Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:37

Тажикстанда окуучулар розадан ууланды


Апта башында Тажикстандын Вахдат шаарындагы мектепте 11 окуучу эстен танып ооруканага түшкөн. Мектепте эсин жоготкон окуучулардын экөө азыр да өзүнө келе элек.

27-майда Тажикстандын Вахдат шаарына караштуу Суфиён айылында мектептин короосундагы роза гүлдөрдү жыттаган окуучулар эсинен танып көрүнгөн жерге кулай беришкен.

Суфиён кыштагындагы орто мектептин мугалими Муким Жураев чуунун баары айрым окуучулар короодогу розаларды үзүп, класска көтөрүп киргенден кийин башталганын айтууда. Мугалимдин ырасташынча, аны жыттаган окуучулар сабак учурунда уйкуга кетишкен.

- Алгач гүл кармап отурган 10-класстын окуучусу партада отурган жерден уйкуга кетти. Анын артынан дагы бир окуучу кыз отурган жерде эле эсинен танып калды. Ага удаа эле классташ кызына жардамга барган окуучу да эсин жоготуп койду. Бир аздан соң эсинен танып жыгылган дагы бир окуучуну мектеп имаратынан 100 кадамдай алысыраак жерден таптык.

Ушул эле мектепте 11-класстын окуучусу Мижгона Зиёева короодогу роза гүлүн жыттап, андан соң гүлдү үзүп жатканда өзүн жоготкон курбусуна жардам берем деп өзү да ооруканага түшкөн. Ал азыр бир аз жакшы болуп калганы менен дагы деле аптапта басуу кыйынчылык жаратып жатканын айтат.

- Мен розаны жыттаган эмесмин. Розаларды үзүп жыттап отуруп эсинен танып калган курбума жардам бергем. Анан эле менин да башым айланып колдорум ачыша баштады. Ошентип курбумдун артынан мен дагы эсимен танып калыпмын. Дарыгерлердин жардамынан кийин азыр кыйла жакшы болуп калдым.

Мектептеги розаны жыттап эсинен танган окуучулардын баары эле жакшы болуп кете элек. Маселен, ошол эле мектептин мугалими Хайрулло Гоибовдун 10-класста окуган уулу азыр да өз алдынча баса албайт.

- Мен уулумду алгач айылдык, андан кийин райондук ооруканага алып бардым. Ал жерде баламдан эч кандай анализ деле алышпай кечке чейин кармашып, кечинде үйгө кайра жиберишти. Балам болсо дагы деле өзүнө келе элек. Азыр дагы өз алдынча басалбайт.

Мектеп короосундагы гүлдөрдөн ууланган 11 окуучунун тогузу ооруканадан чыгарылган. Дагы эки окуучу азыр да тажик башкалаасы Дүйшөмбүдөгү ооруканада дарыланышууда.

Окуучулардын массалык уулануусу боюнча кылмыш иши козголгон. Окуучулардын уулануусуна себеп болду делген розалар Тажикстандын соттук-медициналык экспертиза борборуна жиберилген. Экспертиза мектеп короосунан үзүлгөн розалардан чымын-чиркейге каршы колдонулуучу «фосфордун хлориди» табылды деген корутунду чыгарган. Ушундай эле химиялык зат азыр ооруканада жаткан эки окуучунун канынан табылган.

Деген менен мектеп мугалимдери Суфиён айылында эч качан чымын-чиркей болбогонун, мектеп бакчасы да чымын-чиркейлерге каршы дарыланбаганын айтышып, окуучулардын уулануусуна себеп болгон уу заттын кайдан чыкканына баштары маң.

Тажикстандын Суфиён мектебиндеги окуучулардын табышмактуу уулануусуна байланыштуу материалдар жергиликтүү прокуратурага өткөрүлүп берилди.

XS
SM
MD
LG