Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

"Ата Мекен" президенттин үстүнөн арызданат


Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы президент Алмазбек Атамбаевди Баш мыйзамда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарынан ашыра пайдаланган деп айыптоодо.

Оппозициячыл фракция президент бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилерин дайындап жүргөн деген жүйөнү келтирип, Конституциялык палатага кайрылганы жатат. Президенттик аппарат болсо оппозициянын дооматтарын четке кагып, мыйзам бузулбаганын билдирүүдө.

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин айтымында, 2010-жылга чейин президенттер өз жарлыгы же мыйзам менен мамлекеттик органдардын жетекчилерин дайындоого укугу бар болчу. Бирок Апрель ыңкылабынан соң кабыл алынган Баш мыйзамда президенттен мындай укук алып салынган:

- 2010-жылы жаңы саясий системаны түптөп жатканда президенттин бийлигине, ыйгарым укуктарына чек коюлган. Ал Конституцияда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарга ээ болот жана көрсөтүлгөн тартипте ишке ашырат. Мыйзам менен өзүнүн жарлыгы менен кошумча бийликтерди алууга тыюу салынган. Бирок буга карабастан бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилерин дайындоону президент Атамбаев өзүнө ыйгарып алган. Мисалы, Улуттук статистикалык комитет, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, Мамлекеттик кадр кызматы, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жана башкалардын жетекчилерин дайындап келе жатат.

Президентке импичмент жарыялоо демилгеси

Президентке импичмент жарыялоо демилгеси

“Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаевге импичмент жарыялоо жол-жобосун баштоону сунуштады.

Буга кошумча Текебаев президент Атамбаев Депозиттерди коргоо агенттиги, Мамлекеттик Башкаруу академиясынын жетекчилерин дайындоого укугу болбогонун айтууда. Ал “Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө" конституциялык мыйзамга ылайык, бул жетекчилерди дайындоо укугу премьер-министрге тиешелүү болгон деп жүйө келтирип жатат.

Буга байланыштуу “атамекенчилер” Конституциялык палатага кайрылууга камданып жатканын Өмүрбек Текебаев кошумчалады:

- Биз импичмент демилгеси менен чыкканыбызга бир апта боло элек. Биз беш-алты эч ким тана алгыс материалдарды таап жарыяладык. Эми биз Конституциялык палатага кайрылабыз. Экинчи кезекте, көз карандысыз коомдук эксперттердин тобун түзүп, тыянагын алабыз. Андан соң Жогорку Кеңеште атайын комиссия түздүрүүгө аракет кылабыз.

Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

Президенттик аппарат Өмүрбек Текебаевдин кезектеги айыптоосун четке какты. Өлкө башчынын аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөновдун билдиришинче, бардык дайындоолорду президент өлкө мыйзамдарына ылайык жүргүзүп келген:

- Бул дайындоолор мыйзамдын чегинде эле болгон. Президент бардык иш-аракетин мыйзамга ылайык жүргүзөт.

“Ата Мекендин” президенттин дарегине айткан айыптоолору коомчулукта эки ача пикир жаратты. Жогорку Соттун мурдагы төрагасы, экс-депутат Курманбек Осмоновдун пикиринде, өз ыйгарым укуктарынан аша чапты деп президентти айыптоого негиз жок.

- Текебаев айтып жаткан Тил комиссиясы, Дин иштер боюнча комиссия же Кадр кызматы өкмөттүн курамына кирбейт. Өкмөттүн түзүмүндө болбогон республикалык органдардын жетекчилерин кимдир-бирөө дайындашы керек да, туурабы? Ал премьер-министрдин ыйгарым укугуна кирбейт. Ошон үчүн бул жерде Конституциялык палата маселени карап, Текебаевдин дооматын четке кагат болуш керек деген ойдомун. Ошол эле мезгилде логикалык жактан да, максатка ылайыктуулугу боюнча да өкмөттүн курамына кирбеген орган жетекчилерин президенттин дайындашы Конституцияны, мыйзамдарды бузган болуп эсептелбейт.

Муну менен катар Курманбек Осмонов өкмөттүн курамына кирбеген орган жетекчилерин дайындоо тартибин аныктаган атайын мыйзам кабыл алуу керектигин белгилейт. Юристтин пикиринде, мына ушундай атайын мыйзамдын жоктугу бүгүнкүдөй талаш-тартышты жаратууда.

Ал эми мурдагы юстиция министри Марат Кайыпов бул талаштын соңуна Конституциялык палата чекит коюшу керек деген ойдо:

- Биз Конституциялык палатанын чечимин күтүшүбүз керек. Ал кандай чечим чыгарат, кандай жоопту кайтарды, бул маанилүү. Бирок Конституциянын түздөн-түз чечимдик акттары, ал туурабы-туура эмеспи, жазылган соң аткарылыш тийиш дей турган болсок, илгерки латындар айткандай, Dura lex, sed lex, же болбосо мыйзам начар болсо да, ал аткарылууга тийиш деп, Конституциялык палата Текебаевдин жүйөсүн туура деп тапса болот.

Анткен менен учурдагы кырдаалды эске алганда Конституциялык палатанын бийликке каршы чечим чыгарышы мүмкүн эмес деген пикирлер бар.

“Ата Мекен” фракциясы президент Алмазбек Атамбаевге импичмент жарыялоо демилгесин өткөн аптада көтөргөн. Буга президенттин Баш мыйзамдагы ыйгарым укугунан аша чапкан бир топ жагдайларды негиз катары көрсөтүшүүдө.

Бирок талдоочулар азыркы парламент президентке импичмент жарыялоого батынбастыгын айтып, муну ишке ашпай турган демилге катары баалашууда.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG