Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:44

Элимдин көрөңгөсү: Жеңиштин ачуу жемиши


Дувана айылынын тургуну Улугбек Абдуллаев, таятасы Шаймарданкул Шаймурзаевдин ысымы жазылган эстеликтин жанында.

Дувана айылынын тургуну Улугбек Абдуллаев, таятасы Шаймарданкул Шаймурзаевдин ысымы жазылган эстеликтин жанында.

Экинчи Дүйнөлүк согушта Жерге-Тал, Мургабдан да миңдеген кишилер согушка аттанып, көбү кайра кайтпай калган. Ал эми тирүү кайткандардын арасы суюлуп, бүгүн дээрлик калган жок.

Жерге-Тал району үчүн Экинчи Дүйнөлүк согуш чоң алаамат болгон. Ал кездеги бир ууч элдин 1300дөй эр-азаматы кан майданга аттанган бойдон, кайтпай калган.

Согуштун алгачкы айларында эле бир күндө бир үйгө эки кара кагаз келген учурлар катталган. Хамид Боронов Жерге-Тал районунун Жайылган айылынын тургуну, тарых мугалими:

Хамид Боронов, жергеталдык тарыхчы, ардагер мугалим

Хамид Боронов, жергеталдык тарыхчы, ардагер мугалим

- Осмонов Абдылазиз, Адила деген ага-иниге кара кагаз бир убакта келген. Ал кездери адамдардын бири-бирине болгон тууганчылыгы күчтүү болчу. Бир ай аза күтүп, ыйлап-сыкташып, ошол үйгө жардам беришкен. Бардыгы өз баласын жоготкондой кайгырышкан.

Жерге-Талда бүгүн согуш ардагерлеринин аягы суюлуп кеткен. Алардын эң атактуусу Жээнбай Камаров деген киши болгон:

- Жээнбай Камаров 18 жашында согушка аттанып, үч Даңк орденин алган. Бул «Советтер Союзунун Баатыры дегенге тете да. Ал кишинин өлгөнүнө 10 жылдай болуп калды.

Бороновдун айтымында, Камаровдун ысымы бир совхозго берилген. Бирок кийин совхоздор жоюлганда баатырдын аты айтылбай калды.

Саясат таануучу жана журналист Абдил - Ахат Курбанов Жерге-Талдын Жаңы - Шаар айылынан. Анын үй-бүлөсүндө да согуштан кайтпай калгандар болгон:

Атамдын бир тууган иниси Аким Кангелдиев менен апамдын бир тууган агасы Аттокур Молдоисхаковдун сөөгү майдан талаасында калып кеткен. Атам менен апам «бир туугандарыбыз келбей калды, тукум калбай калды» деп ыйлап жүрүп өтүштү. Мындай трагедиялар ар бир үй-бүлөдө болгон.

Азыр Сокулуктагы райондук гезитте иштеген Курбанов өткөн кылымдын аягында Тажикстанда ички согуш тутанган кезде Кыргызстанга келген качкындардын бири. Ал Жерге-Тал райондук гезитинде иштеп турганда ардагерлердин бир тобун таанып, айрымдарынан бала кезинде таалим да алганын мындайча эскерди:

Абдил-Ахат Курбанов, Сокулуктагы үйүнүн жанында

Абдил-Ахат Курбанов, Сокулуктагы үйүнүн жанында

Согушка баргандардын жарымынан көбү кайтпай калды. Биринин сүйгөн жары, дагы биринин чиедей балдары менен карыган ата-энеси калды. Карим Сатторов деген аксакал кийинчерээк Гарм районунда катчы болуп иштеген.

Бакир Саттаров деген аксакал Жаңы-Шаар айылынан, райкомдун секретары болуп иштеген.

Бул кишилер Европаны бошотууда, Сталинград үчүн салгылашта, Москваны коргоодо зор эрдик көрсөткөн. Эргеш Тагаев, Мамур Махмыдов деген, Кашка-Теректен Казыбек Эшанкулов, Жоломодон ага аты уйкаш дагы бир Казыбек Эшанкулов жана башка аталарыбыздын эмгектери аябагандай чоң болчу.

Бул тирүү келгендери гана. Бейиши болгур көзү өтүп кеткен Жумаев Бакир Саттарович деген аксакал Финляндия согушуна катышып, Маньчжурияга чейин жеткен. Биз кичинекей кезде мектепке келип, Халхин кол дегендерди сүйлөп берчү. Кытайдын Манчжурия бөлүгүн басып алган жапондордун Квантун армиясын талкалоого катышкан. Денесинин бир топ жеринен жаракат алган. Айыл чарбасын көтөрүүгө салым кошту, айыл өкмөттүн төрагасы болуп турган, райкомдун секретарлыгына чейин жеткен. Кийинчерээк Жаңы-Шаар айыл өкмөтүндө ардагерлер кеңешинин төрагасы болуп туруп, көзү өткөнүнө беш-алты жыл болду.

Жерге-Талдын Дувана айылында Экинчи Дүйнөлүк согушка катышкандардын айрымдарынын ысымдары. Алардын ичинде Мамадалиев Сайфидиндин ысымы мектепке берилген.

Жерге-Талдын Дувана айылында Экинчи Дүйнөлүк согушка катышкандардын айрымдарынын ысымдары. Алардын ичинде Мамадалиев Сайфидиндин ысымы мектепке берилген.

Экинчи Дүйнөлүк согушта нацизмге жеңүүгө кыргыздардын кошкон салымы аз болсо да саз болгон, себеби миңдеген уулунун өмүрү бүт адамзатынын ичинен өзүн гана өйдө көргөн өтө кооптуу идеология менен кандуу кармашта кыйылган.

Бирок Курбанов бул согушту биринчи кезекте майда улуттардын маңдайына жазып койгон мүшкүл деп түшүнөт:

- Борбор Азиянын мамлекеттери ал кезде башка жарды эле. Кыргызстандын эли бир жарым миллиондой эле болгон. Тажикстан менен Түркмөнстандын деле эли аз эле. Биз кубаттуу союздун (СССРдин) тутумунда тургандан кийин, Москвадан айтылган буйрукту аткарбаска эч аргабыз жок болчу.

Тажикстандагы кыргыздар бүгүн согуш дегенде СССР кулагандан кийин башталган беш жылдык ички согушту көбүрөөк эстешет. Анткени Дүйнөлүк согушта жергеталчылар 905 кишисинен айрылса, 1992-97-жылдагы согушта, Курбановдун айтымында, 500гө чукул кыргыздын өмүрү кыйылган.

- Согуш деген жоготуу, согуш деген өлүм, согуш деген ачкачылык, согуш деген оору, согуш деген жакырчылык! Согуш - дүйнөдөгү бардык балээлердин баштоочусу! Биз Тажикстандын жараны болуп, ошол жакта туулуп-өсүп, ошол жакта билим алдык. Согуш чыгып кеткенде, ошонун кесепетин өз көзүбүз менен көрдүк. Бул согуш жергеталдык кыргыздардын төбөсүнө тийген оор сокку болгон. Бул согушта 500дөй кыргыз эч күнөөсүз каза тапкан. Аларга ар кандай күнөө коюшкан. Кылымдар бою ата-бабанын киндик каны тамган жеринен согуштун айынан качып кетүүгө аргасыз болгонбуз.

Жерге-Талдын Дувана айылындагы эстелик жеке менчик үйдүн короосунда калган. Ээси Мухидин Занжонинин айтымында, 9-майда айыл тургундары согушка катышкан жердештерин эскерип турушат.

Жерге-Талдын Дувана айылындагы эстелик жеке менчик үйдүн короосунда калган. Ээси Мухидин Занжонинин айтымында, 9-майда айыл тургундары согушка катышкан жердештерин эскерип турушат.

Учурунда колунда барлар качты. Түштүк Тажикстандан, Дүйшөмбүнүн айланасында чачылган кыргыздарды ошол кезде түбү таластык Тайтөрө Баатыркулов Акаевге кирип атып, кыргыз өкмөтү көчүрүп кеткен. Элдин көбү дагы деле Жерге-Талда.

Согуштан эл жакырланды, китеп жетишпей, балдар тажик тилинде окуп кетишти. Бул улуттук трагедия болду.

Кыргызстанга келгендер деле өз кесибинде иштей алган жок, малы, үйү жок, тоскоолдуктар болду. Балдарын окута албады. Айтор, согуштун айынан бир муун утулду.

Тажикстандын кыргыздар жашаган дагы бир району - Мургабда кийинки согуштун залдарын анча сезишкен жок, бирок турмуш-шарты өтө оор аймак болсо да, фашисттик Германия менен СССРдин кармашы мезгилинде мургабдыктарды да согушка алышкан.

Ардагер мугалим Айдарали Сапарбаев, Мургабдын Ыраң-Көл айылы

Ардагер мугалим Айдарали Сапарбаев, Мургабдын Ыраң-Көл айылы

Мургабдык ардагер мугалим, Памир кыргыздары деген энциклопедиялык эмгектин автору Айдарали Сапарбаевдин айтымында, өзү жашаган алыскы Ыраң-Көл айылынан Кожомкул
Таштанбеков аттуу адам согушка катышып келген. Кожомкул аксакал мындан 10 жылдай мурда өз айылында кайтыш болгон. Андан тышкары Асанов Айдар, Матанов Камар, Назимидинов Жоробай деген согуш ардагерлеринин да көзү өтүп кетти.

Сапарбаевдин айтымында, бүгүн Мургабда Экинчи Дүйнөлүк согушка катышкан ардагерлерден эч ким калбады.

Экинчи Дүйнөлүк согушка Тажикстандан 250 миң чакты киши кетип, алардын 90 миңдейи кайтпай калган. Ал кезде Тажикстандын калкы эки миллион чамасында болгон жана өлкө СССРдин согуш жүрүп жаткан аймактарынан 600 миңдей качкынды кабыл алган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG