Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:51

"Азаттыктан" коңшу мамлекеттердеги кыргыздарга арналган "Элимдин көрөңгөсү" түрмөгүнүн кезектеги санын сунуштайбыз. Бул ирет Тажикстандын Мургаб районуна жана жалпы эле этникалык кыргыздарга арналган Сары-Кол сайтынын негиздөөчүсү Абдижамил Примбердиев менен маектештик.

Кыргызстанда "Сары-Кол" деген сайтты көпчүлүк биле бербейт, себеби ал тажикстандык, негизинен мургабдык кыргыздарга арналган.

Анткен менен коңшу өлкөлөрдө отурукташкан кыргыздар үчүн анын мааниси баа жеткис. Анткени ошол эле Тажикстандын Жерге-Талындагы же Өзбекстандагы кыргыздардын мындай өздүк сайты жок.

Анүстүнө булар өз тилиндеги радио-телевидение же гезитке жарыган эмес.

"Сары-Кол" мына ушул аңырайган маалымат боштугун толтуруп жаткан маанилүү сайт. Андан Мургабга байланыштуу кыбыр эткен кабардын баарын табасыз, жалпы эле коңшу мамлекеттердеги кыргыздар, алардын тарыхы, маданияты, көйгөйү тууралуу орусча да, кыргызча да ар кыл маалыматты илгиртпей коюп турушат. Видео десеңиз видео, сүрөт десеңиз сүрөт бар, ал эле эмес кыргыз тилиндеги китептерди көчүрүп алып окусаңыз болот, радио менен телеканалдарга да ушул жерден чыга аласыз.

Сары-Кол" сайтынын негиздөөчүсү жана башкы редактору - Абдижамил Примбердиев аттуу журтташыбыз. Аны менен Орусиянын Ульяновск шаарынан байланыштык.

Жаңыл Жусупжан: Сары-Кол сайтын ачканыңызга быйыл беш жылдын жүзү болуптур. Маараке кут болсун! Алды менен, Мургабда элге маалымат канчалык жетиштүү, ушуга токтолсоңуз. Мурда айына бир жолу чыккан "Сары-Кол" деген гезит бар эле. Советтик мезгилге караганда азыр абал кандай? Ал кезде кыргыз тилинде маалыматтын кандай булактары бар эле? Кыргызстандан радио-телеканалдар тартчу беле?

Абдижамил Примбердиев: Советтик мезгилге караганда биз үчүн азыр маалымат аз болуп жатат. Союз убагында мектебибизде кыргызча окутуп, Мургаб районунда кыргыз тилинде гезит чыгып турчу. Кыргызстандан радио-телеканал тартчу. Бир өлкө болгондуктан маалыматтар да көбүрөөк эле. Союз тарагандан кийин өзүбүздөгү маалыматтарды башка жакка чыгаруу кыйын болуп калды. Өзүңүз билгендей бир гана гезитибиз бар. Ал гезитибизди биздин жердешибиз өз демилгеси менен чыгарат. Андан тышкары "Сары-Кол" (http://www.sary-kol.ru/) сайты аркылуу өз жерибизди сыртка таанытып жүрөбүз.

Жаңыл Жусупжан: Ушул кемтикти силер толтуруп жатасыңар. Маалыматты кандай чогултасыңар, өз кабарчыңар барбы дегендей?

Абдижамил Примбердиев: Өз кабарчыбыз жок. Биздин сайтка маалыматтарды жердештер берет. Бүткүл Сары-Кол элине, Памирге күйгөн адамдар материал жөнөтүшөт.

Улук лейтенант Примбердиев Мургабдагы орус чек арачыларынын окуу борборунда сабак берип жаткан учуру, 1996-жыл.

Улук лейтенант Примбердиев Мургабдагы орус чек арачыларынын окуу борборунда сабак берип жаткан учуру, 1996-жыл.

Жаңыл Жусупжан: Окурмандарыңар негизинен Орусияда, чет өлкөлөрдө, анан Кыргызстанда экен. Чет жактарга кеткен мекендештер туулган жерин сагынганда күчүн Фейсбук же Одноклассники өңдүү социалдык тармактардан чыгарат эмеспи, силер бөлөк жолду тандап алыпсыңар, сайтыңар элге пайдалуу, өзүңөр да андан сагынычты жазып дегендей...

Абдижамил Примбердиев: Туура. Алыста жүргөндө туулган жерин, мекенин сагынган жердештер социалдык түйүндөргө кирип турушат да. Биз да сайтты сагынычтар жазылсын деп ачканбыз. Андан тышкары Сары-Кол деген жер барын, анда эл жашап жатканын дүйнө жүзүнө таанытып турушубуз керек.

Жаңыл Жусупжан: Силер сайтыңарга жакында, "Мургаб: Потрескавшиеся лица без книжных учащихся школ" деген аталышта макаланы алып бастыңар. Аны Харамгул Кодир деген Дүйшөмбүдөн келген кабарчы тажиктердин "Фараж" деген сайтына жазыптыр. Мургабды унутулган аймак деп кабыргасы кайышыптыр, бир мектепти мисалга келтирип, "чатырындагы тешиктерден асман көрүнөт, 35 градуска жеткен суукта меши жагылбайт" деп сүрөттөптүр, «Самарканд менен Бухараны жоготкон Тажикстан эми Мургабдын мектептерин Кытайга же Кыргызстанга белекке тартуулайбы?» деген суроону коюптур. Мургаб тууралуу мындай кабарлар Тажикстандын маалымат каражаттарында канчалык көп кездешет? Же Кыргызстандагыдай эле, Тажикстан үчүн Мургаб, Жерге-Тал бар же жогу белгисиз, актай баракпы?

Абдижамил Примбердиев: Тажикстандын маалымат каражаттарында мындай материалдар кезикпейт. Менин көз карашымда бул Мургаб районундагы абалды ачык чагылдырган макалалардын биринчиси. Мургабдагы маалыматтарды, көйгөйлөрдү Тажикстандын өкмөтү, журналисттерине караганда өзүбүздүн Кыргызстандын журналисттери көп жазышат. Өзүңүз билгендей жакында Оштон Мургабдын мектептерине жардам берилди.

Примбердиев аскерлердин антын кабыл алуу аземинде. Мургаб отрядынын окуу борборунан көрүнүш. 1980-жылдар.

Примбердиев аскерлердин антын кабыл алуу аземинде. Мургаб отрядынын окуу борборунан көрүнүш. 1980-жылдар.

Жаңыл Жусупжан: Силердин сайтка күнүгө 350дөн 650гө чейин, айына 10 миңдин ары-берисиндеги киши баш багат экен. Акыркы эки жылда каттагандардын саны көбөйүптүр. Жалгыз болсоңор да, Мургаб, башка жактардагы кыргыздар тууралуу ар кыл кабарларды илгиртпей чыгарып келесиңер. "Азаттыктын" тажик кызматынын, башка эл аралык агенттиктердин Тажикстанда кабарчылары бар. Бирок Кыргызстандын Тажикстанда бир да кабарчысы жок, анда-санда да барып кабар алышпайт. Ушул көз караштан алганда Кыргызстандын Тажикстанга карата ушундай мамилеси кайдыгерликпи же ойлонбостукпу?

Абдижамил Примбердиев: Тажикстанда да "Азаттык" бар, бирок анда Мургаб району жакшы чагылдырылбайт.

Жаңыл Жусупжан: "Азаттыктын" тажик тилиндеги кызматын айтып жатасызбы?

Абдижамил Примбердиев: Ооба, Мургаб тууралуу макалалар аз. Мен сайттарга кирип карап турам, Тажикстандын сайттарына карганда, Кыргызстандын сайттары Мургабды жакшы чагылдырат. Беш-алты жылдан бери кыргыз маалымат булактарында Сары-Кол боюнча маалыматтар көп чыгууда, "Азаттык" радиосу да көп кайрылат, ошонун эсебинен көптөр биздин жер тууралуу көбүрөөк биле баштады.

Жаңыл Жусупжан: Фейсбукта силердин сайтты окуган туруктуу окурмандарыңар пайда болду. Ал эми "Сары-Кол" сайтына кат, пикир жазгандар барбы? Алар менен байланыш кандай?

Абдижамил Примбердиев: Биздин сайтка кат, комментарийлерди жазышат, каттар Түркиядан ж.б. чет жерлерден да келет. Айрыкча, туристтер ар кандай суроолор менен көп кайрылышат.

Жаңыл Жусупжан: Өзүңүз Мургабдын кулуну экенисиз. Кыргызстанда болдуңуз беле?

Абдижамил Примбердиев: Ооба, эс алуубузду Ош шаарында өткөрөт элек. Азыр туугандарым Ошто, Мургабда жашайт.

Жаңыл Жусупжан: Мургабдан көптөгөн кыргыздардын көчүп кетип жатканына сиздин көз карашыңыз кандай? Мунун жакшы жактары барбы?

Абдижамил Примбердиев: Жакшы жактары бар. Себеби, түпкү мекенибиз Кыргызстан да, ага айланып барабыз деп ойлойм. Бирок туулган жерибиз Сары-Кол болгондон кийин, түпкү аталарыбыз көмүлгөн жерди башкаларга бербей ал жакта да калышыбыз керек.

Жаңыл Жусупжан: Мургабда алтын, рубин өңдүү көптөгөн кен байлыктары бар экен. Келечекте эл ошонун убайын көрөбү? Малдын деле эсебинен Рахманкул хан миллионер болгонун билебиз. Ошол сыяктуу мургапчылар жакшы турмушта жашап кетиши мүмкүнбү? Мисалы, Швейцариянын элиндей?

Абдижамил Примбердиев: Ачык айтканда, андай болушуна көзүм жетпейт. Себеби, союз убагында алтын казып алып турушкан, бирок анын жергиликтүү элге пайдасы тийгенин байкабадым.

Жаңыл Жусупжан: Алыскы Уляновскиде жашайт экенсиз, өзүңүз жөнүндө бир аз айта кетсеңиз? Орусиянын Куйбышев шаарындагы педогогикалык институтту бүткөн экенсиз?

Абдижамил Примбердиев: Студенттик күндөрүм Орусиянын Куйбышев, азыркы Самара шаарында өткөн. Окууну бүткөндөн кийин Сары-Колго кайтып барып, аскер кызматкери болуп чек ара кызматында иштедим. Пенсияга чыккандан кийин Уляновски шаарына келип жашап калдым. Кызым, балам жогорку окуу жайды бул жактан бүтүштү, азыр экөө тең өз алдынча иштеп жатат.

Жаңыл Жусупжан: Мургабда мектепте, комсомолдук иште иштеп, кийин Орусиянын чек ара кызматында офицер болуп жүрүп, 2003-жылы орус аскерлери Тажикстандан чыгарылгандан кийин отставкага кетипсиз. Байбичеңиз да мугалим, чек ара офицери экен. Жаштыгыңарды эскерсеңер, ошол советтик аскерлер турган кезде Мургаб кандай шаар эле, азыр кандай болду? Өзгөрүүлөр жакшы жагына оодубу же өкүнүчтүү жактары да барбы?

Примбердиев Самара шаарындагы (мурдагы Куйбышев) студенттик кезинде, 1993-жыл

Примбердиев Самара шаарындагы (мурдагы Куйбышев) студенттик кезинде, 1993-жыл

Абдижамил Примбердиев: Орус аскерлери чек арада турганда Мургабда абал абдан жакшы эле. Эгер салыштырсак, ошол убактагы Мургабдын турмушу менен азыркынын айырмасы асман менен жердей. Мурун чек арачылар барда ошондогу мургапчы балдар отряддын ичинде квартираларда жашайт эле. Электр жарыгы күнү-түнү жанып, жылуулук бар болчу. Айыл-кыштактардын тургундарынын көбү ошол жакта иштеп, айлык алышчу. Мургабга мындан эки жыл мурун барып келдим. Азыр Тажикстандын чек арачылары турат, турмуш-тиричиликтери аябай оор. Имараттары кыйраган, бузулган. Жылуулук жок, меш жагып отурушат. Жердештерим да абдан кыйналып жашап атышат. Турмушу оор чынында.

Жаңыл Жусупжан: Силер эми барандуу сайтты иштетип жатыпсыңар, андан кыргыздар, Кыргызстандын бийликтери силерден кабар алып турганга мүмкүнчүлүктөр бар. Сөз соңунда айта кетсеңиз, сайт боюнча алдыга койгон атайын пландарыңар барбы?

Абдижамил Примбердиев: Алдыда пландарыбыз көп. Сайтты өзүмдүн балам менен иштетип жатам, ага көп күч-кубат, убакыт, каражат керек дегендей. Биз дүйнө коомчулугу Сары-Кол жерин таанытып, ушундай эл бар экен деп каралашып, жардам беришсе деп ойлойбуз. Заманга жараша сайтты жаңыртуу, кирген конокторду көбөйтүү үчүн ар кандай тилдерге макалаларды которуу, андан сырткары Мургабда чыгып жаткан "Сары-Кол" гезитин интернетке койсок, аны ушул сайт аркылуу бардык мекендештирибиз окуп турса деген пландарыбыз бар. Ошондой эле Мургабдагы архивдик материалдарды чагылдырышка аракет кылабыз.

Жаңыл Жусупжан: Биз менен байланышта "Сары-Кол Восточный Памир" интернет сайтынын редактору Абдижамил Примбердиев болду. Ишиңиздерге ийгилик, окурмандарыңыз көбөйө берсин! Маалымат чырагы өчпөсүн! Алыскы Мургабга бул өтө керек! Арыбаңыз!

Абдижамил Примбердиев: Чоң рахмат. Бизге кайрылып, интервью алып, Сары-Кол элин унутпай турганыңыздар үчүн чоң ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG