Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:47

Тажикстан: экстремизмге жем болчу ким?


Исфаранын кинотеатр да, интернет-кафе же ири дүкөнү да жок айылында балдар көчөдө гана ойной алышат

Исфаранын кинотеатр да, интернет-кафе же ири дүкөнү да жок айылында балдар көчөдө гана ойной алышат

Тажикстанда жаштардын көбү жакырчылыктан, жумушсуздуктан, жакшы жашоого мүмкүнчүлүктүн жоктугунан кыйналып турган чагы. Соңку мезгилдерде ушундай оор учурдан пайдаланып, экстремисттик топтор өлкөнүн жаштарынын колдоосун алганга аракет кылып жатат деген кооптонуу күч алды.

17-жаштагы Фарход Хасанов өмүрүндө интернетке кирген эмес, азыркыдай маалымат доорунун учурунда дүйнөнүн ар кайсыл бурчтарындагы жаштар үчүн кадимки эле көрүнүшкө айланган Facebook жөнүндө уккан да эмес.

Ошентсе да, бул окуучу Тажикстанда үй-бүлөсүндөгү беш адамды кантип багышты билет. Кадимки эле айылдагы жаштардай мал карайт, отун жарат, чөп чабат, кышында чүлү кылып ичкенге жарасын деп өрүк кургатат.

Фарход Тажикстандын Кыргызстан менен чектеш жердеги Исфара районунун Тагизада айылында жашайт.

Ал жактагылардын көбү талаадагы иш менен эле алек, ишке жарамдуу жаштардын ичинде Орусияга мигрант болуп кеткендер да көп.

Интернетке кириш үчүн, же кино көрүш үчүн ал автобуска отуруп, 30 чакырым алыста жайгашкан Исфара шаарына барышы керек. “Бирок андай хобби үчүн менде акчам жок”, - дейт ал.

Селдеңизде эмне катылган, имам?

Фарход да, анын достору да буга чейин айылдагы медресеге келип Куран окушчу, исламды үйрөнүшчү. Бирок бир нече жыл мурун бул медреседегилердин айрымдары Ооганстандагы экстремисттерге аралашып кетиптир деген ушак тарагандан кийин, бийликтер аны такыр эле жаап салышкан. Ошон үчүн азыр жаштар бул жердеги бакта көбүнчө футбол ойноп калышты.

Бул азыр Тажикстанда айрым диний экстремисттик топтор өзгөчө жаштарды көбүрөөк өзүнө тартканга аракет кылып жатат деген кооптонуу күчөгөн учурга туш келип отурат. Өлкөдө ислам кеңири жайылып бараткан учуру. Жаш муун, Советтер Союзунун учурунда таалим-тарбия алган өздөрүнүн ата-энелерине караганда, динге жакыныраак.

Фарход окуган медреседен сырткары, бийликтер акыркы жылдары бир топ катталбаган медреселерди да жабышты. Жаш балдарга өздөрү каалаганын окутуп жатышат деген шек менен бир нече имам жетекчилик кылган мечиттерге рейддер да болду. Чет мамлекеттердеги диний окуу жайларды бүтүрүп, Тажикстандагы мечиттерде имам болуп жүргөн айрымдарды ибадатканаларды салафилердин, Өзбекстан ислам кыймылы жана “Хизб-ут Тахрирдин” идеологиясын таркатуу үчүн колдонуп жатышат деп айыптап да жүрүштү.

Көңүл ачуучу жай

Фарход, маселен, мечитке өзүнүн теңтуштары менен жолукканы бараарын, айылда стадион да, жоро-жолдоштору менен жолуга турган башка бир клубга же ийримге окшогон жайы да жок экенин айтат. “Биздин айылда эч качан кино да көрсөтүлгөн эмес, концерт да болбойт, спорттук мелдештерди өткөрө турган жай да жок”, - дешет алар.

Чынында, бул бир эле Фарходдун айылына эмес, өлкөнүн калкынын 70 пайызы жашаган элет жерине мүнөздүү көрүнүш.

Тажикстандын мурдагы диний лидери жана өкмөт башчынын мурдагы орун басары Ажы Акбар Туражонзода: “Айылдыктар азыр мечиттен башка эч жерде бирге отуруп, убакыт өткөрө албаса, анан эмне кылышмак эле?, - дейт. - Тажикстандагы көптөгөн мечиттерде адатта эки чоң бөлмөсү болот. Биринчисинде намаз окушат. Намаздан кийин кары-картаңдар үйлөрүнө тарайт. Жаштар болсо башка бөлмөдө түн жарымга чейин чай ичип сүйлөшүп отурушат, кээде таң атканча карта ойноп чыгышат”.

Башка өспүрүмдөрдөй эле, Фарход да келечекте турмушун оңдоп, бактылуу жашагысы келет. “Чоң ишкер же банкир болгум келет”, - дейт. Бирок бул үмүтү качандыр бир мезгилде ишке ашаарына өзү да көзү жетпегендей сүйлөп отурду.

Бүдөмүк келечек

“Мектепте экзамендеримди тапшырып алгандан кийин Орусияга мигрант болуп барышым керек болот го, - дейт ал. - Өзүбүздө ишке орношом десең, баары бир ал үчүн да пара беришиң керек экен. Бизде университеттерде окугандар да пара берип, анан гана ишке орношушат. Андан көрө мен мигрант болуп эле кеткеним жакшы эмеспи”, - дейт Фарход.

Анын досу Аманулло Хаитов да: “Шаардагы жакшы иштерге орношуш үчүн англисче билишиң керек, компьютерде иштегенди билбесең болбойт”, - деп башын жерге салат.

Жумушсуздук - Борбор Азиядагы бул мамлекет баштан кечирип жаткан эң оор социалдык проблемалардын бири. Бул жерде жалпы калктын 60% өтө жакыр жашайт. Өлкөдө жумушсуздуктун деңгээли расмий документтерде болгону 2%дан бир аз эле көбүрөөк деп айтылып жүргөнү менен, чынында элдин жок эле дегенде 35%зында жумушу жок.

Ушундан уламбы, айтор, жаштардын арасында эртеңки күнүнө, келечегине болгон ишеним жоголуп баратканы өзгөчө кыжаалатка сала турган абалга жетип калды.

Жумушсуз "армия"

Тажикстандын 7 млн. калкынын жарымынан көбүн азыр жашы 25ке жете элек жаштар түзөт. “Мамлекет алардын маселелерин чечкенге чамасы жетпей калды”, - дейт Ислам кайра жаралуу партиясынын жаштар канатынын лидери Киеомиддион Авазов.

“Жакырчылык менен жумушсуздук бир жагынан кыйнаса, экинчи жагынан азыр жаштарга саясий эркиндик да берилбей жатат, - дейт ал. - Адам жумушу жок калганда түрдүү сырткы таасирлерге сезимтал болуп калат, начар топторго тез эле кошулуп кетиши мүмкүн. Өзгөчө өлкөдөгү кырдаал өзү туруксуз болуп турган чакта бул даана байкалат жана экстремисттик топтор андай адамдарды оңой эле өздөрүнүн катарына кошо алышат, - дейт Авазов.

Проблема канчалык курч турганын жаштар иштери боюнча мамлекеттик комитетте да билишет. Алар ар үч айда ири шаарларда ачык эшиктер күнүн өткөрүп, жаштарды жок дегенде Орусиядагы сезондук иштерге да тартканга аракет кылышууда.

Акыл көчүн "кайтаруу"

Бирок муну менен проблеманы чечкенге болмок беле дегендер мамлекетти кеч болуп кете электе жаштардын келечегин сактап калууга үндөп жатышат.

Жакында тажик бийликтери чет мамлекеттердеги диний окуу жайларда билим алган 1500 тажик студентин кайра мекенине кайтарып келди. Муну бийликтер ал студенттер түрдүү радикалдык диний уюмдардын таасирине берилип, террорист болуп кетишпесин деген максатта жасашканын айтышты.

Бирок ал студенттердин ата-энелери балдарынын өз мекениндеги келечегине тынчсызданып, эми өкмөт буларга окуусун улантууга, кийин жумушка орношууга шарт түзүп бере алабы деп жакадан алып турган чагы.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG