Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:44

Орусиянын Миграция боюнча кызматы Тажикстандын бери дегенде жүз жаранын мекенине депортациялаганы жатат.

Бул Москванын Тажикстанда орусиялык компанияга иштеген эки учкучтун соттолушунан кийин көргөн алгачкы жооп чарасы өңдөнөт. Расмий Москва учкучтардын соттолуусун кескин айыптаса, Дүйшөмбү бул окуянын эч бир саясий өңүтү жоктугун ырастоодо.

Орусиялык компаниянын эки учкучунун ар бирин Тажикстандын Коргон-Төбө шаарынын соту 8-ноябрда он жарым жылдан эркинен ажыраткан. Бирок "Мунапыс жөнүндөгү" соңку мыйзамга байланыштуу өкүм эки жылга кыскартылып, сегиз жарым жылга азайган. Учкучтар быйыл март айында, Тажикстандын аба мейкиндигине Ооганстан тараптан кирип, Коргон-Төбөнүн аба бекетине конгондон кийин камакка алынышкан.

Алар сот тарабынан "авиатетиктердин контрабандасы менен алектенген", "чек арадан мыйзамсыз өткөн", "аба ташуулардын эл аралык эрежесин бузган" деп табылышты. Соттолгон эки учкучтун бири Орусиянын, экинчиси Эстониянын жараны.

Тажик сотунун өкүмү Орусиянын кескин нааразылыгын жаратты. Тажикстандык саясат таануучу Саймудин Дустовдун пикиринде, Орусиянын реакциясы тажик тарап үчүн күтүүсүз болду жана азыр Москвадан адаттан тыш кысым жасалууда:

- Деңгээлин жана көлөмүн эске алганда Орусия Федерациясынын мындай реакциясы уникалдуу. Мен президент да, премьер-министр да, тышкы иштер министри да айткан саясий деңгээлди эске алып жатам. Орус тарап биринчи кезекте учкучтар эмне үчүн соттолгону жөнүндө ойлонуусу керек. Иш жүзүндө алар учкучтар чек араны бузганын, учкучтарда 2008-жылдан бери Орусиянын учууга уруксат берген сертификаты жок болгонун, алар иштеген компания Орусиянын документтерин албаганын моюндашат. Жети ай бою унчукпай, бул проблемага көңүл бурушкан эмес. Мунун эң башкы себеби иштин материалдары менен таанышканга чейин орусиялык тарапта кармалган учактар Ооганстанга контрабандалык курал сатууга тартылганына толук ишене албагандыгында.

Тажикстандын башкы прокурору Шерхон Салимзода 10-ноябрдагы басма сөз жыйында учкучтардын соттолушунда саясий жүйө жок деп ырастап, алар камалардын жуп алдында Ооганстандын авиабийлигинен кат келгенин, учкучтардын колундагы эки учак Ооганстандын аймагында үч жыл бою коммерциялык иштер менен тийиштүү документтерсиз эле шугулданып жүргөнү айтылганын белгиледи.

Тажикстандын башкы прокурору кошумчалагандай, ооган бийликтери муну билип калганда учкучтар учактарын айдай Тажикстанга качкан.

Биринчи бута - мигранттар

Тажик сотунун өкүмү чыгар замат Орусия аны кайра кароону талап кылган. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги “орус жаранынын тагдыры жөнүндөгү маселе кандайдыр бир жасалма байланыштарсыз чечилүү керектигин” билдирсе, президент Дмитрий Медведев тажик сотунун өкүмү көп суроолорду жаратарын жана Орусиянын жооп чарасы Тажикстандын реакциясына жараша болорун айткан. Ошол жооп чаранын алгачкысы көрүлө баштады окшойт.

Орусиянын Федералдык миграция кызматынынын башчысы Константин Ромодановски 11-ноябрда буларды жарыялады:

- Миграциялык кызмат ички иштер органдары менен биргеликте Тажикстандын мурда укук бузган 100дөй жаранын Орусиянын аймагынан чыгаруунун техникалык маселелерин чечүү үстүндө иштеп жатат. Кечээ күндүн ичинде (10-ноябрь) Тажикстандын укук бузган 211 жараны кармалды. Бул жарандарга Орусиянын аймагына кирүүсүнө үч жылдан беш жылга чейин тыюу салынат.

Маалыматтарга караганда, Орусиянын Миграция кызматынын башчысы жогорудагыдай жарыяны жасар алдында президент Дмитрий Медведев менен жолуккан.

Эң натыйжалуу жооп чара иретинде тажик мигранттарын депортациялоо сунуштары айрым орусиялык гезиттерде айтылган. Орусиядагы тажикстандык мигранттар саны бир миллионго чейин жетип кетет. Алардын мекенине жөнөткөн акчасынын экономикадагы салымы чоң. Мындан улам учкучтардын соттолушун сындагандар Тажикстандын өзүндө да болду.

Дүйшөмбү шаарындагы Славян университетинин профессору Исмоил Рахматовдун айтымында, алардын сурамжылоосуна катышкандардын 90 пайыздан ашууну мигранттардан улам Орусия менен Тажикстандын алакасы жакшы нукта өнүгүшүн жакташат.

Шайлоо алдындагы шаани

Айрым байкоочулар Москванын катаал реакциясын Орусиянын алдыдагы шайлоо өнөктүктөрү менен да байланыштырышууда. Москвадагы “Санкт-Петербург саясат кору” деп аталган иликтөө уюмунун жетекчиси Михаил Виноградов мындай дейт:

- Менимче Москванын катаал реакциясынын эки себеби бар. Биринчиси, постсоветтик мейкиндиктеги анча деле күчтүү эмес президент Эмомали Рахмон Орусияга иш жүзүндө ачык саясий кысым көрсөткөнүнө кыжырдануу, түшүнбөстүк. Экинчиси, алдыдагы шайлоо. Орусиянын саясий жетекчилиги антикавказдык картаны колдоого даяр эмес, анткени Кавказда бийликке жакшы эле добуш беришет. Андыктан муну Борбор Азиядан чыккандарга карата өкүм сүргөн белгилүү бир негативдүү маанай менен алмаштыруу аракети көрүлүүдө.

Москванын катаал реакциясынын алдыдагы шайлоолор менен байланышы бар деген пикирлерге дүйшөмбүлүк саясат таануучу Саймудин Дустов “Азаттыкка” курган маегинде белгилегендей, Москвадан көрсөтүлгөн кысым эки учкучка чыгарылган өкүм эми экинчи инстанциядагы сотто өзгөртүлүшүнө алып баруусу толук мүмкүн:

- Ачыгын айтканда сот азыр абдан ыңгайсыз абалда турат. Тилекке каршы соттор Тажикстанда көз карандысыз эмес. Менимче азыркы маалыматтык жана коомдук кысым аларга таасир берет.

Эки учкучтун адвокаты Коргон-Төбө шаардык сотунун өкүмүн ушул жума күнү апелляцияга беришти. Тажикстандын башкы прокурору Шерхон Салимзоданын айтымында, эгер Москва өтүнүч жиберсе, расмий Дүйшөмбү орусиялык учкучту өткөрүп берүү жагын кароого даяр.

“Интерфакс” агенттиги жума күнү кабарлагандай, Орусиянын Тажикстандагы элчиси Юрий Попов консультация үчүн Москвада жүрөт. Мунун алдында ал тажик президенти Эмомали Рахмон менен жолуккан. Орус тараптын айтымында, ал жолугушууда тажик тарап, “түзүлгөн кырдаалды жөнгө салууга каалоосун” билдирди.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG