Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:47

Тажикстан: шайлоодо жеңүүчү алмашкан жок


Өзбекстандагы парламентик шайлоо
Өзбекстандагы парламентик шайлоо

1-мартта Тажикстанда өткөн парламенттик шайлоодо бийликтеги Элдик-демократиялык партия шайлоочулардын 65,2% добушуна ээ болуп, алдыга чыкты.

Шайлоонун алдын ала жарыяланган жыйынтыгын коммунисттер тааныбай турганын айтышса, эл аралык байкоочулар бул шайлоо “дирижер башкарган оркестрди” элестетерин билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Шермухаммад Шохиён парламенттик шайлоодо добуш берүүгө катталган шайлоочулардын 87,7% келгенин дүйшөмбү күнү жарыялады.

Алдын ала жыйынтыктар боюнча парламенттин төмөнкү палатасындагы партиялык тизме менен шайланган 22 мандаттын алтоону - Элдик-демократиялык партия, үч орунду Агрардык партия, Экономикалык реформа партиясы - эки орунду ээлесе, парламентке биринчи жолу өткөн Социалисттик партия бир мандатка ээ болду.

Тажикстанда жарандык согуш аяктагандан бери биринчи ирет Ислам кайра жаралуу партиясы жана Коммунисттик партия парламентке өтүү үчүн коюлган 15 пайыздык чектен өтө албай калды. Ушундай эле тагдырга Социал-демократтар да туш болушту. Аларды шайлоочулардын болгону жарым пайызы колдогон.

Коммунистик партия менен Ислам кайра жаралуу партиясы тажик парламентинин мурунку чакырылышында эки мандатка ээ болчу.

Парламентке өтпөй калган партиялар шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын тааныбай турганын билдиришти. Коммунисттик партиянын лидери Шоди Шабдолов шайлоо жыйынтыгын «саясий фарс» деп атады.

Эмомали Рахмон добуш берүүдө
Эмомали Рахмон добуш берүүдө

Ислам кайра жаралуу партиясынын башчысы Мухиддин Кабири жакынкы аралыкта партиянын саясий кеңешинин жыйыны өтөрүн, ошондо бул шайлоого баа берилерин айтты. Саясий кеңешти Социал демократтардын башчысы Рахмотилло Зойиров да чогултарын билдирди.

Коңшу өлкөдө өткөн добуш берүүгө көз салган эл аралык байкоочулар шайлоо өнөктүгү учурунда оппозициялык партиялар кысымга кабылып, шайлоочуларга басым жасалганы тууралуу ишенимдүү фактылар түшкөнүн белгилешти.

Европарламенттин делегациясынын башчысы Норберт Неусер добуш берүү тынч жана ынтымактуу өткөнүн айтып, “Ошентсе да чоң олуттуу кемчиликтер болду, бир адамдын бир нече жолу добуш берүүсү, бюллетендердин мыйзамсыз ыргытылышы жана добуштарды эсептөө туура эмес өткөн фактылар катталды. Бул добуш берүү таза өткөнүнө кепилдик бере албайт”- деди Дүйшөмбүдө өткөн жыйында.

Добуштар саналууда
Добуштар саналууда

ЕККУнун өкүлү Миклош Харасти шайлоо “дирижер башкарган оркестрди”элестеткенин белгилеп, “Шайлоо күнү биздин 230 байкоочу 800 добуш берүү бекеттерге көз салып турушту. Өкүнүчтүүсү, бир адамдын бир нече жолу добуш берүү фактылары катталды. Ошондой эле бюллетендердин фальсификацияланышы жана бардык үй-бүлө мүчөлөрү үчүн бир адамдын добуш берген учурлары да болду. Бул мыйзам бузууларга каршы эч кандай чара көрүлгөн жок. Эл шайлоонун таза өтүшүн каалайт, бирок биз ал күнү бул нерсени байкай албадык”, – деп билдирди.

ЕККУнун жана Европарламенттин байкоочулар миссияларынан айырмаланып, КМШнын жана Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочуларынын баасында, Тажикстанда парламенттик шайлоо демократия чегинде эркин өттү. Алардын айтымында, шайлоо өлкө мыйзамдарына төп келгидей жүргүзүлдү.

Шайлоонун акыркы жыйынтыктары эки жума ичинде айтылат. Учурда он бир мандаттуу округдарда добуштар саналууда, анын жыйынтыгында парламенттин төмөнкү палатасынын толук курамы аныкталат.

Тажик парламенти эки палатадан турат. Жогорку палатадагы 33 депутаттын 25ине жергиликтүү депутаттар жашыруун добуш берсе, сегизин президент өзү дайындайт. Парламенттин төмөнкү палатасына 5 жылдык мөөнөткө 63 депутат шайланат, анын 41и бир мандаттуу округдан, ал эми 22си бирдиктүү жалпы республикалык шайлоо округунан саясий партиялардын тизмеси менен өтөт.

XS
SM
MD
LG