Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:54

Тажик бийлиги БиБиСинин кабарчысын бошотту


Лондондо өткөн Урунбой Усмоновду колдоо акциясы, 22-июн, 2011-жыл
Лондондо өткөн Урунбой Усмоновду колдоо акциясы, 22-июн, 2011-жыл

14-июлда Урунбой Усмонов тышка чыкпоо тууралуу тил кат берип тажик коопсуздук кызматынын абагынан эркиндикке чыкты.

Журналист Усмонов “Хизб -ут Тахрир” уюмуна тиешеси бар деген шек менен камалган.

Бейшембинин кечинде тажик бийлиги БиБиСи дүйнөлүк кызматынын кабарчысы Урунбой Усмоновду бир ай камакта кармап чыгарды. Кожент шаарындагы облустук прокуратурага журналисттин аялы Малохат Аудуазимова эки кызын ээрчитип күйөөсүн тозуп алды. Ал камактагы күйөөсүн бир жолу гана көрүүгө мүмкүнчүлүк алган.

Тажикстандын башкы прокурору генерал Шерхон Салимзода өкмөт “Усмановго каршы кылмыш иш менен таанышкандан кийин аны абакта кармабай эле иликтөө жүргүзсө болот деген чечимге” келди деп билдиргенин жергиликтүү “Азия плюс” агенттиги жазды.

“Азаттыктын” тажик кызматынын кабарчысы Хирамон Бакоева абактан бошонгон журналист менен телефон аркылуу байланышканда, Усмонов сүйүнгөнүн жашырбай, тажик бийлиги адилет чечим кабыл алаарына ишенип келгенин айтты:

- Тажик мыйзамдарынын адилеттүүлүгүнө жана эркиндикке чыгаарыма акыр аягына чейин ишендим. Мага жакышылык тилеп, менин ак экендигиме, кесипкөйлүгүмө ишенгендердин баарына ыраазымын. Тажикистан демократиялык мамлекет курууда, мен өлкө жетекчилигинин адилетүүлүгүнө ишенгем. Мен бошоноорума ишенгем. Андыктан бул мен үчүн күтүүсүз болгон жок.

Урунбой Усмонов камактан чыгаарда ага журналисттерге сүйлөбөө тууралуу эскертилгендигин кошумчалады.

Башкы прокурор Шерхон Салимзода Усмановго Коженттен эч жакка кетпөө шарты коюлгандыгын, мындай чечим тууралуу президент Рахмонго маалымат берилгендигин билдирди.

59 жаштагы Урунбой Усмонов улуту өзбек, тажик жараны, БиБиСинии Тажикстандагы кабарчысы катары 10 жылга чукул иштеген. 13-июнда тыюу салынган диний “Хизб-ут Тахрир” партиясына тиешеси бар деген кине менен камалган. Кабарчы өзү болсо бул уюмдун мүчөлөрү менен журналисттик ишмердүүлү боюнча байланышкандыгын айтат.

Журналисттин кармалышы эл аралык уюмдардын, медиа-топтор менен бир катар батыш өлкөлөрүнүн назарын бурду. БиБиСи дүйнөлүк жаңылыктар кызматынын директору Питер Хоррокс “тажик бийликтерин биздин арызга көңүл бурууга чакырабыз. Биз Усмоновдун ак экендигине ишенебиз жана ал БиБиСи үчүн өзүнүн журналисттик ишин аркалап жүргөн” деген билдирүү тараткан.

Нью-Йорктогу “Журналисттерди коргоо комитети” болсо журналисттин камалышын тажик бийлиги кайсы бир саясий, диний маселени чагылдарууга бөгөт койуда деп баалаган.

Бейшембиде Тажикстандын Австриядагы элчиси Нуриддин Шамсов ЕККУнун медиа өкүлү Дуния Миятовичке жолдогон катында расмий Дүйшөмбү журналисттердин укуктарын чектебей тургандыгын эскертет:

“Өз милдетин жооптуу жана кесипкөй нукта аткарып, өлкөнүн мыйзамдарын сактаган журналисттер менен медиа кызматкерлердин күндөлүк ишинде эч кандай маселе жок”, деген элчи сот жообуна тартылган журналисттердин иши “ачык-айкын мыйзамдын негизинде өтүп жатканын” кошумчалайт.

Дүйшөмбүдөн келген түрдүү маалыматтарда бийлик журналист Усмановдун камалышына Улуттук коопсуздук кызматынын адистерин кыйыр күнөөлөп жатканы айтылат. Президенттин негизги идеологдорунун бири Сухроб Шарипов “коопсуздук кызматынын адиси эмне кылып жатканын билиши керек. Журналисттин аракетинде чын эле кооптонууга негиз бардыгын аныктап, ал камалса, Тажикстандын эл аралык коомчулуктагы беделине шек келтирбейби – так серептеши керек болчу. Журналистти камап салып – мына бүгүн эмне болдук?”, деген суроону коет.

Жакында эле Эмамоли Рахмон Европага сапарга барып Тажикстанга карата батыштын көз карашын түзөп келсе, Улуттук коопсуздук мекемесинин кызматкерлери туура эмес иш жасаганын айтып, бийликтин серепчиси чекисттерге сөөмөй кезеди.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG