Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:07

Жер Жылдызы Жерге-Тал түрмөгүнөн тажикстандык кыргыз мугалимдерге сөз беребиз. Алар мектептердеги абал тууралуу жана ошондой эле миграциянын түйшүктөрү, Жерге-Талдагы жер-суу аталыштары жана тарыхый жайлар тууралуу айтып беришет.

Маектерди бул жерден угуңуз:

Жерге-Талда мугалимдер арасында агайлар көп болбосо да, эжейлер менен тең чамал экендигин байкайсыз. Жерге-Тал өзү Ат-Башынын деңгээлиндеги бийиктикте жайгашкан, ал эми мен жакында барган Мөк айылы андан дагы миң метрдей өйдө, Муз-Тоонун этегинде орун алган күнөстүү, бак шактуу жер. Бул айылдагы мектептин алдынан математика мугалими Аскар Зикировго жолуктук.
Аскар Зикиров жашы 40тарга чамалап калган менен, тоолуктарча арыкчырай, өз курагынан жаш көрүнөт. Жүзү күнгө тотуккан, башында ак калпак кондурган. Бишкектеги Арабаев атындагы университетти бүтүргөн. Кыргызстанда окуп, Жерге-Талга кайтып барган саналуу адистердин бири. Атасы Айдараалы Зикиров Жерге Талдагы эң белгилүү математиктерден болгон, ыр да жазып, мындан үч жыл мурда китеби Кыргызстанда чыккандан көп өтпөй кайтыш болуп кеткен.
Зикиров Аскар: Мен ушул мектепте математика жана информатика сабактарынан сабак берип иштейм. Биздин мектеп - ушул турган имарат 1985-жылы курулган. Мектепте эки жүз төрт окуучу билим алат. Сабактар кыргыз тилинде окутулат.
Биздин мектепти бүткөн балдар негизинен Кыргызстандын окуу жайларына тапшырышат. Азыр Бишкек, Ош шаарларында окуп жатышат. Студенттерибиз көп эле, Кудайга шүгүр.
Жаңыл Жусупжан: Кайра кайтып келишеби?
Зикиров Аскар: Жарымы келет, жарымы келбейт.
Жаңыл Жусупжан: Мектепте окуу китептеринин абалы кандай?
Зикиров Аскар: Окуу китептери жетишпейт. Кыргыз тилиндеги китептер дээрлик жокко эсе. Тажик тилиндеги китептерден колдонуп, өз алдынча которуп окутуп жатабыз. Кыргызстандан 2005-2006 жылдары китеп келген. Азыр ал китептер эскирип, жыртылып бүттү, жаңысы жок.
Жаңыл Жусупжан: Кандай китептер керек?
Зикиров Аскар: Баардык сабактардан болсо жакшы болот. Негизинен кыргыз тил, адабият китептери зарыл керек китептер.
Жаңыл Жусупжан: Силер математикадан сабак берет экенсиңер. Математикадан китебиңер кыргыз тилиндеби?
Зикиров Аскар: Мугалимдер үчүн бирден китеп бар. Окуучуларда жок. Тажик тилиндеги китептерди которуп, окутуп атабыз.
Жаңыл Жусупжан: Тажик тили канчада бир окутулат?
Зикиров Аскар: Экинчи класстан баштап он биринчи класска чейин ар бир класска бир жумада эки сааттан сабак өтүлөт. Бирок аны менен тажик тилин жакшы өздөштүрө алышпаса анда тажик университетине тапшыра албайт.
Зикиров Аскар: Тажик университетине тапшыргандар деле бар. Бирок тилди өздөштүргөнгө эки саат аздык кылат. Тил маселеси болгондуктан тажик университетине тапшыргандар аз болуп атат. Мектеп негизинен кыргызча болгондуктан Кыргызстанга тапшырып жатышат.
Жаңыл Жусупжан: Тажик университетине тапшырганда жеңилдиктер барбы? Азчылыктардын тилин билген балдарга экзамен учурунда котормочу берип деген сыяктуу.
Зикиров Аскар: Мурда болгон. Азыр андай жеңилдиктер жок.
Жаңыл Жусупжан: Силер отчетторду тажик тилинде тапшырышыңар керекпи?
Зикиров Аскар: Биздин иш кагаздарыбыз баардыгы тажик тилинде. Тажик тилин үйрөнүш керек. Ишке киргенде тажик тилин билиш керек.
Ишемби күн эле, Мөк мектебинде класстар бош экен. Окуу жокпу десем, бүгүн базар, анын үстүнө мугалимдердин да, балдардын да окууга анча ынтаасы жок, китеби жок кандай сабак болот? деди бала чагында ушул мектепте окуган, Кыргызстанга көчүп кетип, Жерге-Талга тойго келген жазуучу, котормочу Аким Кожоев.
Ушул эле мектептин дагы бир мугалими «Китеп жетишпейт, жакында кыргыз мектептерин жабат деп жатышат, биз жок болуп кетебиз го» десе, көзүнө жаш айланып кетти.
Жерге-Тал айылына кайтканыбызда жол боюнда күн чубактап отурган аксакалдарга кез келдик. Өз арасында тажикче сүйлөп жатышыптыр, учурашканда баары кыргызчага өтүштү. Ыңгайы келип турганда, аксакалдардын бирин сөзгө тартсам, кыргыз тил адабияттан сабак берген ардагер мугалим болуп чыкты. Анда Жер жылдызы Жерге-Тал түрмөгүбүздүн кезектеги санын Сабыр Надыров аксакалдын чакан маеги менен аяктасак.
Сабыр Надыров: Мен ушул Жерге-Талда жашап жатамын. Мектепте кыргыз тили адабияттан сабак берип иштедим.
Жаңыл Жусупжан: Ошон үчүн кыргыз тилинде сүйлөп жаткан турбайсызбы.
Сабыр Надыров: Биз баарыбыз кыргызбыз. Жерге-Талда жетимиш процент кыргыз.
Жаңыл Жусупжан: Бирок жаштар кетип жатышат да?
Сабыр Надыров: Жаштардын баары Орусияга ж.б. жактарга кетип иштеп жатышат. Келгендер келип кетип турушат. Неберелерин ташташкан, бирок Орусияда кеткендердин арасында үй-бүлөлүүлөр аз, көбү үйлөнө элек.
Жаңыл Жусупжан: Сиздерде кандай кызыктуу жайлар бар? Бул турган Муз-Тоо деген Коммунизм чокусубу?
Сабыр Надыров: Бизде эстеликтер, мазар жерлер көп. Ширин-Суу, Муз-Тоо деген жерлер да бар. Бул чокуну биз Муз-Тоо деп коебуз. Ар дайым муз, мөңгү болуп турат. Жашыл-Көл, Баканды-Көл, Кашка-Суу, Ширин-Суу деген жайлоолор бар. Биз ошолорго чыгабыз. Жашыл-Көл өзү жашылданып турат. Ширин-Суу дегени болсо булактын суусу абдан татымдуу, ичкиликтүү.
Жаңыл Жусупжан: Бул жерде Манастын күмбөзү бар экен. Ал эмне болгон жер?
Сабыр Надыров: Манастын күмбөзүнө союз учурунда Кыргызстандан экспедиция болгон. Биздин өзүбүздүн жергиликтүү студенттер изилдешкен жок. Так жайын мен анын айта албайм. Укканыбызга караганда Човой деген кыштактын үстүндө экен.
Жаңыл Жусупжан: Алай жактан агып келген суунун Кызыл-Суу деген өзүнүн атыбы?
Сабыр Надыров: Өзүнүн аты.
Жаңыл Жусупжан: Картада Сухроб деп турат.
Сабыр Надыров: Ал тажикчеси. Чынында Кызыл-Суу.
Жаңыл Жусупжан: Картага ошентип түшкөндөн кийин унутуп калса керек да.
Сабыр Надыров: Мурунку карталарда Кызыл-Суу. Азыркы карталарда Сухроб деп жазылып калган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG