Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:04

Мургаб ыргактары: Азчылыктын тил азабы


Сүрөттө: Мургабдык малчы. Артында Кытай менен чек аранын тосмолору.

Сүрөттө: Мургабдык малчы. Артында Кытай менен чек аранын тосмолору.

Tажикстандагы сарыколдук Мургаб кыргыздары өз тилин колдонууда айрым кыйынчылыктарга тушугууда. Улуттук азчылык катары алардын укуктары мыйзам тарабынан корголгон. Бирок расмий тажик тилин жеткиликтүү билбегендиктен жана жергиликтүү бийликтен чечкиндүү колдоо жоктугунан чайналып калышты.

Кыргыз бар, кыргызча жазуу жок

Чет элдик катары катталышыңыз керек дешкенинен, каттоо бөлүмүнө баш бактым. Бакырайган кара көз, кара каш милийса телефондон сүйлөшүп жатты.

Тили анча келбеген кыргыз ысымдарын кыйналып, кыйкырып окуганын карап отурдум. Милийса жарым саатта барып, алик алды. Кичинекей терезеден араң жарык түшкөн каттоо бөлүмүндө иштеген Рустам көрсө кыргызча сүйлөйт экен.

Рустам берген каттоо формулярын карасам, бүт тажик тилинде. Күлүп, кошо келген конок ээсине тапшырдым. Жергиликтүү мекемеде иштеген ал киши формулярды бир сааттай толтурду.


Кеңседе иштегендер дээрлик бүт башка улуттун өкүлдөрү. Ак калпакчан кыргыздар утур кирип-чыккан эшиктин айнегинде «Пожалуйста, закрывайте двери» деген жазуу илинген, алдында тажикче котормосу.

Тажикстандын төрттөн бирин ээлесе да, 15 миң чакты гана эл жашаган Мургабда калктын басымдуу бөлүгү кыргыздар. Ошондуктан Рустам өңдүү памирилер арасында кыргызча сүйлөгөндөрдү оңой эле кездештиресиз.

Бирок ишиңиз түшүп, мамлекеттик органга кайрылсаңыз, же шаарды айланып бассаңыз, бул жерде кыргыз жашайт деп ойломок эмессиз.

Көчөдө тынымсыз каттаган милийса, аскердин арасынан кыргызга түспөлдөш бир да кишини көрө алган жокмун.


Шаардын түштүк тарабындагы тоонун бетинде акталган таш менен памирлик исмаилердин жол башчысы, Францияда жашаган Ага Ханга арналып, «Wellcome Hazir Imam” – «Кош келиңиз, азиреттүү имам» деп англисче жазылып турат.

Үч кабат административдик имараттын дубалында президент Эмомали Рахмондун портрети заңкаят, каршысында аппак акталган Лениндин түндүктөгү Орусия тарапка кол жаңсаган эстелиги шаңкаят.

Бүт шаар боюнча бир гана борбордук базардын кире беришинен «Сары-Кол» деген кыргызча жазууну көрө алдым.

Кыргызстан менен достук мамилелерге арналган мемориалда Тажикстандын герби калып, Кыргызтандын герби түшүп калыптыр.

Дал ушул талкаланып жаткан герб мага Мургабдагы кыргыздардын тагдырындай туюлду. Кыргыз тилине тыюу салган мыйзам жок, бирок кыргыздар өз жеринде өздөрүн өзгөдөй сезишет. Буга ким күнөөлүү? Мени дал ушул суроо кызыктырды.

Жалтак жетекчилик

Акылбек Атабаев "Манас-Ата этникалык кыргыздарды колдоо фондунун" жетекчиси. Анын айтымында, Мургабда кыргыздарга өз тилинде сүйлөшүүгө, маданиятын өнүктүрүүгө чектөө жок, бир жылдары тажик армиясынын зомбулугуна байланыштуу, Мургабдагы Аличор айылында кооптуу окуя болгон, бирок Мургабда Тажикстандагы дагы бир кыргыз району болгон Жерге-Талдагыдай жер-суу аталыштарын тажиктештирүү аракети көрүлгөн жок.

Ал эми жарнамалардын жалаң тажик тилинде болуп калгандыгы үчүн Атабаев Мургабдын райондук жетекчилигин күнөөлүү деп эсептейт:

- 1998-жылга чейин жарнама, мектептердин баары кыргызча болчу. 2000-жылдан баштап, тажик тилин өнүктүрүү программасын алып чыгышкандан кийин жергиликтүү тажик балдар кыргызча жазууларды үстүнөн боёк менен өчүрүп чыгышкан. Ошондо кандайдыр бир (улуттар аралык) келишпестик пайда болгон. Кийин бул кырдаал жөнгө салынган. Кийин деле айыл өкмөттөрү, райондун акими кыргыз тилиндеги жазууларды кыргыз-тажик тилдеринде сактап калса болмок. Базардагы «Сары-Кол» деген жазуу кыргыздын сөзү болбогондо, алда да сакталып калмак эмес.

Мургабда жылыга бир ирет өтүүчү "Ат-Чабыш" фестивалында ат оюндары, анын ичинде кыз куумай, эр оодарыш болот.

1998-жылга чейин жарнама, мектептердин баары кыргызча болчу. Кийин деле райондун жетекчилери жазууларды жок дегенде эки тилде сактап калса болмок.
Бишкектеги Кыргыз аты кору уюштурган бул фестивалды өткөрүүдө айрым кыйынчылыктар болгон менен, кийинки кездери жергиликтүү бийликтердин көзү түзөлгөндөй. Райондо башка маданий иш-чара дээрлик өткөрүлбөйт.

Айыл жергесинде жаштар жалаң мал менен, ал эми шаарда мектепте футбол ойношкону болбосо, көчө таптагандан башка иш жок.

Мургабда радионун кулагын бурасаңыз, мурда "Азаттыкты" укчусуз. Кийин ал да угулбай калды, ордуна кытайча берүүлөрдү кармайсыз.

Райондо кыргыз-тажик тилинде бир гана гезит, «Сары-Кол» бар, ал да чектелүү нуска менен, айына бир ирет эки тилде чыгат. Беш миң киши жашаган шаарда кафе-ресторан, кинокана жок, советтик доордо курулган театр жабык турат.

Акылбек Атабаев бул кырдаал үчүн да жергиликтүү бийликтер жооптуу деп эсептейт.

- Театрга бөлүнгөн акча... (кайда кетип жатат?). Ремонттолбой турат. Буга да жергиликтүү бийлик күнөөлүү. Район акими менин классташым болот, бирок ал элди ойлогондой деңгээлге жетпей жатат.

Район акими Мырзабай Жоошпаевдин биз менен баарлашууга көңүлү чаппады, башка район өкүлдөрү да "Азаттык" дегенди укканда, сүйлөшүүдөн тайсалдашты. Бирок эгер бул сынга жооп берели дешсе, мүмкүнчүлүк албетте бар.

Мыйзам жакшы, мекенчилдер жаманбы?

Акыйкаттык үчүн айта кетиш керек, Мургабда сырттагы айылдарда оорукана, мектептерде аталыштар тажикче, алдында кыргызча жазылат. Мургаб шаарында президент Рахмондун атынан делип, Манас атындагы үч кабаттуу чоң мектеп салынды.

Бирок мамлекеттик кызматтарда тажикче билбегендер четте калып, тил мыйзамынын алдын-ала даярдыксыз дароо күчүнө кириши эл арасында башка жактарга ооп кетүү маанайын күч алдырууда.

Атабаевдин айтымында, биринчи класстан онунчу класска чейин кыргыз тилинде окуган менен, отчет жазуу тажик тилинде өткөрүлгөндөн кийин, кыйынчылыктар башталды.

2009-жылы кабыл алынган мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдын жаңы вариантында улуттук азчылыктардын укуктары сакталып калды, ошол эле убакта мамлекеттик кызматкерлерге отчетту расмий тилде жазуу милдеттендирилди.

Жаңы тил мыйзамынан Тажикстанда жашаган орус тилдүүлөр да, өлкөнүн батышындагы өзбек азчылыгы да чайналып калды.
Тилл Мостовланский швейцариялык илим изилдөөчү. Тил мыйзамы өзгөртүлгөндө Мургабда жашап жүргөндүктөн, анын кесепеттерин жеринде баамдаган:

Бул мыйзам жалпы эле өлкө боюнча кыйынчылыктарды жаратты. Баш калаа Дүйшөмбүдө да тажик тилинде отчет жаза албаган орус тилдүүлөр бар. Акыркы кездери тажик тилине көп жаңы сөздөр кирди, эрежелер улам өзгөрүп атат. Өлкөнүн батышындагы өзбек азчылыгы да, Бадахшандагы кыргыздардай эле чайналып калды.

Памир аймагы тууралуу докторлук эмгек жазган Мостовланскийдин айтымында, Мургабда тажик тилин мектепте окутуунун деңгээли начар. Мамлекеттик кызматкерлерге тил курстары сунуш этилбестен, дароо эле тажикче отчет жазуу талабы коюлду, бул талапты аткарбагандар ири суммада айыпка жыгылат.

Илимпоз мындан мамлекеттик башкаруу иши солгундап, бул Тажикстандын өзү үчүн да кесепеттүү экендигин белгилейт.

Анын ишениминде, Мургабда жаштар азыр тажик тилин өздөштүрүүгө көбүрөөк басым жасаганы менен, калган мургабчылар ара жолдо калууда. Мындан улам, башка жакка кетип калууну көздөгөндөрдүн катары өсүшү мүмкүн деп эскертет Мостановский:

– Мунун баары аймактагы башка көйгөйлөрдү курчутуп жатат деп ойлойм. Эл экономикалык, саясий турмуштан четте калат. Бул өз кезегинде «мамлекеттик структуралар бизди турмуштун чордонунан четтетүүнү көздөйт» деген шектенүүгө жем таштайт. Бул маанилүү маселе, бул (улуттук азчылыкты) четке сүрүп салуу аракети катары кабылданат.

Азчылык ичиндеги азчылык

Исламдын исмаилити багытын карманган памирилер мургабдык кыргыздардын арасында азчылык болуп саналат. Тоолуу-Бадахшан Тажикстандын аймагындагы автономдуу макамга ээ болгон менен, жети-сегиз тилде сүйлөгөн, шийи мусулмандары болгон памирилердин кыргыздардан айырмаланып, өз мектептери да жок. Мургабга алар Памир жолу курулгандан кийин, советтик доордо келе башташкан.

Памирчилерге Дүйшөмбүнүн өкмөтү «бөлүнүп кеткиси келет» деген шектенүү менен карайт.

Тилчи Бокшо Лакшарбек азыр Москвада турат. Ал өткөн кылымдын 60-жылдары Мургабда жашаган. Орусиянын илимдер академиясында иштеген.

Тил жөнүндө сөз кылсаң эле, сеператисттик маанайды козутуп жатат деп чыгышат.
Лакшарбек памири тилдерине орток арип ойлоп тапкан, бирок окуу китептери да болбогон памирчилердин тилин өнүктүрүү багытындагы бул далалаты үчүн ага жикчил деген жарлык тагылды:

Бул жөнүндө сөз кылсаң эле, сеператисттик маанайды козутуп жатат деп чыгышат. Ошондуктан, бул тууралуу сүйлөгүм да келбейт. Биздин памири тилдери үчүн жазган арибибиз боюнча чуру-чуу түшүштү. Баары «мына булардын ою жаман» деп жазышты.

Бокшо Лакшарбек Мургаб шаарында жашап турганда, кыргыздар шаардыктардын 70 пайызын түзүп, тажиктер да кыргызча билчү дейт.

Бирок ал кийинки кездери Мургаб тараптан Орусияга келген памирилер кыргызча билбей тургандыгын, тескерисинче, кыргыздар памирилердин вакхан, шунган сыяктуу тилдерин көбүрөөк сүйлөп калганын баамдаган. Муну окумуштуу Мургабдан кыргыздардын көп кетип жатканынан көрөт.

Лакшарбек бүгүн Мургабга памирилер мурдагыдай умтулбай калды деп ырастады. Ал эми мургабчы Акылбек Атабаев «кыргыздар көбөйдү, муну үйлөрдүн көп түшүп жатканынан эле көрүүгө болот» дейт.

Ошол эле убакта ал Кытай менен чек ара ачылгандан кийин Тажикстандын башка жактарынан, алтургай Кыргызстандан ар кыл улуттун өкүлдөрү көп келип жаткандыгын белгилейт.

Көз жетсе да, тил жетпейт

Мургабчылардан сурасаңыз, кимиси болсо да «памирилер менен чатагыбыз жок» деп айтышат. Тагдырлаш эки элдин абалы кен байлыктар, жер маселесинен да билинет.

Бишкекте «Аалам кыргыздары» журналын да чыгарган Акылбек Атабаевдин сөзү боюнча, Мургабда коло кенин азыр казакстандык фирма иштетип жатат, кытайлар Мургабдын чыгыш тарабындагы тоодо бургулоо иштерин жүргүзүүдө.

Кытайга биздин жайыттар берилет экен деген сөздөр болду. Биз өтө нааразы болдук, бирок эч нерсе дей алган жокпуз.
Тажикстандан чыккан атактуу рубин асыл ташы бир гана ушул Мургабдан өндүрүлөт, бирок бул кенден киреше борбордук казынага түшөт. Ал эми улуттук азчылыктардын өз үлүшүн талашканга тили кыска.

Айдараалы Сапарбаев Мургабдын Ыраң-Көл айылынын тургуну. Ардагер мугалимдин үйүндө чай ичип отурганыбызда ал: «Азыркы заманда айрым адамдар ушундай жер берилет экен деген сөздөр болду. Биз бул жерде илгертен, ата-бабабыздан бери жашап келе жаткандыктан биз өтө нааразы болдук", - деди.

Айыл менен аты уйкаш көлдүн жээгинен карасаңыз, Кытай тараптагы жети миң метрлик Муздак-Ата тоосунун учу кылайып көрүнүп турат. Жакында мына ушул ортодогу алтын бар деп айтылган жерлер Кытайга өтүп кетти.

Бир миң чарчы чакырымдан ашык жайытты коңшу өлкөгө берген келишимди тажик парламенти быйыл жактырды. Азырынча ыраңкөлдүктөр али чек арасы белгилене элек жайлоолорго малын жайып жүрүшөт. Бирок кытайлар тосмо тоскондон кийин алар малын кайда алып бараары белгисиз, бирок айыл тургундары башка салганды көрөбүз деп, арманын ичине катып отурушат.

Айдараалы Сапарбаев: Айла жок. Бизден макулдук деле сурабайт экен. Бул биз үчүн өтө оор, кайгылуу иш болду. Көтөрүлүш чыгара албадык. Мында алакандай элбиз. Бизди коргоп ала турган, бизге демөөрчү деле жок. Кыргызстан дагы кичинекей мамлекет. (Кур дегенде) мамлекетибиз бар экендигине дайым сыймыктанабыз.

Тил саясаты: ким уттурду, ким утту?

Өз эне тилин толук колдоно албаган адамда өксүктүк сезим күчтүү болот. Ал өз өлкөсүнө өнтөлөп кызмат кылган жаратман жаран боло албайт. Мындан азчылык гана эмес, мамлекет өзү да уттурат.

Тил маселеси Тажикстанда советтик доордон эле курч болуп келген. СССРде улуттук азчылыктардын укуктары корголот делген менен, ал кезде орус тилин билбегендер обочодо калчу.

Улуттар аралык маселелерди демократиялык жол менен жөнгө салуудан тажрыйбасы жок пост-советтик жумурияттардын дээрлик бардыгы кийин мына ушул борбор үстөмдүк кылган саясатты улантышты.

Орус тилинин ордуна эми мамлекетке аты берилген элдин тилинин диктатурасы орноду.

Борбор Азияда улуттук, диний азчылыктар күнүмдүк турмуштун агымынан четке сүрүлүп калган. Тилекке каршы, алдыдагы жылдары бул көрүнүш дагы күч алат.
Швецариялык изилдөөчү Тил Мостовланскийдин бул абал жакын арада оңолооруна көзү жетпейт:

Тажик мамлекети өтө борбордошкон. Бир гана (түпкүлүктүү) тажик маданияты үстүмдүк кылат. Район, аймактарга өтө чектелүү укуктар берилген. Дүйшөмбү өкмөтүндө аймактардын укуктарын кеңейтүүгө, кандайдыр бир федерация курууга кызыгуу жокко эсе. Борбор Азиянын башка аймактарында да акыркы 20 жылда улуттук, диний азчылыктар күнүмдүк турмуштун агымынан четке сүрүлүп калган. Тилекке каршы, алдыдагы жылдары бул көрүнүш дагы күч алат деп ойлойм.

Борбор Азиядагы мамлекеттик тилдердин бир өксүгү, ал эне тили болгондор үчүн да жетишсиз. Памир изилдөөчү Бокшо Лакшарбек «Тажик тилинин колдонулуш чөйрөсү чектелүү болгондуктан, тажиктердин өздөрү да орус, англис, кийинки кездери кытай тилине басым жасап жатышат» дейт.

Ал арада этникалык кыргыздарга жардам көрсөтүүчү "Манас-Ата" кору Мургабдагы кыргыздардын абалы боюнча парламентке билдирүү даярдап жатат. Кордун жетекчиси Акылбек Атабаев мындай дейт:

- Жогорку Кеңешке мен Сары-Кол кыргыздары боюнча атайын билдирүү даярдап жатам. Сары-Кол кыргыздары бир гана Мургаб районундагы эл эмес. 1892-95-жылдары чек ара менен бөлүнүп калган Кытай, Ооганстандагы кыргыздар туурасында да анализ даярдадым. Ооган кыргыздары боюнча парламенттен ооган өкмөтүнө кайрылуу болот деп ойлойм. Аларга Кытайдагы, Мургабдагы туугандарына визасыз каттоого уруксат берилсе деген тилек. Биз ар дайым сары-колдуктардын көйгөйлөрүн кыргыз элине жеткирип, маалымат каражаттары менен иштешебиз.

Заты болбосо да, аты демократиялуу Тажикстандын шартында ошентип, мургабчылар өз арбайын өздөрү согушууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG