Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:24

Тажик оппозициясы биригиши мүмкүн


Быйылкы шайлоодо президенттикке талапкер болушу ыктымал саясатчылар.
Быйылкы шайлоодо президенттикке талапкер болушу ыктымал саясатчылар.

Тажикстанда быйыл ноябрда кезектеги президенттик шайлоо өтөт. Анда азыркы мамлекет башчы Эмомали Рахмонго жалгыз-жарымдап каршылык көрсөтүү кыйын болорун сезген тажик оппозициясынын көрүнүктүү өкүлдөрү бир талапкерди чыгарууга ниеттенип жаткандай.

“Азаттык” радиосунун тажик кызматына белгилүү болгон маалыматтарга караганда, буга чейин эки айлампадан өткөн сүйлөшүүлөрдөн соң азырынча сегиз талапкер иргелген.

Оппозициядагы Социал-демократиялык партиянын төрагасы Рахматулло Зоировдун айтымында, шайлоо мыйзамын өзгөртүү жана бир талапкерди чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр алардын Тажикстан демократиялык партиясынын жана Ислам кайра жаралуу партиясынын ортосунда жүрүп жатат:

- Бул сүйлөшүүлөр уланууда. Азыркыга дейре эки айлампасы өттү. Жүз пайыз болбосо да, биз 90% бир талапкерди чыгаруу керек деген орток пикирге келдик. Ал жалгыз талапкер ким болору азырынча белгисиз. Тизмеде сегиз ысым бар. Бешөө партиялардын өкүлдөрү, үчөө партияда жоктор. Булардын ичинен өзүмдү, Рахматулло Зоировду гана айта алам. Бирдиктүү талапкердин ысымы биротоло август айында жарыяланышы мүмкүн.

Жергиликтүү саясат таануучулардын пикиринде, тажик оппозициясы арасында уюшуусу башкалардан жакшыраак саясий топ - Ислам кайра жаралуу партиясы. Бул партиянын лидерлери кеминде 40 миң мүчөбүз бар деп ырастап жүрүшөт. Бирок партия буга чейинки шайлоо өнөктүктөрүндө өз алдынча катышууга умтулган.

Буга дейре оппозициянын бириккен коалициясын түзүү аракети 2006-жылкы шайлоонун алдында да жасалып, бирок ийгиликсиз аяктаган эле. Мунун негизги себептеринин бири дал ушул Ислам кайра жаралуу партиясынын ага кошулбай койгону болгон.

Натыйжада андагы шайлоодо президент Эмомали Рахмон менен кошо төрт талапкер катталган. Байкоочулар ал талапкерлердин максаты – шайлоо атаандаштык шартында өткөнүн көрсөтүү гана болгонун белгилешкен.

Эми бул ирет секулярдык партиялар исламчыл партия менен коалиция түзө алабы?

Ислам кайра жаралуу партиясынын лидери Мухиддин Кабири “Азаттыкка” курган маегинде партиясы бир талапкер боюнча сүйлөшүүлөргө расмий катыша электигин, партия өкүлдөрү жолугушууларга бейрасмий шартта барып жатышы мүмкүндүгүн, бирок коалиция түзүү жана бир талапкер чыгаруу идеясын алар да колдошорун айтты:

- Биз коалиция түзүү партиябыз артыкчылык берген маселе экендигин буга чейин эле айтканбыз. Биз баары менен, анын ичинде бийликтеги партия менен да коалиция курууга даярбыз. Биз үчүн эң маанилүүсү - талапкердин программасы жана максаттары. Тажикстандын шартында шайлоого жалгыз баруу, ага жөн гана катышып коюу дегенди туюндурат.

Алдыдагы президенттик шайлоого бирдиктүү талапкер менен чыгуу зарылдыгын Тажикстан Демократиялык партиясынын мурдагы төрагасы Масуд Сабиров да айтууда. Анын пикиринде, оппозиция алдыдагы шайлоодо кандайдыр бир ийгиликке биригүү жолу менен гана жете алат.

Бирок дүйшөмбүлүк саясат таануучу Парвиз Мулладжановдун көз карашында, өлкөдөгү реалдуулукту эске алганда тажик оппозициясы үчүн жалгыз талапкерге токтолуу өтө татаал маселе болот.

Талдоочунун пикиринде, мунун түйүнү бүткүл оппозициянын атынан президенттикке талапкер болуучу инсан ким экендигине барып такалат:

- Башкы көйгөй жана негизги тоскоолдук - бардык партиялар тарабынан кабыл алына турган талапкерди табуу. Бирок мындай талапкерди табуу абдан татаал маселе. Мисалы, социал-демократтардан Зоиров гана талапкер болушу мүмкүн, бирок Ислам кайра жаралуу партиясы аны колдоорунан күмөнүм бар. Демек башкы проблема – бардык партиялар үчүн кабыл алына турган инсанды табуу.

Тажикстанда президенттик шайлоо быйыл ноябрда өтүшү керек.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму тажиктердин буга чейин бир да шайлоосун эркин жана демократиялуу деп тапкан эмес. Оппозиция өкүлдөрү бийлик бул жолу деле шайлоонун жыйынтык пайыздарын өзү белгилөөгө умтуларын жокко чыгарышпайт.

Президент Эмомали Рахмон болсо саясий өнөктүктү утурлай анын бийлиги уланышына терс кесепетин тийгизүүчү ыктымал тобокелчиликтердин баарын жоюуга киришкендей.

Мисалы, мурдагы премьер-министр, 1994-жылкы шайлоодо Рахмонго атаандаш болгон Абдумалик Абдулложоновдун Украинада, ишкер жана “Топ-24” деген оппозициячыл уюмдун лидери Умарали Куватовду Бириккен Араб Эмираттарынан кармалышы да кандайдыр бир деңгээлде алдыдагы шайлоо менен байланышы бардай. Бул эки саясатчыны тең расмий Дүйшөмбү экстрадициялап алууну көздөөдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG