айткан эмес!

Жаклин Рипардын ишениминде, эң башкы чоң көйгөй дал ушул туура азыктанууга байланышкан:

- XXI кылымда мургабчылар илгеркидей жалаң топоздун майын жешет. Кышкысын аялдар үйдө болушат, 40 градус суукта малдын артында жүргөн эркектердей күчтүү тамак жештин аларга анча кереги жок. Бирок жаш балдар да, аялдар да жалаң майлуу эт менен чектелишет, жашылча-жемиш дегенди билишпейт. Таза суу ичпесе, же туура эмес тамактанса, албетте бөйрөк, боор, бүт органдар жапа тартат. Аялдардын оорулуу экени чын, бирок алар тамактануусун өзгөртүшү зарыл. Бул өтө маанилүү.

Жаш балдар да, аялдар да жалаң майлуу эт жешет, жашылча-жемишти билбейт. Таза суу ичпесе, туура эмес тамактанса, албетте бөйрөк, боор, бүт органдар жапа тартат.
Бассейндин сынык терезесинен Кытай менен чек арадагы төбөсүн мөңгү баскан тоолор заңкайып көрүнүп турду.

Тажик тилин үйрөнсүн деп Гүлнаралар уулун Хорогдогу окууга беришкен, бирок былтыр жайдагы куралдуу жаңжалдан кийин, баласын окуудан чыгарып алышты.

Ата-эне баласына Кыргызстандан кыз алып берсек, келин ошол жактан төрөп, неберелер өмүрлүү болсун деген ойго жетеленишет. Бирок карманган жалгыз баласы «кимди алса алсын, аман болсо болду» дешет.

Аймакта СССРдин чек ара бекети турган кезде советтик офицерлер келип, ден соолугун бекемдесин деп кайнар булактын үстүнө ушул бассейн курулган.

Дары сууга бир топ отуруп, жылуу кийинип, сыртка чыктык. Тоо жактан соккон салкын жел адамды ичиркентет.

Көлмөнүн ары жагында турган УАЗ машинасын көздөй бет алдык. Сайдагы тоонун суусу аркан көпүрөнү агызып кетчүдөй оргуштайт. Күйөөсү Гүлнарадан торбону алып, келинчегинин колунан кармап, бир топ тактайлары түшүп калган асма көпүрөгө кадам таштады. Гүлнара болсо артынан келаткан уулунун колуна алып, үчөө кылтылдаган көпүрөдө астейдил басып баратышты.

Алыста алп тоолордун мөңгүсү батып бараткан күнгө чагылышып, кыл көпүрөдөгү эненин жолун жарыктандырып турду.


Макаланы даярдоого АКТЕД уюмунун Мургабдагы өкүлү Сүйүнтбек Тажидинов көмөк көрсөттү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG