Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:46

"Жамаат Ансоруллохтун” мүчөлөрү кармалды


Сириядагы согуштук аракеттерге катышып жүргөн тажик жарандары.
Сириядагы согуштук аракеттерге катышып жүргөн тажик жарандары.

Тажикстандын Согди облусунун 12 жараны жергиликтүү тургундарды Сирияга үгүттөгөн деген шек менен кармалды. Алар террористтик жана экстремисттик делген "Жамаат Ансоруллох” уюмуна тиешеси бар деп айыпталып жатат.

Кармалган 12 адам тең Тажикстандын Согди облусуна караштуу Истаравшан жана Канибадам районунун тургундары. Алар террористтик жана экстремисттик делген "Жамаат Ансоруллох” уюмуна байланышы бар өзүнчө топ түзүп, өзгөчө жаштарды Сириядагы согушка катышууга үндөшкөн.

Буга чейин Орусияда миграцияда жүрүп, кайтып келген соң жергиликтүү тургундардан акча чогултушкан. Бул каражат Сирияга адамдарды жөнөтүүгө жумшалган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын Хужанд аймактык бөлүмү кабарлады.

Топту 28 жаштагы истаравшандык Нажмидин Шамсиев башкарган. Тергөөчүлөр анын үйүнөн эки тапанча жана ок-дары табылганын билдирүүдө. Ал эми Канибадам шаарынын тургуну Акмал Шүкүров өзүнүн «Мерседес» үлгүсүндөгү машинасын сатып, 6300 долларды жихад үчүн «салым» катары бергени аныкталды.

Ушул эле шаардын дагы бир тургуну Нозим Нематов топ башынын тапшырмасы менен жергиликтүү жаштарды Сириядагы согушка катышууга чакырып жүргөн. Аны Тажикстандын өтүнүчү менен өткөн аптада Кыргызстандын тартип коргоо органдары Жалал-Абад шаарынан кармап, Хужандга өткөрүп берген.

Жергиликтүү бийликтин дин иштери боюнча бөлүмүнүн адиси Малик Аброров кармалган жаштардын “Жамаат Ансоруллох” уюмуна байланышы бар экени күтүлбөгөн жаңылык болду дейт.

- Бул маалымат биз үчүн күтүүсүз болду. Биздин жарандар Орусияга иштегени, акча тапканы барат деп билчүбүз. Алар экстремисттик жана террористтик уюмдарга, партияларга эч тиешеси жок деп ойлочубуз. Намаз окууда айырмаланган салафиттерге тартылып кетиши мүмкүн экенин билчүбүз. Бирок бул жаңылык бизди абдан таң калтырды.

Аброров соңку жаңылык аймактагы диний абалды иликтеп чыгууга жана ишти күчөтүүгө негиз берди деп эсептейт. Тартип коргоо органынан алынган маалыматка караганда, кармалгандар мурда-кийин диний билим албаган 26-38 жаштагылар. Алардын айрымдарынын үйүнөн жихадга үгүттөгөн дисктер, баракчалар табылган.

“Жамаат Ансоруллох” 2010-жылы Хужанддын милиция бөлүмүнө кол салгандан кийин террористтик жана экстремисттик уюм деп таанылган. Тажикстандын Жогорку Соту 2012-жылы аталган уюмду кара тизмеге киргизип, ишмердүүлүгүнө тыюу салган.

Согди облусунун прокуратурасы тогуз айда Сириядагы согушка катышууга үгүттөө боюнча 12 кылмыш ишин козгогон. Буга байланыштуу 38 киши кармалган. Сириядагы согуштук аракеттерде 15 миңдей чет элдик катышып жүргөнү айтылып келет. Алардын арасында Борбор Азиядан да бар экени маалым. Булардын ичинен 200дөйү Тажикстандын жарандары.

XS
SM
MD
LG