Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:36

Террорчуларга кошулган полковникти Интерпол издөөдө


Гүлмурод Халимов
Гүлмурод Халимов

“Ислам мамлекети” террордук тобуна кошулганын интернетте жарыялаган ОМОНдун мурдагы командири Гүлмурод Халимовду Интерпол издей баштады.

Ал арада тажик бийликтери да “Ислам мамлекети” радикал тобуна кошулуп кеткен полковник боюнча иликтөө иштерин баштады. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасынын өкүлү Манучехр Махмудзода билдирди.

Бейшембиден тарта Тажикстандагы айрым провайдерлер кардарларына "Азия-Плюс", Ютюб, “Одноклассники” жана “В контакте” сайттарына кирүүнү чектеп койду. Алардын катарында "Азаттыктын" тажик кызматынын сайты да бар. "Озодинин" өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы ондогон окурмандары сайтка кире албай жатканын айтышкан. Даттануулар негизинен​ “Вавилон”, “Индиго”, “Точиктелеком” жана "Мегафон" компанияларынын кардарларынан түшүүдө.

Тажикстандын интернет-провайдерлер ассоциациясынын жетекчиси Асомиддин Атоев бул сайттарды жабуу боюнча өлкөнүн байланыш кызматынан оозеки буйрук болгонун "Азаттыктын" тажик кызматына билдирди. Анын айтымында, сайттарды тосмолоо полковник Халимовдун ИМ тобуна кошулганы тууралуу видео тасма жарыялангандан кийин башталган. Бирок байланыш кызматы сайттардын жабылышына тиешеси жоктугун айтып чыкты.

Тажикстандык полковник, ОМОНдун мурдагы командири Гүлмурод Халимов Сириядагы “Ислам мамлекети” террордук тобуна кошулганын 27-майда интернетте жарыялаган эле. 40 жаштагы полковник 23-апрелде иш ордунда кызматтык күбөлүгүн калтырып, дарегин айтпастан дайынсыз жоголгон. Интернетке чыккан тасмада Халимов орус тилинде мекендештерин “Ислам мамлекети” террордук тобунун согушкерлерине кошулуп, жихадга аттанууга үндөйт. ​Анын сөзүнө караганда, өзү менен кошо Сирияга тажикстандык он жаран кеткен.

Согушкерлерге кошулган полковник үч жолу атайын программа менен АКШда аскерий машыгуулардан өткөнү айтылган. Бул маалыматты Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти да тастыктады.

28-майда Тажикстандын Жогорку Соту “Ислам мамлекети” тобун террорчул уюм деп тааныганы маалымдалды. Коңшу өлкөдө "Өзбекстан ислам кыймылы", "Ансорулла", "Салафия", "Жамаати Таблиг" уюмдарынын ишмердигине тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG