Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:55

Тажикстан: "тандоосуз шайлоо"


Рахмон бул жолку шайлоо өнөктүгүнө катышкан деле жок.
Рахмон бул жолку шайлоо өнөктүгүнө катышкан деле жок.

Тажикстандагы президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы 10 күндө чыгарылат, бирок алгачкы жыйынтыктары бүгүн маалым болду. Өлкөнүн БШКсы азыркы президент Эмомали Рахмон көпчүлүк добушту алып, шайлоодо утканын жар салды.

Борбордук шайлоо комиссиянын төрагасы Шермухаммад Шохийон кечээ Дүйшөмбү шаарындагы маалымат жыйынында: "Улуу урматтуу Эмомали Рахмон, Тажикстандын Элдик демократиялык партиясынын, Жаштар кеңешинин жана көз карандысыз профсоюздар федерациясынын талапкери, 3 млн. 23 миң 754 добуш алды. Бул жалпы добуштардын 83,1%тин түзөт", - деп кабарлады.

Шохийон андан ары сөзүн улай, Рахмонду жеңүүчү деп жарыялады.

"Тажикстандын Баш мыйзамынын 66-беренесинин экинчи бөлүгүнө жана Президентти шайлоо боюнча мыйзамдын тийиштүү беренелерине ылайык, өлкөнүн БШКсы улуу урматтуу Эмомали Рахмонду Тажикстандын шайланган президенти деп жарыялайт", - деди.

Ленин атындагы Совхоздун мурдагы директору, өлкөнү 21 жылдан бери башкарып келаткан Рахмон эми дагы жети жыл президенттик кылат. Аны менен бул ирет коомчулук жакшы билбеген беш талапкер таймашты. Президент өзү шайлоо өнөктүгүнө катышкан деле жок, мамлекеттик иштерден колу бошобой турганын билдирген.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Тажикстандагы президенттик шайлоо “тынч, бирок саясий плюрализм, реалдуу тандоо такыр болбогон абалда өткөнүн” белгиледи. Уюмдун добуш берүү процессине көз салган байкоочулар миссиясынын өкүлү Андреас Бейкер “Азаттыктын” тажик редакциясына сүйлөп жатып, уюмдун тыянагы тууралуу айтты.

"Шайлоо ачык саясий плюрализмдин, тандоонун жоктугу менен өткөнүнө көптөгөн факторлор себеп болду. Маселен, талапкер болуп катталыш үчүн топтоо зарыл болгон колдун саны өтө эле жогору эле. 210 миң кол топтой албай, мунун айынан көптөр каттала албай калышты, - деди Бейкер. - Андан сырткары, үй-бүлө мүчөлөрү үчүн добуш берүү, бюллетендерди кутучаларга топ-тобу менен таштоо өңдүү мыйзам бузуулар катталды. Ал эми шайлоо өнөктүгүндө мамлекеттик маалымат каражаттары жалаң гана Эмомали Рахмондун ишмердүүлүгүн чагылдырып туруп алышканы да анын жеңишине чоң салым болду".

Эксперттердин айтымында, 61 жаштагы Рахмон үчүн жети жылдык жаңы президенттик мөөнөт эң татаал учур болушу мүмкүн. Муну алар, бир чети, НАТОнун башчылыгындагы чет өлкөлүк аскерлердин Ооганстандан чыгарылышы, экинчи жагынан, орус экономикасындагы өсүштүн жайлашы менен түшүндүрүшөт.

Учурда бир миллиондон ашуун тажик жараны өлкөнүн сыртында, көбүнчө Орусияда миграцияда жүрөт. Алар мекенине жиберген акчанын көлөмү жумурияттын ички дүң өндүрүмүнүн дээрлик жарымын түзөт.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG