Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:19

Тажикстанда жихадга чакырууга тыюу салынды


Тажикстан -- Дүйшөмбүдөгү борбордук мечит.
Тажикстан -- Дүйшөмбүдөгү борбордук мечит.

Тажикстанда Ислам борборунун уламалар кеңеши Сирияга барып согушка катышуу же ага чакырык таштоо “чоң күнөө” деген фатва чыгарды. 25-сентябрдагы жыйында дин ишмерлери бул фатва менен жихадга чакырык таштоого тыюу салды.

Тажикстандын диний ишмерлери өлкө тынчтыгына бүлүк салып, коомдук кырдаалды курчутууга аракет кылуу жана элдин биримдигине терс таасир этип, радикал топтор менен кызматташууну “чоң күнөө” деп табышты.

Бул тууралуу Тажикстандын Уламалар кеңешинин башчысы Саидмуккарам Абдулкодирзода билдирди:

- Башка ислам мамлекетинде болсун, ар бир мусулман мусулман менен согушканга, аскерий аракеттерге катышууга болбойт. Элди өз өлкөсүнүн жетекчилерине каршы күрөшүүгө, коомдук абалды чайкап, элдин тынчын алуу, элдин биримдигин бузган жарабаган иш. Булар чоң күнөө болуп эсептелет.

Мындай фатва БУУнун Коопсуздук кеңеши бардык мамлекеттерге кайрылып, радикал “Ислам мамлекети” уюмуна каршы күрөшүүгө чакыргандан кийин кабыл алынды. Коопсуздук кеңеши “Ислам мамлекетин” колдоо Сирияга же Иракка чыгып аткан жарандарды көзөмөлдөө жана алардын жолун бууганга чакырган.

Айрым маалыматтар боюнча, “Ислам мамлекети” жана “Жабхат ан-Нусра” радикал уюмдары менен бирдикте 15 миңдей чет элдиктер согушууда. Алардын арасында Борбор Азиянын миңдей жарандары бар экени, 200дөйү тажикстандыктар болушу ыктымалдыгы айтылууда. Тажик президенти өз билдирүүсүндө бул көрүнүштү айыптаган. Анын айтымында, ушул кезге чейин 30дай тажикстандык жаран Сириянын аймагында каза болгон.

Айрым уламалар буга байланыштуу фатва же тыюу салган чечим мындан мурда эле чыгышы керек эле деп эсептешет. Тажикстандын түштүгүндөгү Куляб шаарынын имамы Мухаммадшарив Набизода “бул теманы Сирия маселеси чыкканда эле көтөрүп, жума намаздарда айтып туруш керек эле", - деген:

- Жаштарга “анык жихад” деген согуштан эмнеси менен айырмаланарын түшүндүрүү зарыл. Ал жакта мусулмандар өздөрү менен өздөрү согушуп жатпайбы. Аны эч качан жихад деп айтууга болбойт. Исламга жамынып, өзүнө эле бир тууган мусулмандарды өлтүрүү таптакыр исламга каршы келет.

Набизода азыркы жаштар адамдын өмүрү кымбат экенин, толеранттуулуктун принциптерин, башка диндерди тутунгандар жана башка улут өкүлдөрү менен бирге жашоо, алардын тилин, ишенимин сыйлоо дегенди билиши керек деген пикирде.

Жаштардын Сирияга агымын токтотуу боюнча бийликтин жасаган чаралары жетиштүүбү? Белгилүү журналист Ахмодшо Комилзоданын айтымында, жаштардын социалдык проблемалары чечилсе, бул маселе да оңой эле чечилет.

- Эгер бийлик жаштарды иш менен камсыз кылып, жумушсуздук маселесин чечсе эле алар Сирияга, жихадга барчу жолун торогон болот эле.

Учурда бул олуттуу жана кооптуу маселени чечүү убакыттан жана каражаттан көз каранды болуп турганда бийлик согушка катышкан өз жарандарын жазалоону күчөтүшү керек, - дешет жергиликтүү серепчилер.

Май айында Тажик парламенти Кылмыш кодексине өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган. Ага ылайык, чет жактагы согуштарга катышууга чакырык таштаган жарандар 12 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылмак. Бирок ошондон бери деле Тажикстандан Сирияга баргандар токтобогону байкалууда. Алардын негизги бөлүгү мигранттар.

XS
SM
MD
LG