Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:02

Тажик парламентинин төмөнкү палатасы “Президенттин күнүн” белгилөө боюнча өкмөт демилгесин колдоду. Эми тиешелүү мыйзамга өзгөртүү киргизилген соң бул кошуна өлкөнүн жылнамасына дагы бир майрам кошулуп, ал Эмомали Рахмон президенттикке киришкен алгачкы күн - 16-ноябрда белгиленип турат.

Өкмөттүн “Президент күнүн” белгилөө демилгесин тажик парламентинин төмөнкү палатасынын депутаттары 11-апрелде колдоп берди. Бул маселе эми ушул шаршембидеги жыйында добушка коюлуп, депутаттар өлкөдөгү майрам күндөр тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө макулдук бериши керек.

Тажик парламентинин маалымат кызматы аталган мыйзамдын 2-беренесине жыл сайын өлкөдө 16-ноябрды “Президент күнү” деп белгилөө боюнча өзгөртүү киргизүү каралып жатканын билдирди.

Эмомали Рахмон 1992-жылы дал ушул күнү президенттик кызматка киришкен. “Азаттыктын” тажик кызматынын булагынын айтымында, мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоору Тажикстан президенти, "Улут көсөмү", урматтуу Эмомали Рахмондун мамлекеттүүлүктү бекемдөө, бейпилдик менен биримдикти орнотуу, эл аралык чөйрөдө өлкөнүн кадыр-баркын чыңдоо жолундагы баа жеткис салымын эске алуу менен даярдалган.

“Азаттыктын” тажик кызматынын журналисти Мирзо Салимпур тажик коомунда азыр бул демилгени жактап жаткандар менен катар аны сындагандар да жок эместигин айтат:

- Президенттин жактоочулары Эмомали Рахмон Тажикстан үчүн аябай эмгек сиңирди, өткөн 24 жылда өлкө үчүн абдан жемиштүү иштеди, ошон үчүн ал бийликке келген күндү “Президенттин күнү” деп өзүнчө бөлүп, белгилөөгө татыктуу деп эсептешет. Алар ошондой эле Рахмонду лидерликке тандоо Тажикстандын жыргалчылыгы үчүн зор иш болгон деп санашат. Сынчылар болсо бул Тажикстанда соңку жылдары өр алып бараткан жеке адамга сыйынуунун дагы бир баскычы экенин белгилешүүдө. Алар XXI кылымда ушундай иш болуп жатышы өлкөнү дүйнө коомчулугунун алдында маскара, шылдың кылат деп эсептейт.

Тажик президенти Эмомали Рахмон былтыр жыл соңунда "Тынчтык жана биримдикке негиз салуучу – Журт башы жөнүндөгү” мыйзамга кол коюп, өзүнө “Улут көсөмү” макамы ыйгарылышына макул болгон.

16-беренеден турган бул мыйзамдын 4-беренесинде “Улут көсөмү – Эмомали Рахмон” деп аталган орден жана ушундай эле аталыштагы мамлекеттик сыйлык негиздөө да каралган.

Өлкөдөгү айрым саясатчылар бул кадамды демократияны мазактоо катары баалашкан. Канткен менен оппозицияга карата басым-кысым жана куугунтуктоолордон улам тажик коомчулугунда азыр бийликтин соңку кадамдарын ачык сындагандар жокко эсе.

Тажик парламенти Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча жалпы элдик референдумду 22-майга белгилеген. Бул өзгөртүүлөр Эмомали Рахмонго “Улут көсөмү” катары кийинки президенттик шайлоого чектөөсүз катышуусуна жол ачат. Азыркы Конституциянын талабына ылайык, ал 2020-жылкы шайлоого катыша албайт.

64 жашка караган Эмомали Рахмон бул кошуна өлкөнү бийлеп жатканына чейрек кылымга жакындап калды. Бийликтеги карьерасын 1988-жылы Дангара районундагы Ленин атындагы совхоздун деректирлигинен баштаган Эмомали Рахмон Тажикстанды 1992-жылдан бери башкарып келатат.

Тажикстан бирок “Президент күнүн” белгилеп жаткан Борбор Азиядагы жалгыз өлкө эмес. Маселен, Казакстан 5 жылдан бери 1-декабрды өлкөнүн алгачкы президентинин күнү катары белгилеп келатат. Бул кошуна өлкө 1991-жылдын 1-декабрында туңгуч президентин шайлаган эле.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG