Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Тажикстан жаңы шаар кура баштады


Президент Эмомали Рахмон жаңы шаарды түптөө аземинде, 2015-жыл.
Президент Эмомали Рахмон жаңы шаарды түптөө аземинде, 2015-жыл.

Тажикстан 25 жылдык эгемен тарыхында өлкөдө биринчи жолу жаңы шаар куруп жатат. 250 миң адамга эсептелген Сайхун шаары Согди облусунда Хожент калаасынан алыс эмес жерде жайгашат. Жеке менчик үйлөрдөн тышкары шаарда көп кабаттуу 19 кичирайон жана 40 миң үй-бүлө жашай турган коттеждер курулат.

Байкоочулар азырынча бул дымактуу пландын аз гана бөлүгү ишке ашканын, алдыда жумуштар арбын экенин белгилешет.

Мазбуд Махдудов бардык туугандары, агалары, таякелери, эже-жезделери болуп жалпысынан 18 үй-бүлө жаңы шаарга көчүп келүүнү чечишкен. Мазбуд Айни районунда туугандардын бардыгы үч үйгө батпай, кыйналып кетишкенин айтты.

- Биз тоолуу жерде жашагандыктан жер жетишпейт, ошондуктан бул жакка көчүп келүүнү чечтик. Жер сатып алдык, акырындан курулушту баштадык. Бул жерде 100 чарчы метрлик агамдын үйү курулат, анын пайдубалын бүткөндөн кийин менин үйүмдүкүн баштайбыз.

Үйлөрдү даяр долбоорго салып көчүп келгендер өзүлөрү курушат. Даяр долбоорлорду шаар акимчилигинен тандап алса болот. Мазбуд анын үй- бүлөсүнө шаардын четиндеги алты сотук жер тилкеси бекер сунушталганын айтат. Бирок үй-бүлө кеңешип, борбордон эле жер сатып алууну чечкен. 10 сотук жер тилкеси жаңы шаарда 600 доллар турат. Мазбуд ар бир үйдүн курулушуна болжол менен эки миңден доллар сарпталарын эсептеп чыккан.

Шаардын башкы архитектору Абдугафор Хайдаров облус бийликтери миңдеген үй-бүлөлөргө жер тилкелерин бөлүп бергенин ырастады:

- Беш миңдей үй-бүлөгө жеке курулуш үчүн жер тилкелерин бөлүп бердик. Алардын көбү курулуш иштерин башташты.

Ушул тапта жаңы түшүп жаткан Сайхунда үйлөр менен катар жол, суу түтүктөрү, зарыл энергетикалык курулуштар уланып, электр зымдары тартылып жатат.

Жеке менчик үйлөрдөн тышкары шаарда көп кабаттуу 19 кичирайон жана 40 миң үй- бүлө жашай турган коттеждер курулат.
Жеке менчик үйлөрдөн тышкары шаарда көп кабаттуу 19 кичирайон жана 40 миң үй- бүлө жашай турган коттеждер курулат.

Ошентсе да ири курулуштар өлкөдөгү каржы кризисине байланыштуу убактылуу токтотулду. Жергиликтүү бийлик алар жакында кайра улантыларын убада кылууда. Бул үчүн облуста курулуш материалдарын чыгарган бир нече ишкана ишке киришери айтылган.

Жалпы планга ылайык, шаардан өтө алыс эмес жерде металлургиялык комбинат курулушу керек. Шаар тургундарынын кайсы бир бөлүгү ал жерде эмгектенип, калгандары жергиликтүү муниципалитетте жана айыл чарба тармагында иш менен камсыздалышы зарыл.

Андан тышкары Сайхундун жанында миң гектарга жакын жерге жемиш бактары өрүк, кара өрүк жана шабдалы тигилген. Бийлик бакка жакын отурукташкан эки жүз үй-бүлөгө 5 гектардан жер бөлүп берилерин билдирген.

Ошентсе да швейцариялык Neue Zuercher Zeitung гезитинин журналисти Даниэль Вехлин өз баянында бул дымактуу долбоордун аз гана бөлүгү ишке ашканын жазат. Журналист ээн таалада бир эле узун асфальтталган трасса бардыгын, ал былтыр шаардын ачылышына келген президент Эмомали Рахмон үчүн курулганын жазат.

Азырынча жаңы шаардын курулушу качан аяктары белгисиз. Байкоочулар курулуш беш жылга чейин созулушу мүмкүн деп болжолдошот.

Негизинен жаңы шаарда орун-очок алууга Орусияда иштеп келген мигранттар кызыкдар. Орусияда экономикалык кризис башталганы көптөр өз мекенине кайтып келүүгө арасыз болушкан. 2015-жылы Орусиядагы тажик мигранттарынын саны расмий маалыматтар боюнча мурдагы жылга салыштырмалуу 15 пайызга кыскарып, 870 миңдин тегерегин түзөт.

XS
SM
MD
LG