Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:01

Абдыкаар аке тууралуу колу жеңил, мыкты дарыгер гана эмес, ашкере кичипейил, адамгерчиликтүү инсан катары да эл арасында мурда көп жылуу сөздөрдү угуп жүргөнүм менен, атайын барып жакындан таанышып, аны менен дидарлашууга буга чейин мүмкүнчүлүк болбой жүрдү эле.

Дарт чалганда гана дарыгерди эстейсиң дегендей, бул жолу Жерге-Талга барганымда карындашым Шахнозанын үч айлык кызы ооруп калып, өзүбүздүн участкалык ооруканада жатып жакшы болбогондуктан, Сары-Талаадагы айылдык бейтапканада иштеген Абдыкаар акеге алып бардык. Адегенде эле менин кызыгуумду жаратканы, бейтапкананын бир палатасында лахшылык бир-эки эски тааныштарды жолуктурдум.

- Ой, силер бу жерде эмне кылып жүрөсүңөр? – дедим таң калганымды жашыра албай, - өзүңөрдө олчойгон ооруканаңар бар, дарыгериңер да жетиштүү сыягы?

- Биздики бел оору, омуртканын грыжасы деп коёбу…муну Абдыкаар аке укалап мыкты дарылайт экен.

- Негизи, кеселди бу кишидей билгендер азыр биздин аймакта өтө аз, - деди ооруканада жаткандардын дагы бири.

- Бул кишиге тээ Алайдан да келип шыпаа таап кеткендер бар.

Дарыгер менен таанышып, ал-жай сурашкандан кийин, адеп ушул тууралуу сурадым:

- Өзүңүз балдар доктуру болсоңуз, анан башка ооруларды да дарылап жатат экенсиң, буягы Лахшы өрөөнүнөн, тиягы Чоң-Алайдан бери келип сизден дабаланат экен, мунун сыры эмнеде?

- Мен Душанбеде мединституттун педиатрия бөлүмүн аяктаганмын. Бизде чоңдордун дарыгерлери жок болгондуктан, кийин тийиштүү курстардан өтүп, окуп-үйрөнүүгө туура келди. Өзүм-туулуп өскөн айылым Сары-Талаадагы ушул ооруканада 22 жылдан бери иштеп келе жатам. Атайын орто билими бар келинчегим Алимкулова Карамат да өзүм менен чогуу иштейт. Аны да көп нерселерге үйрөттүм. Төрөгөнү келген келиндерге жардам берет. Эки жардамчым бар. Бу жагынан бизди үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу десе да болот.

- Окугандар бүгүн аябай көп деңизчи, бирок чыныгы дарыгерлер аз, буга эмне себеп болууда?

- Аның ырас, биздин айылдан болбосо да Жерге-Талдын башка айылдарынан бул тармак боюнча бүтүп келгендер бүгүн жетиштүү эле, эми ар кандай болуп жатат. Дайым эле жаштарды күнөөлөй берген болбойт. Мурда медиктер арасында устат-шакирт деген салт күчтүү болчу, бүгүн ошол нерсе солгундап калгандай.

- Балким, чыныгы дабагер болуш үчүн илим-билимден башка да табияттан берилген шык-жөндөм керектир? Ошол нерсе адамдын өзүнүн дээринде болбосо, миң окуп-үйрөнгөн менен ар тараптуу дарыгер боло албайт да?

- Мүмкүн, ошондойдур. Бирок менин бир билгеним, жакшы дарыгер болуш үчүн адегенде жакшы адам болуш керек. Сен биринчи кезекте адамга үмүт, ишеним тартуулашың ылаазым. Башкача айтканда, анын көңүлүн, жан дүйнөсүн дарылаганыңда гана өзүн дабалай аласың. Дарыгер катары мен өмүр бою ушул принципти тутунуп келе жатам.

- Чоң-Алайдан да келип, дарыланып кетип жатышат дегендери ыраспы?

- Бул мындай болду. Жекендиден (Чоң-Алайдагы айыл. – А.К.) Кичи-Карамыкка түшкөн бир келин менден дарыланып кеткен эле. Ал мен тууралуу бир топ реклама кылган окшойт. Кийин анын туугандары жана башка кишилер келип, дарыланып кетишти.

- Абдыкаар аке, бул аймактагы элдин ишенген жалгыз дарыгери өзүңүз экенсиз, анүстүнө башка кыштактардан да келип жатышыптыр, азыр кеселдер да көп, - ушунун баары бир сиз үчүн оор эмеспи?

- Ушул кесипти тандап алгандан кийин оорлугуна да, кыйынчылыгына да чыдаш керек да. Менде шаардагыдай палан саат иштеп, түкүн саат эс алмай деген болбойт. Кээде түн жарымында да телефон чалышат. Мындайыраак ооруларга телефондон эле кеп-кеңеш берип, кандай дары-дармектерди ичүү керек экендигин сунуш кылам.

- Менин угушума караганда сизге келген бейтаптардан акча да сурабайт окшойсуз. Ал эми шаардын айрым дарыгерлерине кайрылсаң, адегенде эле «кызматым мынча болот» деп турат.

- Мен бейтаптардан «мынча бер» деп эч качан акча сураган эмесмин. Айрымдары көңүлдөрүнөн чыкканын берет. Кээде 1 сомон (кыргыздын 10 сому. – А.К.) бергендер да болот. Өзүң көрдүң го, жанагы эже Мөктөн келиптир. Ал эже сыяктуу алыскы айылдардан жолго 20-30 сомон (200-300 сом. – А.К.) төлөп келип кеткендерден кантип акча сурайсың. Буга абийириң барабы? Бирөөгө кылган жакшылыгың ал кишиден кайтпаса, Кудайдан кайтат деп айтып коюшат эмеспи. Анан чыныгы дарыгер адамдарды бай-кембагал деп бөлүштүрбөй, баарына бирдей карап, баарын бирдей дабалаш керек.

- Уул-кыздарыңыздын ичинен жолуңузду жолдогондор барбы?

- Келинчегим Карамат экөөбүздүн жети перзентибиз бар. Тун уулум Кудрат КММАда 3-курста окуп жатат. Андан кийинкиси, кызым Гүлнара Оштогу медициналык коллеждин фармацевтика бөлүмүндө окуйт. Буюрса, алардан да жакшы дарыгерлер чыгат деген үмүттөмүн.

- Өзүңүз Душанбеде билим алыпсыз, а эмне үчүн балдарды Кыргызстандан окутуп жатасыз?

- Кыргызстанда медицина тармагы күчтүү өнүккөн. СССР мезгилинде ден соолукка байланышуу Орусиядан «Здоровье» деген журнал чыкса, союздук өлкөлөрдүн ичинен жалгыз гана Кыргызстанда «Ден соолук» журналы чыгып турчу. Бу дагы Кыргызстанда медицинага мурдатан эле өзгөчө көңүл бөлүнүп келе жатканынын белгиси.

- Эл арасында го кадыр-баркыңыз чоң экен, ал эми мамлекет сиздин эмгегиңизди баалап жатабы? Алган сыйлыктарыңыз барбы?

- Баалап жатат. Жогорку категориядагы дарыгермин, мындан тышкары «Саламаттыкты сактоонун мыктысы» деген да наам беришкен.

- Шаарда бүгүн дарыгерлер бейтаптарды аппаратсыз көрбөй калган. Сизде андай нерселердин бири да көрүнбөйт го?

- Эми шаардын шарты башка. Бизге да жакын арада УЗИ аппаратын беребиз деп убада кылып жатышат. Буюрса, болуп калаар.

Күнү-түнү тыным албай, жардам сурап кайрылгандарга чын дилден көмөк көрсөтүп келе жаткан Абдыкаар Рыскулов менен коштошуп жатып, мейли айылда болсун, мейли шаарда болсун, кээде бары-жогу билинбеген, бир да жолу сүрөтү жылтыр-жултур журналдардын бетине чыкпаган, газеталарга маек курбаган, телевизордон көрүнө берип элдин көзүнө чыйкан болбогон табиятынан жупуну, жөнөкөй, ушундай адамдардын барлыгына шүгүр кылдым. Балким, бүгүнкү «устаранын мизинде» турган дүйнөнүн аңтар-теңтер болуп кетпегенине ошондой кишилердин шарапаты тийип жаткан чыгар.

Аким Кожоев

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG