Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:09

Тажик президентинин күйөө баласын атып кетишти


Холмомин Сафаров - президент Эмомали Рахмондун күйөө баласы
Холмомин Сафаров - президент Эмомали Рахмондун күйөө баласы

Өткөн түнү Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун күйөө баласын белгисиз бирөөлөр Дүйшөмбүдөгү үйүнүн жанында атып кетишти.

Холмумин Сафаров өкмөттүк Токой чарбасы жана аңчылык башкармалыгын жетектечү. Кээ бир эксперттердин айтымында, Сафаров кызматына байланыштуу өлтүрүлгөн болушу ыктымал. Окуя тергелүүдө.

57 жаштагы Холмумин Сафаров - президент Эмомали Рахмондун карындашынын күйөөсү. Маалымат булактары кабарлагандай, Сафаров 13-июнда шамдан кийин Дүйшөмбү шаарынын түштүк батышындагы Хаети Нов маалесиндеги үйүнүн жанында белгисиз адамдардын кол салуусунан набыт болду.

Жергиликтүү адамдардын “Азаттыктын” тажик кызматынын кабарчысына айтышынча, Сафаровду белгисиз адамдар мааледеги мечиттен куптан намазды окуп чыгып, үйүнө баратканда атып кетишкен.

Жума деген адам кечки 9 ченде болгону окуяны мындай сүрөттөйт:

- Мен октун үнүн угуп, эмне болду деп көчөгө жүгүрүп чыксам: "ал жакка баспа, атыш болууда", - дешти. Келсем, бир киши кан болуп жатыптыр. Мен ким экенин тааныбадым. Тегереги кан. Топусу бир жерде, уюлдук телефону башка жерде жатат. Коңшум келип, аны тааныды. Ал куптан намаздан кайткан экен. Биз анын туугандарына маалымдадык.

Холмумин Сафаров атып өлтүрүлгөн жер. Дүйшөмбү шаары, 14-июнь 2012
Холмумин Сафаров атып өлтүрүлгөн жер. Дүйшөмбү шаары, 14-июнь 2012
Холмумин Сафаров Токой чарбасы жана аңчылык мамлекеттик башкармалыгын 2009-жылдын июль айынан бери жетектеп жаткан. Байкоочулардын айтымында, маркум өлкөнүн токой чарбасын жетектөөгө дайындалганга чейин анын ысмы коомчулукка белгисиз болчу.

Ал өкмөттүк кызматка келгенден кийин саясий турмушка аралашпай, жупуну жашап жүргөнүн айтат дүйшөмбүлүк серепчи Марат Мамадшаев:

- Ачык айтканда, адамдар Сафаров эмне үчүн өлтүрүлгөнүн түшүнө албай, таң калып турушат. Сафаровду жакын билгендер маркум жөнөкөй, жоош адам экенин айтышууда. Ал шаарда башкалардан айырмаланып, эч кандай күзөтчүлөрү жок жүрчү. Өз жашаган мааледеги мечитке дайыма намазга барып турган. Коңшулары менен жакшы мамиле күткөнүн айытшууда. Аны жек көргөн кимдир бирөө өлтүрсө керек дешүүдө. Бирок мен мындай версияга кошулбайт элем.

Ошол эле учурда Марат Мамадшаев бул 1991-1997-жылдардагы өлкөдөгү жарандык согушка чекит койгон Тынчтык келишиминин 15 жылдыгын утурлай жасалган диверсия болушу мүмкүн деп жоромолдойт:

- Бул менимче, 28-июнда белгиленчү Тажик өкмөтү менен оппозиция кол койгон Тынчтык келишимин майрамдоо алдында жасалган бузукулук болушу ыктымал.

Эмомали Рахмон
Эмомали Рахмон
Бул версия жөн жерден айтылып жаткан жок. Быйыл декабрда Эмомали Рахмондун обол Жогорку Кеңештин төрагасы, анан президент катары мамлекет башына келгенине 20 жыл толот. Бийликтен качан кетери белгисиз.

Анан да Тажикстанда белгилүү адамдарга кол салуу мурда да болуп жүргөн. 2000-жылы 20-майда Телерадиокомитеттин төрагасы, жазуучу-публицист Сайфулло Рахимов, кийинки жылы 7-июлда президенттин эл аралык маселелер боюнча кеңешчиси Карим Юлдашев октон өлүшкөн. Экөөнү тең белгисиз бирөөлөр үйүнүн босогосунда атып кетишкен.

Холмумин Сафаров - кайнагасы, президент Эмомали Рахмон сыяктуу эле Тажикстандын түштүгүндөгү Хатлон облусунан болчу. Маркумдун сөөгү 14-июнда өзү туулуп-өскөн Хатлон облусундагы Тоскала кыштагында жерге берилди.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги, Asia-Plus агенттигинин кабарлашынча, Холмумин Сафаровду өлтүргөндөрдү табууга көмөктөшкөн адамдарга чоң суммадагы акчалай сыйлык убада кылды.

XS
SM
MD
LG