Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:08

Тажикстандын 80 жаштагы тургуну Норбиби Дустмуратова ажыга бара турган акчасына өз айылына эки көпүрө салып берди. Ал бул каражатты көп жылдан бери пенсиясынан топтогон.

Мекеге жөнөр алдында ушундай чечимге келген энеге жердештери рахматын айтып бүтө албай отурушат.

Тажикстандын түндүк аймагында жайгашкан Гончи районунун жашоочусу, 80 жаштагы Норбиби Дустмуратова ажыга барууну ниет кылганына көп болду. Ошол себептүү акыркы 10 жылдан берки пенсиясын тыйындап чогултуп келет. Ортодо жашылча-жемиш өстүрүп сатып, андан түшкөн каражатты да капчыгына салып сактап келген.

Балдарынын жардамы менен акыры 16 миң доллар топтоп, Мекеге жөнөр алдында гана чечимин таптакыр өзгөртөт. Ал бул каражаттын баарына өзү жашаган Метк жана Хишекат айылдарына эки көпүрө салып берүүнү чечет:

- Мен эми жашарымды жашадым, көрөрүмдү көрдүм. Канчалык кааласам да Каабага барганга алым деле калбады. Өзүмчө ойлонуп, эми ал жакка жөн эле барып келгенден көрө артымда бир пайдалуу нерсе калсын деп тилек кылдым. Маңдай терим менен тапкан бул акчаны өз айылдаштарымдын көйгөйүн чечүүгө жумшоону туура көрдүм.

Дустмуратова белгилегендей, бул айылда көпүрө көйгөйү көпчүлүктүн баш оорусу болчу. Ал өзү ушул айылда туулуп, өмүр бою ушул жерде жашап, анын баарын жакшы билчү.

Хишекат жана Метк кыштактары менен райондун борбору Гончинин аралыгы 55 чакырым жол баштан аяк талкаланган. Таш жолду жогорудан түшкөн суулар утуру бузуп кете берет, кээде күн алыс жүргөн сел жолду такыр жууп кетет. Норбиби апанын эки көпүрөсү ошол жолдун эң коркунучтуу жерлерине курулду:

- Метк жана Хишекат айылдары так ушул сай аркылуу райондун борборуна каттайт. Анан ушул жерлерден унаалар өтө албай аябай кыйналчу. Ары-бери жүргөндө миңдеген адамдар жүдөп атканын көрчүмүн. Жол ылай, машине тыгылганы өзүнчө көйгөй болсо, бул көпүрөнүн ордунан өтүү азаптын-азабы болчу. Мен муну өзүм жон терим менен сезчүмүн. Эми бул жерден эл ары-бери кыйналбай каттаса ушул менин бактым.

Норбиби Дустмуратованын алты уулу жана эки кызы бар. Алардан 30 небере жана 15 чөбөрөлүү болгон. Абышкасы алты жыл мурда каза болуп калган байбиче учурда балдарынын колунда турат.

Норбиби эненин туугандары жана айылдаштары анын бул чечимине чексиз ыраазы болуп турушкан чактары. Жергиликтүү тургун Хушбахт Сордоров буларга токтолду:

- Бул жолдо көп эле жеңил унаалар жаан-чачын күндөрү эмес, күн ачыкта да жүрө алчу эмес. Кышта болсо такыр унаа жүрбөйт. Көпүрөдөн унаа түгүл, киши өтө алчу эмес. Норбиби эженин жардамы менен көпүрө оңдолуп, бизге кыйла жардам болуп калды. Кээ бирлери кожо көрсүнгө үй салып, эл билсинге ажыга барып келип атышат. А бул эже бүтүн мээнетин көпүрө салганга жумшаганы үлгү болорлук кадам.

Метк айылы Тажикстандын башка тоолуу айылдары сыяктуу эле инфраструктурасы таптакыр начар бойдон калып кеткен. Мындагы социалдык имараттар, жолдор жана турак жайлар совет мезгилиндеги боюнча калган. Жергиликтүү тургундар бийликтен жардам күтпөй өз алдынча ушинтип бирин-серин жайларды оңдоп, жакшы жашоо шарттарын жаратуу аракетин көрүп келишет.

Гончи районунун Вахдат айылдык округунун жетекчи орун басары Ихтиёр Раджабов мындай дейт:

- Жергиликтүү бюджетте акча жоктугунан чынын айтсак жолду, көпүрөлөрдү оңдой албай шайыбыз оогон. Бир канча жетиштүү үй-бүлөлөрдөн жардам сураганыбыз менен буга чейин колдоо таба албай келчүбүз. Норбиби эне өзү өтө бай болбосо деле, бизге чоң жардам колун сунду.

Быйыл Гончи районунан ажылыкка 110 киши кетти. Метк кыштагынын тургуну Дустмуратова да чүчү кулактан ал жакка жолдомо утуп, бирок ал элге минтип кол кабыш кылууну артык көрдү.

Жылына Тажикстандан 6 миңдей жаран Мекеге барат. Ислам дининин беш парзынын бирин аткаруу үчүн алардын ар бири кеминде 4 миң доллар акча коротушат.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG