Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:01

Тажикстанда мечиттер үйгө айланууда


Үй катары пайдаланылып жаткан мурунку мечит. Тажикстан, Куляб.
Үй катары пайдаланылып жаткан мурунку мечит. Тажикстан, Куляб.

Тажикстан бийликтери мыйзамсыз салынган мечиттерди үйгө муктаж кишилерге өткөрүп берүүнү улантууда. Соңку алты жылдан бери миңден ашуун мечит турак жайга айланды.

Жергиликтүүлөрдүн айрымдары шарият мыйзамы менен алганда, муну туура эмес деп эсептешет. Кээ бир эксперттер мындай аракетти диний ишенимди маскаралоо деп сыпатташат.

45 жаштагы Савсан Жонова үч айдан бери уулу менен Кулябдын Хатти-Рах көчөсүндөгү жаңы үйдө жашап жатат. Алар очок жайган имарат буга чейин мечит болчу.

“Азаттык” радиосунун тажик кызматынын кабарчысы Савсан Жонова менен жолугуп, абалынан кабар алды. Көрсө, үй-жайсыз бул аял соңку алты жылдан бери Тажикстан коммунисттик партиясынын Кулябдагы кеңсеси жайгашкан имаратта, тар бөлмөдө эки баласы менен күн кечирип жүрүптүр.

Савсан Жонова. Тажикстан, Куляб шаары, 20-апрель, 2016-жыл.
Савсан Жонова. Тажикстан, Куляб шаары, 20-апрель, 2016-жыл.

- Бийликтегилерге ыраазымын. Бар болушсун. Он беш жыл мурун жолдошум менен ажырашкам. Эки балам менен көчөдө калган кезимде эч кайсыл тууганым башпаанек берген эмес. Үй сурап акимчиликке, парламентке бир канча ирет кат жазгам,- дейт Савсан Жонова.

Ал азыр баш калкалап турган имаратты эки жыл мурун Хатти-Рах көчөсүндө жашагандар мечит үчүн салышкан. Ошондуктанбы, жергиликтүүлөр “бул жер намаз окуу максатында курулган” деп, үй катары пайдалануу туура эместигин белгилешүүдө.

Савсан Жонова бул көчөнүн тургундары анын келишин анчейин жактырышпаганын, бир жолу кимдир бирөө “фашист” деп тилдегенин айтат:

- Кээ бир коңшулардын үстүнөн прокуратурага даттандым. Кээде билгизбей электр тогун үзүп коюшат. Андан башка да толгон-токой көйгөйлөрдү даярдап турушат.

Куляб мэриясы мечиттерге тургундарды жайгаштырардан мурун жергиликтүү эл менен жолугуп, алардын макулдугу алынарын белгилейт. Шаар акиминин орунбасары Кенжамо Мажидова Савсан Жонованы көчүрүп барардан мурун да адамдардын макулдугу алынганын, бирок акыркы кезде маселе жаралганын билдирди:

- Алгач биз ал мечитке ошол эле аймакта үй-жайсыз жүргөн бирөө-жарымды жайгаштырсакпы деп ойлогонбуз. Андай адам чыкпады. Кийин биз мечитти спорт залга айлантууну сунуштадык. Бирок жергиликтүүлөр “Мечит оюн ойночу жай болмок беле” деп каршылык билдиришти. Ошондон кийин укук коргоо органдары менен кеңешип, Савсан Жонованы ал жерге жайгаштырдык. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, ал жердин жашоочулары мечитти кайра алууну көздөп жатышыптыр. Бирок документтер эчак эле Жонованын наамына катталган.

Тажикстандагы мечиттердин көбү үйү жок жарандарга жашоого берилген
Тажикстандагы мечиттердин көбү үйү жок жарандарга жашоого берилген

“Азаттыктын” кабарчысы бул маселеде көчө комитетинин башчысы Шарифжан Талабовду да кепке тартты. Анын айтымында, Жонованын мечитте жашап жатканына элдин баары эмес, кичүү бир топ гана каршы болуп жаткан экен.

Расмий кабарларга ылайык, Куляб шаарында жалпысынан 54 мечит мыйзамсыз курулганы аныкталган. Алардын айрымдары үй-жайсыз кишилерге берилсе, айрымдары эс алуучу жайларга айланды.

Тажикстанда мыйзамсыз салынган мечиттерди үйгө муктаж адамдарга өткөрүп берүү алгачкы тажрыйба эмес. Былтыр Ховалиң районунун расмийлери да беш мечитти турак-жайы жокторго каттаган.

Мечиттерди үй жана коомдук жайларга айлантуу боюнча иштер 2010-жылы Абийир жана дин эркиндиги жөнүндөгү жаңы мыйзам кабыл алынгандан соң башталган. Андан бери миңден ашуун диний имараттар үй жана эс алуучу жайларга айланды.

Тажикстандык эксперттердин айрымдары муну сындап, элдин 90 пайыздан көбү мусулман коомун түзгөн мамлекетте мечиттерге мындай мамиле жасоо диний ишенимдерди маскаралайт деп айтышкан эле. Бийлик болсо мечиттер мыйзамдуу жол менен, атайын уруксат кагаз алынгандан соң курулушу керектигин белгилеп, ар ким каалаган жерине сыйынуучу имарат сала берсе тыюу салынган агымдардын жайылышына шарт түзөт деген негизди карманат.

XS
SM
MD
LG