Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:50

Тажикстанда салафилердин анабашы соттолду


Мухаммади Рахматулло.
Мухаммади Рахматулло.

Тажикстанда салафилердин лидери сегиз жылга эркинен ажыратылды. Бирок ал соттун өкүмүнө нааразы болуп чыкты.

Тажикстанда салафилердин лидери, жети жылдан бери карматпай жүргөн Мухаммади Рахматуллону сегиз жылга эркинен ажыратуу тууралуу сот өкүмү чыкты. Мындай чечим 2009-жылы салафини диний экстремисттик агым деп тапкан мыйзамга негизделген. Бирок ал соттун өкүмүнө нааразы болуп, кайра арызданарын билдирди.

Жергиликтүү маалымат каражаттарындагы булактарда 43 жаштагы Мухаммади Рахматулло 2011-жылы Исламабаддагы эл аралык Ислам университетин бүтүрүп келгени айтылып жүрөт. Ага чейин 2000-жылдары Мухаммади Рахматулло Тажикстанда салафизм идеясын жайылтып жүргөн. 2009-жылдан бери издөөдө жүргөн Рахматулло ушинтип жети жылдан кийин гана колго түштү.

"Азаттыктын" тажик кызматынын журналисти Шахлой Гүлхажа Тажикстандагы диний радикализм менен күрөш тууралуу буларды айтат.

- Тажикстанда салафилердин так саны боюнча расмий маалымат жок. Бирок Башкы прокуратуранын билдиргенине караганда, бир эле Хатлон облусунда жарым жыл ичинде 110 адам салафи тобуна мүчө деп кармалган. Ал кармалгандардын көбү жаштар. Бийлик диний радикализм менен ийгиликтүү күрөшүп жатабыз деп эсептейт.

Тажикстанда салафилерге тыюу салган мыйзам 2009-жылы кабыл алынганы менен, бул уюмдун мүчөлөрүн кармоо 2014-жылдан тартып күчөгөн.

Президентке караштуу стратегиялык борбор диний экстремизмге айыпталып кармалгандарды өзүнчө түрмөлөрдө кармоо боюнча сунуш беришкенине кыйла болду. Бирок азыркы күнгө чейин динден алыс кылмышкерлер менен радикализмге сугарылгандар абактарда аралаш кармалып келет. Эгерде Тажикстандагы салафилердин анабашы Мухаммади Рахматулло камала турган болсо, ал дагы аралаш түрмөгө жаткырылары айтылууда.

Адистер түрмөлөрдү бөлмөйүнчө диний радикализм идеялары коомчулукка түрмө аркылуу да тарай берерин эскертип, радикал динчилерди камакка алуу менен камабай коюунун айырмасы калбай баратканын айтышууда.

Тажикстанда салафилер 2000-жылдары пайда боло баштаган. Куран кандай жазылса, дал ошондой жашоо образын жактаган салафизм Борбор Азия өлкөлөрүндө жаштарды өзүнө имерүүгө аракеттенет.

Дин адистеринин айтымында, салафилер ислам кеңири жайылган өлкөлөрдө жергиликтүү каада-салт, үрп-адаттар менен жуурулушуп калган “исламды тазалоону” көздөшөт. Бирок буларды светтик көз караштагы адамдар эле эмес, заманбап, прогрессивдүү исламдын тарапкерлери да кооптуу деп эсептешет.

Салафилер намазга жыгылуунун өздөрүнө таандык ыкмасы жана кийимдери менен айырмаланышат.

Тажикстанда алгачкы салафилер 2009-жылдан тарта кармала баштаган. Кыргызстанда да салафиликти жактаган жаштардын саны көбөйүп баратканын дин аалымдары белгилеп келишет.

XS
SM
MD
LG