Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:41

Тажикстан: өлүмгө түрткөн сүйүү


Сүйүшкөн кыз-жигит 100 метр бийик жардан боюн таштаган окуя Тажикстанда катталды. Ашыктардын бул кадамга барышына туугандар арасындагы никеге тыюу салган мыйзам себеп болгону айтылууда.

7-июнь күнү 16 жаштагы Махру менен жыйырмадагы Фарход кол кармашып жардан боюн таштады. Учурда бул окуя Тажикстанда ар кандай талкууланууда. Айрымдар кыз-жигиттин жанкечтиликке баруусун кызуу кандуулук, жаштык десе, никеге каршы чыккан ата-энеге таарыныч, анан калса чыныгы сүйүү дегендер да бар.

Тажикстандын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 7-июнда 16 жаштагы Махру Рустамова менен 20 жаштагы Форход Рустамов Умид айылындагы 100 метр бийик жардан таңкы саат 7:30да кол кармашып бой ташташкан. Махру Рустамова алган жаракатынан улам дароо жан берсе, Фарход Рустамов көптөгөн жаракаттары менен оор абалда ооруканага жеткирилген.

Айыл тургундарынын айтымында, алар жакын тууган экенине карабай бири-бирине жылуу сезимдерин билдирип келишкен.

Достук айылынын башчысы Жамшид Убайдуллаевдин айтымында, эки жаштын өз өмүрлөрүнө кол салуусуна Махрунун ата-энеси нике тууралуу жаңы мыйзамды жүйө тутуп, тууганына кызын берүүдөн баш тартканы себеп болуптур.

- Булар мурдатан бири-бири менен жакын мамиледе болушкан. Окуяга чейин Фарход Рустамовдун ата-энеси Махруга куда түшүп барышкан. Бирок Махрунун атасы туугандар ортосундагы никеге мыйзам жол бербейт деп, кызын берүүдөн баш тарткан. Ошонун эртеси таңга маал Фарход Рустамов Махру Рустамованын үйүнө барган. Махруну чакырып чыгып, айылдагы бийик жардан бой ташташкан. Негизи анын атасы кызын берүүгө макул болгондо деле биз ал никени каттамак эмеспиз. Анткени кыз нике жашына жете элек эле. Алардын жакын тууган экени да бизге белгилүү болчу.

Буга чейин тажик парламенти өлкөдө тубаса майыптардын саны өсүп кеткенин туугандар ортосундагы никеден көрүп, мындай никелерди каттоого тыюу салган мыйзам кабыл алышкан. Бирок ал мыйзам али толук күчүнө кире элек. "Азаттыктын" тажик кызматынын журналисти Мирзо Салимов нике мыйзамы күчүнө кирбей жатып айылдарда аткарыла баштагынан айтат.

- Үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөрдүү киргизүү тууралуу мыйзам жыл башында парламент талкуусунан өткөн. Март айында президент кол койгон. Бирок мыйзам али күчүнө кире элек. Анткени мыйзам боюнча баш кошо турган жаштар тест тапшырып, бири-бирине туура келерин аныкташы керек. Андан сырткары жаштардын тууган экенин 10 атага чейин изилдөөнүн механизми да толук иштелип чыга элек. Мына ушул жактарын чечүүгө Саламаттыкты сактоо министрлиги үч ай сураган. Ал мөөнөт 26-июнда аяктайт. Бирок азыр айыл жерлеринде күчүнө кире элек мыйзамды аткарып башташты.

Быйыл жыл башында тажик парламенти Үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизген мыйзамында майып балдардын төрөлүшүнө туугандар ортосундагы никелер себеп деген жүйө менен туугандардын баш кошуусуна тыюу салынган.

2016-жылдын 1-январына чейин өлкөдө 18 жашка чейинки майып балдардын саны 25 328ге жетти. Бул жалпы балдардын бир процентин түзөт. Медицина тармагындагы изилдөөлөр көрсөткөндөй, Тажикстанда майып балдардын 30-35 пайызы, же ар бир үчүнчүсү жакын тууган-уруктардан куралган бүлөлөргө туура келет.

XS
SM
MD
LG