Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:41

Тажикстан: президенттик шайлоодо Рахмон жеңди


Эгерде бул ирет да шайлоодо утса, 61 жаштагы Эмомали Рахмон өлкөнү 30 жылдай башкарган адамга айланат, 6-ноябрь, 2013
Эгерде бул ирет да шайлоодо утса, 61 жаштагы Эмомали Рахмон өлкөнү 30 жылдай башкарган адамга айланат, 6-ноябрь, 2013

Тажикстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Шермухаммади Шохиён шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын жарыялады.

Шайлоо жыйынтыгына ылайык, Эмомали Рахмонго 83,6% же 3 млн. 23 миң 754 адам добуш берген. Исмаил Талбаков 5% же 186 миң добуш алган. Олимжан Бабоев 3,8% же 140 миң, Толиббек Бухориев 4,5% же 166 миң 224, Абдухалим Гаффоров 1,5% же 54 миң 148, Саиджафар Исмонов 1% же 36 миң 572 адамдын колдоосуна ээ болушкан.

Төртүнчү ирет катары менен мамлекет башчылык үчүн ат салышып жаткан президент Эмомали Рахмон бүгүнкү шайлоодо оңой эле жеңет деп күтүлгөн.

Оппозиция өзүнүн бирдиктүү талапкерин көрсөтүп, бирок катыштыра алган жок.
Тажикстандын Борбордук шайлоо комиссиясы кечээ жергиликтүү убакыт боюнча түшкү саат 14:00 добуш бергендердин көрсөткүчү 68% жеткенин кабарлап, “шайлоону расмий өттү деп тааныса болоорун” билдирген эле.

Шайлоо күнү эртең мененки саат 10:00 добуш бергендер 40% ашканы айтылган болчу.

Байкоочулар буга ишенүүгө мүмкүн эмес экенин айтышкан. “Кантип эле төрт саатта жарандардын 40% добушун берсин?”, - деди Социал-демократиялык партиянын төрагасынын орун басары Шокиржон Хамидов.

Ал арада бийликтер азыр добуш берүү өлкө боюнча тынч, бүт эрежелер сакталган таризде жүрүп жатканын, мыйзам бузуулар боюнча бир да арыз түшпөгөнүн кабарлашкан.

Борбор калаа Дүйшөмбүдө өзүн Назира Карабоева деп тааныштырган жаран “Рахмондун доорундагы стабилдүүлүк үчүн” добуш бергенин айтты.

"Мен аманчылык болушун каалайм. Мен улуу урматтуу президентибиз үчүн добуш бердим", - деди Карабоева.

Пенсионер Зикирийо Шарипов да добушун Рахмонго берген экен.

"Биздин президентибиз - жакшы киши. Биз ал үчүн добуш бердик. Ошол", - дейт Шарипов аксакал.

Эмомали Рахмон шайлоо бюллетенинде ысмы аталган жалгыз талапкер эмес. Аны менен кошо дагы беш киши президенттик кызмат үчүн ат салышкан. Олимжон Бобоев деген Экономикалык реформа партиясынан талапкер, социалистик партиянын өкүлү Абдухалим Гаффоров, Тажик демократтарынын лидери Саиджафар Исмонов, коммунист Исмоил Талбаков жана дыйкан Толибек Бухориев дегендер да ат салышкан. Бирок бул талапкерлерди эч ким деле билбейт. Мамлекет каржылаган шайлоо өнөктүгүндө алар өкмөттүн саясатын сындаганы деле байкалган жок.

Оппозициялык Социал-демократтар партиясы “өнөктүк Конституция орой бузулган шартта өтүп жатат” деп, шайлоого бойкот жарыялаган. Алар муну “жасалма шайлоо” деп аташты, оппозициянын бирдиктүү талапкери Ойнихол Бобоназарованын талапкер катары катталышына бийликтер бут тосушту деп айыпташты. Ал шайлоого катышыш үчүн талап кылынган жетиштүү кол топтой албай калган эле.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму болсо өнөктүк маалында өлкөдөгү мамлекеттик медиа жалгыз эле Рахмондун ишмердүүлүгүн чагылдырып туруп алганы үчүн сындады.

Шайлоо күнү эмнегедир Тажикстанда YouTube сайты, анан башка бир популярдуу маалымат агенттигинин сайты иштебей калды. Биздин радионун тажик кызматына өкмөттөгү ишенимдүү булак айтканына караганда, YouTube менен “Озодагон” сайттарына жолду жаап турууну Мамлекеттик байланыш кызматы буйруган.

Тажикстандагы шайлоо дагы башка кызыктуу жагдайлар менен коштолду. Өлкөнүн айрым региондорунда адамдар башкалар үчүн да добуш бергендери маалым болду. Түштүктөгү Вахдат районунда добуш бергени келген аял колуна бир нече бюллетенди кармап алган экен, биздин кабарчыбызга сүйлөп: "Мунусу менин күйөөмдүкү. Мына бул өзүмдүкү. А мына булары болсо балдарым менен келиндеримдики. Алар бул жакта эмес, мигрант болуп кетишкен", - деди.

Ошол эле жерде өзүн Биби Каландарова деп тааныштырган аял: "Менин беш уулум тең Орусияда жүрүшөт. Ошон үчүн мага шайлоо комиссиясынан алардын да бюллетендерин беришти. Мен алар үчүн добуш берип койдум", - деди.

Тажикстанда бийликке 21 жыл мурда келген Эмомали Рахмон 1994, 1999 жана 2006-жылдардагы шайлоолордо уткан. Ортодо Конституцияга референдум аркылуу өзгөртүү да киргизди, президенттик мөөнөттү төрт жылдан жети жылга чейин узартты. Мамлекеттеги бир да шайлоо азырынча “ачык жана акыйкат өттү” деп тааныла элек.

Рахмондун колдоочулары өлкөнү 90-жылдардагы беш жылдык жарандык согуштан сактап, тынчтыкты, стабилдүүлүктү алып келген адам деп билишет.

Анын сынчылары болсо Рахмон оппозицияны кодулап отуруп жоготкону, көз карандысыз маалымат каражаттарын кысмактап, экономиканы туура башкара албай, элди сызга отургузганы үчүн сындашат.

Тажикстандын Борбордук шайлоо комиссиясы сыртта иштеп жүргөн бир миллиондон ашуун мигрантты кошкондо, жалпы добуш берүүгө укуктуу жарандардын саны 4 миллиондун тегерегинде экенин билдирген. Шайлоонун алгачкы жыйынтыктары 7-ноябрда эртең менен жарыяланат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG