Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:27

Тажикстанда жакында үрөйдү учурган окуя болду. Эки ай мурда баш калаа Дүйшөмбүгө жакын жердеги айылдардын биринде алты айлык кош бойлуу аял тез төрөтүүчү дары менен эрте көз жарып, ымыркайын өлтүрүп алган. Көрсө, алты кыздын энеси мындай кадамга эркек бала көрүүнү самаган күйөөсүнүн зордугу менен барган экен.

Келин боюндагы баласы алты айга жеткенде төрөтканага келип, атайын дарылар менен мөөнөтүнөн мурда толгоо тартып төрөйт. Жарык дүйнөгө келген эркек бала болгону бир нече саат гана жашайт. Алты мүчөсү али жакшы жетиле элек ымыркайдын ыңаалаган үнү заматта өчүп чарчап калат.

Эмне үчүн кош бойлуу эне жок дегенде дагы бир ай күтүп, анан төрөгөн жок?

Дарыгерлердин айтымында, бала жок дегенде жети ай болуп төрөлгөндө, адам болуп кетмек. Ымыркайынан ажыраган келиндин кайын эжеси "Азаттыктын” тажик кызматына мындай чечимге эмне түрткү болгонун айтып берди:

- Алар алгач УЗИге барганда “кыз төрөйсүң” дешкен, анан иним аялын кайра текшерткени алып барды. Кайрадан эле баягы сөздү укканда, “биз кыздуу болгубуз келбейт” деп чечишти. Анан жасалма жол менен бала мөөнөтүнөн мурда төрөлдү. Көрсө, кыз эмес, эркек бала экен. Атасы ошондон бери “мен өз колум менен уулумду өлтүрүп алдым" деп, өзүнө келе албай жатат. Сиз эми азыркы эркектерди билесиз да. Алар сөзсүз эркек балалуу болууну каалайт. Кызбы, уулбу - баары бир эмеспи! Ал сенин балаң да! Баланы кудай берет, ага нааразы болбош керек да.

Келиндин күйөөсү 12 жылдан бери уулдуу болсом деп самап жүрчү экен. Биринин артынан бири келген алты кыздын атасы жубайынын боюна бүткөндө, бул жолу “уул болсо гана төрөйт” деп чечкен өңдүү. Азыр эми УЗИге ишенип, өзү көптөн күткөн эркек баласын өлтүрүп алган ата үчүн да, анын талабын аткарып, боюндагы баласын өлтүрүүгө макул болгон эне үчүн да жашоонун маани-маңызы жоголгондой.

Непада төрөлгөн ымыркай кыз болсо, анда атасы ушунчалык кайгыга батат беле?

Бала тандайм деп бактысына балта чапкандар

“Кыз балага караганда уул балага артыкчылык берген мамиле - салттуу коомдорго көбүрөөк тиешелүү көрүнүш”, - дейт кыргызстандык социолог Гүлнара Ибраева.

- 2000-жылдардын башында Индияда чыккан маалыматта, бойдогу наристенин жынысын аныктаган технология пайда болгон соңку 30 жыл ичинде 12 миллиондой кыз жарык дүйнөгө келбей өлтүрүлгөн. Кытайда болсо төрөлгөн ар бир жетинчи кыздан баш тартышат.


Социолог бул көрүнүштү салттуу коомдордо эркек бала гана тукум улайт, эркек бала гана нан таап, картайганда ата-энесин карайт деген кылымдардан бери сакталып келаткан түшүнүк менен байланыштырды.

Тенденция

Тажикстандагы гинекология илимий-изилдөө борборунун жетекчиси Шамсуддин Курбоновдун айтымында, акыркы 20 жылдан бери өлкөдө боюнан алдырган аялдардын саны өстү. Ал азыр жыл сайын 15 миңдей аборт жасалаарын кошумчалады.

Коңшу өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексинин 124-беренесине ылайык, аялды абортко мажбурлагандар эки жылга чейин түрмөгө отургузулат. Азырынча аялына аборт жасатып, эркек баласын өлтүрүп алган тажик жаранга эмне чара көрүлөөрү тууралуу эч кандай кабар айтыла элек.

Ал арада Дүйшөмбү шаарынын дагы бир тургуну Гүлрухсор “Азаттыкка” сүйлөп жатып, анын кошунасы үч кыздан кийин “эркек бала болсо гана төрөйсүң” деген күйөөнүн талабынан улам үч жолу аборт жасатканын айтат. Аягында эки эркек бала төрөгөн, бирок алар кийинчерээк авиакырсыкта чарчап калышты. “Ошондон кийин гана ал кошунабыз “бизди кудай урду” деп, кызбы, эркекпи, кандай жыныста болбосун, перзенттин баары тагдырдын белеги экенин түшүндү”, дейт Гүлрухсор.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG