Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:33

Тажикстанда регионалдык коопсуздук талкууланат


Пакистандын жана тажикстандын президенттери Асиф Али Зардари (солдо) жана Эмомали Рахмонов (оңдо), 29-июль, 2009
Пакистандын жана тажикстандын президенттери Асиф Али Зардари (солдо) жана Эмомали Рахмонов (оңдо), 29-июль, 2009

Ооганстандын, Пакистандын жана Орусиянын президенттери эртең Тажикстанга чогулушат. Саммитте электр-тогу боюнча сөз болмок, бирок бул төрт мамлекетти азыр коопсуздук маселеси өзгөчө ойлонтуп жатканы байкалат.

Пакистандын президенти Асиф Али Зардари саммитке биринчилерден болуп шаршембиде эле келген. Алар 30-июлда ооган президенти Хамид Карзай, орус президенти Дмитрий Медведев жана саммиттин ээси, тажик президенти Эмомали Рахмонов болуп отуруп, көп маселени чечише турганы күтүлүүдө.

Саммитке даярдык бир ай мурда башталган. Ошондо президенттер кантип Тажикстандан электр кубатын ооган жана пакистан жерлерине алып өтүүнү талкууламай болушкан эле. Бирок шаршембиде Душанбеге келген пакистандык президент азыр саммит үчүн башка маселе оорчундуураак болуп турганынын четин чыгарды.

"Биз эски достордонбуз, - деди ал. - Биз регионго күч болуп, достугубузду бекемдеп, бул жерде ээлик кылабыз. Биз бул регионго эле эмес, менин өлкөмө, тажик туугандардын жана кошуналардын мамлекеттерине коркунуч келтирип аткан 21-кылымдагы согушта үстөмдүк кылабыз деп сүйлөштүк".

Ушул айда Тажикстандын чыгышында милициянын постуна куралчан жикчилер кол салышкан. Аналитиктер жана ар кайсыл маалымат каражаттары ал сакалчандар Пакистандын Сват же Ооганстандын Хелманд вилояттарынан келгендер болсо керек деп жатышат. Анткени ал жакта америкалык жана британ аскерлери талиптерге каршы алкактуу операцияларды өткөрүп жатышкан эле.

Тажикстанда Орусиянын 201-дивизиясы жайгашкан. Москва Тажикстанда коопсуздуктун сакталышына өзгөчө кызыкчылыгы бар. Тажик-ооган чекарасын орус аскерлери кайтарууну эки жыл мурда эле токтотушту.

Түштүк Азиядагы коопсуздук проблемаларынын кесепетин кеңирирээк масштабдан алып караганда, ал мындагы соода-сатыкты да бууп коет. Кайра соодагерлердин агымын кеңейтиш өзүнчө эле бир машакатка айланышы турган иш.

Бул тууралуу “Азаттык” менен интервьюсунда Пакистандын мурдагы Тышкы иштер министри Рияз Кохар да айткан. “Пакистан менен Борбор Азиянын ортосунда соода-сатык алакалары азыр убактылуу токтоп калды. Буга бир гана себеп бер – Ооганстанда кырдаал оңолбоюн, Пакистан менен Борбор Азия дурус соодалашалбай калышат”.

Бул аймактын кызматташуусундагы ийгиликтердин бири – “Сангтуда-1” ГЭСи менен байланыштуу. Аталган ГЭС ишке кирсе, Борбордук жана Түштүк Азияны электр кубаты менен камсыздап, Пакистанга 1 миң мегаватт ток жөнөтүп тура алат.

Мурдагу министрдин айтымында, Пакистан азыр дурусураак электр кубатына жетпей, терең кризисте калды. “Биз Тажикстандан электр тогун алуу жөнүндө дээрлик 10 жыл мурда сөз кыла баштаганбыз”, - дейт Рияз Кохар.

Бу саммит жума күнү аяктайт. Андан ары орус жана тажик президенттери Кыргызстанда өтө турган башка бир саммитке, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун жыйынына, жөнөп кетишет.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG