Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:55

Мамлекеттик Думанын төрагасы Борис Грызлов баңгизаттарынын ташылышы тууралуу жазган макаласында тажик эмгек мигранттарына виза киргизилиши мүмкүн экендигин айтып чыкты. Бул ой канчалык ишке ашышы мүмкүн жана анын кесепеттери кандай болот?

2-августта “Независимая газета” басылмасында Борис Грызловдун “Наркобарондорду Кытайдагыдай жазалоо зарыл” деген макаласы чыкты.

Анда Грызлов Ооганстандан Борбор Азия аркылуу Орусияга келген баңгизаттын агымы күчөп, ага кандай бөгөттөрдү коюу керектиги жазылган.

Борис Грызлов визалык каттамы жок өлкөлөрдөн келген мигранттар маңзаттын агымын күчөтүүдө деп баса белгилеген жана Тажикстанга атайын кайрылган.

Борис Грызлов
"Буга кошумча мурда биздин чек арачылар тажик-ооган чек арасында турчу, алардын кетиши менен баңгинин агымы эселеп өстү. Эгер бул Тажикстан үчүн аргумент болбосо, бул өлкөнүн жарандарынын Орусияга келиши тууралуу суроону коюш керек. Визасыз каттам боюнча макулдашууларыбызда өлкөгө кирүүнү катаалдаштыруу боюнча пункт бар", - деп жазат Грызлов.

Ошентип Борис Грызлов виза киргизилет деп так айтпаса да, тажик бийликтерине өтө катуу эскертүү берип, суроону кабыргасынан койду.

Бүгүн тыюу, эртең уруксат

Орусиядагы тажик эмгек мигранттары менен иш алып барчу “Тажикстан” корунун жетекчиси Гаухар Жураева Грызловдун макаласынан Тажикстан жана виза маселесине басым жасоо туура эмес деген пикирде.

Жураеванын ою боюнча, Грызлов виза боюнча суроону так айткан эмес. Ошентсе да Гаухар Жураева баңги агымы менен күрөшүүдө орус бийликтери чектен чыгып кетпеши керек деген ойдо жана орус чек арачыларынын кетиши баңгизаттарынын агымына эч кандай таасирин тийгизген жок.

- Баңгизаттарынын агымын азайтуу – башка, ал эми бул маселени саясатташтыруу – башка. Борис Грызлов саясатчы катары орусиялык коом күтүп жаткан пикирди билдирди окшойт. Себеби Орусияда эл тартипке келтирилбеген миграция агымынан жана ошонун кесепетинен улам Борбор Азия аркылуу ташылып жаткан баңгизаттардан абдан эле чарчады.

Ар кыл маалыматтар боюнча жылына Тажикстандан жумуш издеп 1,5 миллиондон көп адам чыгып, анын 90 пайызы Орусиянын региондоруна келип, иштешет. Тажиктер, өзбектер, кыргыздар Орусияда арзан жумушчу күч катары эсептелинет.

Быйыл Орусияда миграция боюнча жаңы концепция талкууланып, жазылып жаткан кез. Гаухар Жураева буга чейин Орусия башка европалык өлкөлөрдүн саясатын кайталап, өзүнүн тажрыйбасынын, өзгөчөлүктөрүнүн негизинде иштеген эмес дейт. Жураева белгилегендей, Орусияда миграциялык саясат бир калыпта эмес, секирик ыкмасы менен ишке ашат.

"Тыюу салышат, анан кайра уруксат беришет. Миграция боюнча жаңы концепция жазылып ишке ашса жакшы. Анын менен чогуу мигранттардын интеграциясы тууралуу да чаралар көрүлүшү зарыл", - деди Гаухар Жураева.

Жаңы пландын таасири канчалык?

Мындан сырткары Орусияда АКШнын жоокерлери Ооганстандан кетип, ушундан улам баңги агымы кайрадан күчөшү мүмкүн деген кооптонуу күч.

Бир нече апта мурда АКШнын баңгизаттарды көзөмөлдөө иштери боюнча кызматкерлери Ооганстан – Борбор Азия – Орусия каттамындагы баңгизат агымына бөгөт коюу боюнча жаңы планын ачыкташты.

Бул план “Борбор Азиядагы баңгизаттарына каршы күрөш демилгесинин” (CACI) алдын ала түзүлгөн версиясы. Ага ылайык, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан биргеликте маңзаттарга каршы күрөшчү 5 топ түзүшү зарыл. Бул бирикмелер Ооганстан жана Орусиядагы ушуга окшош күчтөр менен чогуу иштешмекчи.

Учурда планга кол коюу үчүн Орусиянын ою маанилүү болуп турат. Бул жаатта жандануу АКШ менен Орусиянын жаңы президенттеринин арасындагы жаңы мамилелер курулуп жаткан кезде байкалган эле.

Бирок 9-июлда Орусиянын Коргоо министрлигинин “Красная звезда” гезитинин 9-чыгарылышында АКШ бул планды жамынып, регионго киргиси келип жатат деген мааниде макала чыккан.

Жыл сайын тоолор жана бекем эмес чек аралар аркылуу апийим Ооганстандан Борбор Азияны көздөй агылып, андан соң Орусияга жана башка өлкөлөргө ташылат.

Героин жана башка маңзаттар аралашкан бизнестин баасы – көптөгөн миллиард доллар жана миллиондогон адамдардын өмүрү.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG