Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:46

Тажикстанда дипломдуу жаштардын 27% окуганды билбей турганын адистер иликтеп чыгышты. Бул мектепти балдар сабатсыз бойдон аяктап жатканын ырастоочу белги.

Тажикстандын билим берүү жана илим министрлигинин акыркы баалосуна ылайык, республикадагы орто мектептерде билим алган окуучулар мектеп программасынын 70% гана өздөштүрүшөт. Министрликтен ырасташкандай, мурдагы жылдары бул көрсөткүч 50% араң жетчү. Министрлик өкүлү Хамза Ноорузовдун ырасташынча, аз-аздан алдыга жылуу байкалат:

- Калктын билим деңгээлинин акыркы көрсөткүчү бир жыл ичинде 9% өстү десек болот. Бул окуу программалар жакшыртылгандыктан жана агартууга профессионал мугалимдердин көбүрөөк тартылып жатканынын жемиши десек болок. Азыр окуучулар жалпы билим берүүчү мекемелерге коюлган сабактардын 70% өздөштүрүп калышты.

Эксперттер жана ата-энелер балдардын билим сапаты министрлик айткандай жогору эмес экендигин, мунун баары агартуу тармагындагы көйгөйлөрдөн улам болуп жатканын белгилешет.

Туңгуч наристесин биринчи класска берип жаткан жаш энелердин бири Лайло Эшонованы сүйүнүч менен бирге кыжаалатчылык да басып турган кези:

- Кызым мектепке бара баштаганына сүйүнүп атам. Бирок анын классында 40 окуучу бар экен. Мугалим эми кантип буларга жетишип билим бере алат? Көп эле мугалимдер өздөрү деле күчтүү эмес, анан алар керектүү билимди кантип берет? Мектеп ушул акыбалы менен балдарды кантип жакшы окутат? Жогорку класстардагы окуучулардын деле билим деңгээли аябай начар. Окуганын, жазганын көрүп мектепте окуп атканына ишенбейсиң. Анан кантип балдардын билими жылдан-жылга жакшырып баратат деп атышат - мен такыр түшүнбөйм.

Эшанованын айтуусунда, ата-энелер мектептен сырткары да өз алдынча мугалим жалдап, балдарын кошумча сабак окутууга аракет кылышууда. Мектептеги мугалимдердин жана балдардын абалын көрүп, ал дагы ушундай кылууга аргасыз экенин айтууда.

Быйылкы жылы өлкө боюнча 200 миң ашуун бала биринчи класстын партасына отурушту. Жети жаш чыккан балдардын ата-энелери жайы менен жакшы мектеп издөө менен алектеништи. Өткөн жылдардан айырмаланып, быйыл ата-энелерге каалаган мектебин тандоого чектөө коюлган жок.

Колунда бар үй-бүлөлөр балдарын алдыңкы мектептерге өткөрүүгө аракет кылса, орто катмар өкүлдөрү да заманбап мектептерге качырууда. Мүмкүнчүлүгү азыраак үй-бүлөлөр балдарын үйүнө жакын катардагы орто мектепке тапшырат.

Айрым эксперттердин ырасташынча, билим берүүдөгү сапат мектептер атаандашуусунан улам пайда болот. Дүйшөмбүдөгү “Сотсервис” изилдөө борборунун жетекчиси Жамшед Кудусовдун пикиринде, билим берүүнүн сапаты мектептен аксап жатат:

- Калктын 70 пайызын жаштар түзүп атканы менен, алардын саналуусу эле сапаттуу билим алган. Жаштардын билимине 10 баллдык өлчөмдө баа бере турган болсок, мен болгону беш коймокмун. Биз атайын өлкө боюнча иликтөө жүргүзүп, эки миңден ашык студентти сурамжылаганда жогорку окуу жайдан диплом алгандардын 27% окуп, жазганды билбей турганын моюнга алышкан. Мунун баары мектепте билим берүү начардыгынан, анан келип университетте начар окугандыктан. Анткени мугалимдердин маянасы аз болгондуктан ал жерде күчтүү адамдар иштебейт.

Көпчүлүк ата-энелер эгемендик алгандан бери Тажикстанда билим деңгээл төмөндөм кетти деп эсептешет. Алар муну окуу программаларынын эскиргендиги жана окутуучулардын кайдыгерлиги менен байланыштырышат.

Дүйнөлүк банк жүргүзгөн иликтөөсүндө да тажик жаштарынын сабаты улуу муунга караганда өтө төмөн экендиги аныкталган.

Тажикстандын билим берүүнү өнүктүрүү илимий-изилдөө институтунун башчысы Шарифмурад Исрофилиён болсо башкача ойдо:

-Советтик мезгилдеги адамдар менен азыркы жаштардын билимин салыштыруу туура эмес. Бүгүнкү жаштар кымкуут мезгилде жашап атышат. Алар окуу менен бирге эле акча табышты өтө көп ойлонуп, тиричилик менен кичине кезинен эле алек болуп атышат. Эгер илимий көз караш менен алсак, азыркы жаштар эски адамдардан жогору турат.

Мурдараак Тажикстандын билим берүү жана илим министри Нуриддин Саид да Рудаки районундагы мектептин ачылышында сүйлөп жатып, өлкөдөгү окуучулар так илимдерде билими начар болуп атканына кабатырланган. Бир жыл мурда республиканын президенти Эмомали Рахмон да баллдык системанын деңгээлине канааттанбаганын ачыктаган. Бул жылы жалпы билим берүүчү мекемелерине 100 баллдык баалоо системасы киргизилди.

Көп жылдан бери мамлекеттеги билим берүү системасына карата сын айтылып келгени менен, мамлекеттик жана бейөкмөт структуралар бул системадагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн түзүгүрөөк чечим сунуштай албай келатышат.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG