Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:11

ҮЧ ТАЛАК ЖАНА УКУГУ БУЗУЛУП ЫЙЛАГАН АЯЛДАР


Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгына - муфтиятка акыркы убакта үч талак маселеси менен кайрылгандар арбыды. Муфтият өкүлдөрүнүн билдиришинче мындай көрүнүш үй-бүлө курууга жеңил-желпи мамиле жасагандан улам келип чыгууда. Адистер үч талак берип ажырашкан учурларда аялдардын укугу көбүрөөк бузулуп, жабыркап жаткандыгын белгилешет. Дегеле үч талак деген эмне, ислам дининде ажырашуу жараяны кандай жол-жоболордун негизинде ишке ашат, ал кыргыз мыйзамдарына дал келеби?

Бурул күйөөсү үч талак берип ажырашкан Кыргызстандагы ондогон келиндердин бири. Кичинекей чүрпөсү менен үй-жайсыз калган бул келин учурда кимге кандай жардам сурап кайрылаарын билбей башы маң болуп турган чагы:

- Күйөөм менен жашабай калганыныма бир жылдай болду... Үч талак бердим деп апамдыкына жеткизип салган. ЗАГСка турбай эле никелешип баш кошкон элек.

Байкоочулардын баамында аялдар мындай абалга көбүнесе өздөрүнүн укугун жакшы билбегендиктен улам кабылып жатышат. “Мутакалим” мусулман аялдар уюмунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызынын айтымында ушундан улам утурумдук никеге туруп ажырашкандар көбөйүүдө:

- Азыр маселен айрым эркектер үч-төрт айга даватка чыкса эле ошол жактан бир аял алып алат экен. Анан кетип баратып үч талаксың деп коет экен. Азыр алтүгүл телефон менен талак берип калышыптыр. Сотка деген бар да. Бишкекке учуп келет да телефондон үч талаксың дейт. Аял оозун ачып, ичин челкейтип алып эми эмне кылам деп отуруп калат. Бизге минтип көп аялдар ыйлап келди.

Жаш юрист Мээрим Усубалиева Кыргызстанда ырасмий катталбай никеге туруунун жана ал никени үч талак менен бузуунун Кыргызстанда юридикалык күчү жок экенин баса белгилейт:

- Эмнеси болсо да сотко кайрылышы керек. Негизи нике деген расмий каттоодон өтүшү керек. Ошондо гана расмий ажырашууга укугу бар.

“Мутакалим” мусулман аялдар уюмунун лидери Жамал фронтбек кызы болсо ажырашуу жараянында сотко кайрылып укугун коргоп алышы үчүн нике кыйылганда сөзсүз ал иш-чарага катышкан молдонун, андагы күбөлөрдүн толук атын-жөнүн дарегин каттап алуу кеңешин берет:

- Нике кыйылып жатканда мунун аялы деп ошол мечит, медереселерде атайын күбөлүк берилет. Ошол күбөлүктө эки күбөөнүн колу коюлат. Эгерде ал күбөлөрдүн аты, даректери толук жазылса, аларды кийин таап юридикалык жакка чакырып, күбө катары тартса болот. Бирок бул ар дайым болчу нерсе эмес. Анткени күбөгө тааныбаган эле бирөөнү өткөрүп, мындай документтер жок болуп жатат.

Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынан алган маалыматка ылайык ислам дининде үч талак берүүгө эркектердин гана укугу бар. Шариятта бир же эки талак берген учурда күйөсү менен аялы коломтосун кийин бирге тутантып кете алат. Үч талак деген сөз ооздон чыккандан кийин алар толук ажырашкан болуп эсептелет. Эгер бул жубайлар кайра кошулууну чечишсе аял башка никеге туруп, ал нике бузулгандан кийин үч айдан ашыгаарак убакыттан кийин гана үйлөнө алышат. Муфтитяттын үгүт жана фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Иратовдун айтымында азыр Кыргызстандагы мусулман атуулдар шарыяттагы жол-жободон толук маалыматты жок туруп, ойлонбостон ажырашып кетип, кийин молдолорду кайра жараштырып кой деп келгендер көбөйдү:

- Бүгүнкү күндө “бирөөдөн уктум эле, ажырашканда ушинтип үч талак бериш керек экен” деген түшүнүк бар экен. Көпчүлүк учурда мындай ой жаштарда болот. Жок, шариятта андай эмес. Бул кокустан, же аял-күйөөсү урушуп кеткенде гана ишке аша турчу нерсе эмес. Улам уруш боло берсе, үйдө тынчтык болбой жатса, же дагы башка себептер менен баш кошуп бирге жашашы мүмкүн болбой жаткан болсо, отуруп ата-эне менен кеңешип, ортого салып, баардыгы чечилгенден кийин “мен сенин жообуңду бердим, же сага бир талак бердим,” деп эле айтса ошол жетет. Тоо менен тоо көрүшпөйт, адам менен адам көрүшүп калат. Тагдыр кайра аларды кошуп калса нике байлоого мүмкүнчүлүк болуш керек.

Адистер юридикалык күчү жок болсо да каттоосуз никеге туруу жана үч талак берип ажырашуу өлкөнүн баардык эле аймактарында кездешип жатканын, бирок бул көрүнүш өзгөчө Баткен облусуна көбүрөөк мүнөздүү экенин белгилешет.

Элеонора Бейшенбек кызы, Бишкек

XS
SM
MD
LG