Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:52

Тажик оппозиция лидерин бычактап кетишти


Тажик оппозиционери, журналист Додожон Атовуллоев 12-январда Москвадагы “Виаджио” ресторанында бычак жеп, реанимацияга түшкөн.

"Интерфакс" маалымат агенттиги дарыгерлердин сөздөрүнө таянып, операциядан кийин Атовуллоевдин өмүрүнө коркунуч жок экендигин маалымдады.

Азыр Атовуллоев Склифосовский тез жардам ооруканасында жатат. 12-январда кечинде белгисиз бирөө аны Москвадагы “Виаджио” ресторанында бычактап кеткен.

Додожон Атовуллаев - “Ватандор” кыймылынын жетекчиси жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду катуу сындап келген оппозиционер катары белгилүү. Саясатчы бир нече жыл мурун саясий себептерден улам Орусияга көчкөн.

Кол салуу боюнча кылмыш иши козголду. “Азаттык” Атовуллоевдин айдоочусу Омонбой менен байланыша алды:

- Эки жерге барып, аны таштап, үйгө кеткем. Кечке маал телефон чалышты, ага кол салышкан экен. Ал ооруканга түшүптүр.

Ички иштер министрлигинин Москва боюнча башкармалыгынын маалымат жана коомдук байланыштар бөлүмүнүн кызматкери Аркадий Баширов кечээ 56 жаштагы Атовуллоев бычак жеп табылганын тастыктады.

Баширов кол салуу болгон райондо тажик улутундагы адам кармалып, анын колунда кандын издери табылганын айтты. Бирок кармалган адам кол салдыбы, же жокпу - муну азырынча айтуу эрте. Себеби камакка алынган жаран күнөөнү мойнуна ала элек. Бирок анын колунан табылган канды экспертизадан өткөрүп жатышат.

56 жаштагы Додожон Атовуллоев Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган. Тажикстанда көз карандысыз жана оппозициялык “Чароги руз” гезитинин башкы редактору катары элге таанымал болгон.

Атовуллоев Эмомали Рахмонду бийликке алып келген "Элдик фронтко" каршы чыккан. Ал түптөгөн гезит бир нече жыл мурун чет өлкөдө чыгып, ал жактагы макалалар тажик бийлик төбөлдөрүнүн кыжырын келтирчү.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG