Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:18

Текебаев: Баш мыйзам коалицияны таратууга шылтоо болду


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы бүгүн көпчүлүк коалициядан чыкканын жарыя кылды.

Буга коалициядагы өнөктөштөрү - “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары менен бир катар маселелер боюнча орток пикир таба албаганы себеп болгонун айтты. Аталган эки фракция бийликтин Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесине каршы чыгып, аны колдоодон баш тартып келе жаткан эле.

Бийликчил партиянын коалициядан чыгуу чечимин “Ата Мекен” фракциясы кандай кабыл алды жана бул өлкөдөгү кырдаалга кандай таасирин тийгизет? Бул суроого “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жооп берди.

"Азаттык": Өмүрбек мырза, Социал-демократтар фракциясы сиздер мүчө болгон парламенттик коалициядан чыкканын жарыялады. Фракция лидери Иса Өмүркулов мындай кадамга “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары менен саясий альянс ичинде бирге боло албай калганы менен түшүндүрдү. Сиздер бул чечимди кандай кабыл алдыңыздар? Мындай чечимге эмне түрткү болду?

Конституция коалициянын ыркын кетирди

Конституция коалициянын ыркын кетирди.

Парламенттин шаршемби күнкү жыйыны адаттан тыш кызуу талаш-тартыш менен башталып, коалициядагы фракциялар бири-бирин андан чыгып кетүүгө чакырганга чейин барышты.

Өмүрбек Текебаев: Көпчүлүк коалиция өкмөттү куроо үчүн түзүлгөн жана өкмөттүн саясий негизи болуп эсептелет. Өкмөттүн жүргүзгөн саясатына нааразылыктар болуп, аны коалициянын ичинде сүйлөшүү менен чечүүгө мүмкүн болбой калганда акыркы кадам катары фракциялар коалициядан чыгып, өкмөттү кетирет, саясий альянсты таратат. Ал эми биздеги пикир келишпеген мамилелер тууралуу Өмүркуловдун оозунан азыр угуп отурам. Бир да жолу коалициянын жыйынында бул маселелерди көтөрүп, аны чечүүнүн жолдорун издеген эмеспиз. Эч ким бул маселени коалициянын жыйынында койгон жок. Фарид (Ниязов) жана Икрамдын (Илмиянов) кабинетине кирип эле отчет бергени болбосо, муну чоң маселе катары расмий саясий органда, коалициянын жыйынында эч ким чечкенге аракет кылган жок. Коалициялык келишимдин максаты - бул Атамбаев сунуштаган Конституциялык өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу эмес. Атамбаев партиядан тыш. Ал эми коалиция партиялык жаратылышы бар орган. Ошондуктан партиядан тыш турган президенттин аппараты, Фарид жана Икрам жүргүзүп жаткан конституциялык өзгөртүүлөргө “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” каршы деп коалицияны таратуу - бул коалициялык келишимге туура келбейт. Бул болгону шылтоо деп эсептейм.

"Азаттык": Ошол эле учурда Социал-демократтардын лидери Иса Өмүркулов фракциянын коалициядан чыгуу себептерин түшүндүрүүдө башка бир маселеге токтолду. Атап айтканда конституциялык реформанын негизги максаттарынын бири - Кумтөр сыяктуу маселелерди чечүүдө кылмыштардын мөөнөтү эскирбешин камсыз кылуу экенин айтты. Ал эми бул реформага каршы чыгып жаткандар мурунку бийликтердин кызыкчылыгын коргошу мүмкүн экенин билдирди. Сиз буга кандай жооп бересиз?

Өмүрбек Текебаев: Сөз деп эле оюна келгенди айта берүү абдан туура эмес. “Ата Мекен” партиясы өткөн беш жылда мамлекеттик кылмыштарга жаза мөөнөтү эскирбеши керектигин сунуштап, аны кабыл алдырган. Аида Салянова баш прокурор болуп турганда Кумтөрдүн 2003-жылкы келишими боюнча өкмөт мүчөсүнө иш козголгон. Бүгүн Атамбаев көзөмөлдөп жаткан сот системасы аларды кылмыш жоопкерчилигине тарткандын ордуна мөөнөтү өттү деп кечип жиберишти. Соттун бул чечими абдан туура эмес саясий чечим болуп калган. Буга президенттин аппаратынын кийлигишүүсү болсо керек деп ойлойм. Эми аларды бошотуп жиберип, кимди жоопко тартабыз деп жатканы мен үчүн түшүнүксүз. Кылмыштын жаза мөөнөтү Конституция боюнча эмес, Кылмыш кодекси менен чечилет. Мамлекеттик кылмыштардын мөөнөтү эскирбей тургандай болсун деп менин сунушум менен кабыл алынган. Аны Өмүркулов же Атамбаев эмес, “Ата Мекен” партиясы сунуштап, киргизген. Бүгүн Кылмыш кодексинде ал бадырайып жазылып турат. Аны колдоно билиш керек, аны колдонбостон сот менен баарынын күнөөсүн кечип жиберишкен.

Коалициялык келишимдин максаты - бул Атамбаев сунуштаган Конституциялык өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу эмес.

"Азаттык": Эми мындан аркы коалиция кандай болушу мүмкүн. Сиз жетектеген фракция бул маселе боюнча кеңешүүлөрдү өткөрөбү?

Өмүрбек Текебаев: Ал маселелердин баары коалицияны ким түзөт жана анын кандай ой-максаттары бар, ал максаттарды биз бөлүшө алабызбы, мына ушуларга жараша болот.

"Азаттык": Сиз быйыл Социал-демократтарды коалициядан чыгууга чакырып, калган фракцияларды биригип, президенттик аппараттын жетегинен чыгууга чакырган элеңиз. Муну саясат таануучулар “парламенттик төңкөрүш” деп атаган эле. Мына эми КСДП коалицияда чыкты. Азыркы шартта мына ушундай сценарий канчалык реалдуу?

Өмүрбек Текебаев: Аны убакыт көрсөтөт. Окуялар кандай өнүгөт ошого жараша болот.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG